ПИКНИККЕ ДАЯРДАНАБЫЗ

МЕНЮ

  • Шам-шум этмелер: лаваштан жасалган рулеттер, бутерброддор
  • Жашылчалардан жасалган салаттар
  • Мөмө-жемиштер
  • Негизги тамак катары шишкебек, барбекю, стейк бышырууга болот. Ал үчүн мангал, идиш-аяк, ширеңке, бычак, отун, көмүр жана башкаларды алууну унутпаңыз.
  • Суусундуктардан суу, компот, ширелер, айран, жарма

ТООК ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК


Керектелүүчү азыктар:

Тооктун сан эти
– 6 даана
Пияз – 3 баш
Лимон – 1 даана
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Газдалган суу, татымына жараша калемпир, мурч, туз, кориандр

Даярдоо ыкмасы:

1. Чуңкур идишке өсүмдүк майын, газдалган минералдык сууну, калемпир, мурч жана лимон ширесин аралаштырып алабыз.
3. Эми ага таза жуулган тооктун сан этин салып, үстүнө пияз туурап аралаштырабыз. Тооктун сан этин 2-3 саат маринаддоо жетиштүү.
4. Маринаддалган этти шишке тизип, чокто бышыра беребиз.

ЛАВАШ РУЛЕТИ


Керектелүүчү азыктар:

Лаваш
– 1 даана
Колбаса – 200 грамм
Сыр – 200 грамм
Майонез – 3 аш кашык
Укроп, көк пияз, салат жалбырагы – 1 боо

Даярдоо ыкмасы:

1. Укроп менен көк пиязды майда туурап, майонезге кошуп аралаштырабыз.
2. Даяр болгон массаны лаваштын бетине тегиз сүй­көй­бүз.
3. Колбаса менен сырды ичке туурап, лаваштын бетине себелеп, ороп, өзүңүз каалаган калыңдыкта кесип дасторконго койсоңуз болот. Лаваштан жасалган рулетти табитиңизге жараша туурамжысына ар кандай азыктарды кошуп жасасаңыз болот.

СЫР АССОРТИСИ


Керектелүүчү азыктар:

Катуу сырдын түрлөрү
Жүзүм же зайтун мөмөсү
Жыгач таякча

Даярдоо ыкмасы:

1. Сырды жүзүмдүн же зайтун мөмөсүнүн диаметриндей, төрт бурчтук формада туурап алабыз.
2. Эми жыгач таякчага кезеги менен сыр, жүзүм кылып сайып чыгабыз. Канапебиз даяр! Бул канапе шарапка мыкты закуске болуп бере алат.

БУТЕРБРОД


Керектелүүчү азыктар:

Бөлкө нан
Колбаса, сыр, болгар калемпири, салат жалбырагы

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөлкө нанды кесип, кесимдерди табаны бир аз майлап, 10 мүнөткө кызып турган духовкага салабыз.
2. Эми колбаса менен сырды ичке кесип алабыз.
3. Нандын үстүнө колбаса, сыр, жашылчаларды кезектештирип тизебиз.

Керектүү буюмдар

  • Жерге салганга таар
  • Аптечка
  • Жылуу кийим
  • Чатыр
  • Нымдуу салфеткалар
  • Желим идиштер
  • Таштанды салуучу баштыктар

Ойноо үчүн:

  • Топ
  • Теннис
  • Карта
  • Нарда
  • Домино жана башкалар


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
saribaeva
2017-03-27 09:07:52
Сонунго
+1
Aizena
2017-03-27 10:17:00
Пикникке жонодук анда!
+2
aishe020692
2017-03-27 11:14:09
Мен да баргым келди
+3
ekaterinburg
2017-03-27 11:25:41
Шишкебектин сезонун ачтынарбы ошондо?Мс Doncha айтмакчы:майонез,дюшести да унутпагыла!Акыркы рецепт жакшы экен)))Керектуу буюмдар)))
-1
Girl1996
2017-03-31 18:59:19
мен даярмын ким чакырат мени?
-1
DNurgiza
2017-03-31 19:56:27
азыр эрте гооооо
+1
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан