«Чынара» деп чакырсам чыкпай үйүңдөн» деп сыздаган Тынчтыкбек Айылчиевге казак продюсери чогуу иштешүүнү сунуштады. Ырчынын айтымында, ал Тынчтыкбектин чыгармачылыгы менен интернет аркылуу таанышып, кызыгып калган. "Казак шоу чөйрөсүн жакындан билген, менчик телеканалдары бар Нурбек Жумабек аттуу казак ишкери чогуу иштешүүнү сунуштады. "Буюрса, Казакстанда да таанымал ырчы болосуң" деп жатат. Сема менен Кундуз ырдаган "90-60-90" деген ырды казакча которуп, интернет порталдарга жүктөдүк. Угуулар боюнча алдыда бара жатыптыр. Ар бир 15 күн сайын жаңы ыр жаздыралы деп билек түрө иштеп жаткан чагыбыз. Атыбыз Казакстанда чыга баштаса, анан кагаз жүзүндө келишим түзөлү деген оюбуз бар. Атымды казакча айтуу кыйын болуп калат экен. Ошондуктан ал жакта Тыныштык Бегым деген ат менен чыгып жатам",- дейт ырчы.