Бетке айткан мүнөзү менен ырчылардын ичинен айырмаланып турган Амир Аскаров жакында бойдокчулук менен коштошкону жатат. Ал Инстаграмдагы баракчасына бир сулуу менен кыналыша түшкөн бир нече сүрөтүн жүктөп, "сүйүүм, кемпирим" деп да жазууда. Ырчы болочок кемпирине ата-энелердин таанышуусуна арналган жолугушууда сөйкө салыптыр. Буюрса, той жакындап калган өңдүү.