КӨК БӨРҮНҮН КҮЙӨРМАНДАРЫ САХНАНЫ БАСЫП АЛЫШТЫ

21-март күнү Бишкектеги «Аккула» ат майданында Ноорузга карата көк бөрү оюнунун финалы болуп өттү. Жыйынтыгында «Ынтымак» (Талас) командасы «Достук» (Ош) командасын 8:7 эсебинде утту. Оюнду көрүүгө 20 миңден ашуун адам келгендиги айтылууда. Ал эми уюштуруучулар 4500 эле билет сатылган дешет. Ат майдандагы отургучтарда көрүүчүлөрдүн 30 пайызы гана орун алган. Калгандары дубалдарга, дарактарга жана сахнанын үстүнө чейин чыгып кетишти. Мындай көрүнүш социалдык тармактарда талкуу жаратып, кээ бирлер «көк бөрүнүн күчү, кызыккандар көп» десе, көпчүлүгү «мындай оюндарды уюштурганга жараша тиешелүү коопсуздук чаралары да көрүлүшү керек» деп сындашууда. «Сахнанын үстүнө чейин чыгып кеткен жүздөн ашык адамдан улам конструкция сынып кетиши мүмкүн эле, анда өлкөдө дагы бир аза күтүү күнү болмок» деп кыжырдангандар чыкты. Окуя тартылган видеодо милиция кызматкерлери тартип бузуп жаткандарга жетиштүү чара көрбөгөнү байкалат. «Көк бөрү» федерациясынын жетекчилиги ИИМден тартипти сактоого жардам суралганын, бирок милиция кызматкерлери милдеттерин толук аткарбаганын белгиледи. Сахна үстүнө чыккандардын бардыгы административдик айыпка тартыларын Бишкек ШИИББинен маалымдашты. Бирок аларды милиция кызматы эми кантип таап, жазалай турганы белгисиз.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан