Бишкек-Ош трассасында акыркы учурларда автоунаа кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу патрулдук милициялардын саны көбөйтүлдү. Аталган маалыматты Жалал-Абад ОИИБинен маалымдашты. Статистикалык маалыматтарга караганда, аталган трассадагы көпчүлүк автоунаа кырсыктары Жалал-Абад облусунда катталат. Мындан улам Ички иштер министрлиги тарабынан 10 патрулдук милиция кызматкери жана 5 кызматтык унаа бөлүнүп берилди. Расмий маалыматтарга таянсак, Жалал-Абад облусунда 2017-жылдын январь-февраль айларында жол кырсыгынан каза тапкандар 92 пайызга өскөн (2016-жылдын алгачкы 2 айына салыштырмалуу).
Бектур Токтоноев
politika@super.kg