САДЫР ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТ САЛЫШАТ

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын билдирди. Маалыматтарга караганда, учурда ал Казакстанда кыргызстандык мигранттар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Буга чейин ушундай эле аракеттерди Орусиядагы кыргыздар арасында да жүргүзгөн эле. Ал эми Кыргыз мамлекетине 25-март күнү келери интернет баракчасына кабарланган. Бир нече күн мурун Жапаровду суракка алуу боюнча УКМКдан чакыруу барганы айтылган. Аталган мекеме кайсы кылмыштын же окуянын айланасында суракка аларын ачыкка чыгара элек. Жапаровдун интернет аркылуу жасаган кайрылуусунда Кыргыз өлкөсүнө келери менен УКМКга сурак берүүгө барарын жана күч органдары тарабынан камакка алынышы мүмкүндүгү да айтылган. Саясатчыны чек арадан тосуп алуу үчүн көп адам алып барууну Бишкектеги колдоочулары уюштурушууда. Демек, Садыр Жапаровдо «чек арадан өтөрүм менен кармашат» деген коркунуч күчтүү.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы «бийликти басып алууга аракет жасаган» деген айып менен бир жарым жылга соттолгон. 2014-жылы болсо өлкөдөн инисинин операциясына байланыштуу чыгып кеткен. Мыйзамга ылайык, соттолгон жарандар соттуулугу жоюлбаса президенттик шайлоого талапкер боло албайт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан