Чыгармачылыктан "60`К" тобу алыстай түшүп, кайра бир туугандардын улуусу Талант сахнага кайтып келип, жаңы ырларды жаздырып жаткан эле. Эми иниси Саматты да жанына тартып, дуэт гана эмес, квартет болуп чыкканы жатышат. Башкача айтканда, "No name" командасынын жигиттери Мурат, Кадыр менен биргеликте ырларды жаздырып, клиптерди тарттырышты. Таланттуу жигиттердин тандеминен жаралган чыгармаларга көрөрмандар жакында күбө боло алышат.