МУГАЛИМДЕРДИН ҮНҮН КИМ УГАТ?

20-мартта Нарындын Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылындагы мектептин мугалимдери митингге чыгышты. Буга алардын маянасынын кескин кыскарып кеткени себеп болгон. Мугалимдердин айтымында, аталган айылдарга бийик тоолуу аймак статусу 10 метр жетпегендиги үчүн берилбей калган. Буга чейин 14 100 сом алып келген Темирбек Бейшеналиев айлыгынын тең жарымы кыскарганын белгиледи. Мектеп директору Асыл Сулайманованын айтымында, азырынча бир сааттык эскертүүчү митингге чыгышты. «Эгер маселе чечилбесе, иш таштаганга мажбур болушат» дейт мектеп директору. Райондук билим берүү башкармалыгы бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке кат жолдогон.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан