Жогорку Кеңештин депутаты, "Айтыш фильм" киностудиясынын түптөөчүсү Садык Шер-Нияз "Манас" эпосунун негизинде көркөм фильм тартууга камынууда. Ал үчүн 2 миллион долларга жакын акча керек. Бул боюнча депутат: "Азыр бул идея түрүндө гана. "Манасты кино кылып тартсак кандай болот?" деген оюмду айтып, элдин реакциясын байкап жатам. Көпчүлүк жакшы кабыл алышты. Аны тартуу үчүн биринчиден, көп убакыт, экинчиден, чоң каражат керек. Мамлекетте болсо акча жок. Чет жерлик адамдардан "жакшы иш баштоо алдында турасыңар, жардам берели" деп эмгегин сунуштагандар чыгып жатат. Кино тартылып, чети көрүнө баштаганда мамлекет жардам берсе керек деген ойдо турам",- дейт.