Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өткөн аптанын дем алыш күнүндө Бишкектин №6 төрөтканасында көз жарды. Аталган кабарды президенттик аппараттан тастыкташты. Маалыматта өлкө башчынын кызы уулдуу болгону айтылат.
Эске салсак, Алия Шагиева программист Константин Рязанов аттуу жигитке турмушка чыкканын былтыр жарыялаган болчу. Буга чейин Шагиева сүрөтчүлүк менен алектенип, сүрөттөрүн сатуудан түшкөн каражатты кайрымдуулук иштерине жумшап келген.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg