ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫНАН САПАР ИСАКОВ КУТТУКТАДЫ

21-март күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Аталган майрамдык иш-чарада өлкө элин Алмазбек Атамбаевдин атынан президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков куттуктады. Ага кошулуп премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана баш калаанын мэри Албек Ибраимов да элди куттуктады. Исаков ушунусу менен кыска убакыттын ичинде экинчи ирет өлкө башчынын атынан сөз сүйлөдү. Буга чейин ал 17-мартта Аксы окуясын эскерүү иш-чарасына катышып, ажонун атынан сөз сүйлөгөн болчу. Президенттик аппаратта бир нече жыл тышкы саясат бөлүмүн жетектеп, ушул жылдын башында аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалып, көп өтпөй анын жетекчиси болгон Исаков учурда коомчулуктун көңүл чордонунда. Бул мамлекеттик кызматкерге Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги расмий иш сапарында Исаковго жасаган өзгөчө мамилеси коомчулуктун ага болгон кызыгуусун мурдагыдан да өөрчүттү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан