Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Ала-Бука аймагына өткөн кезде сол тараптан Үңкүр-Тоо (Уңгар-Тоо) көрүнөт. Анын күн батыш тарабында болсо айтылуу аскер башчы Шах-Фазилдин күмбөзү жайгашкан Сафед-Булан айылы орун алган. Бул аймакта уникалдуу эстеликтер бар болгондуктан 1999-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк тарыхый эстеликтерди каттоого алуу тизмесине киргизилген.
ПАЙГАМБАРДЫН УРПАГЫНЫН ЖОРТУУЛУ
Тарыхый маалыматтарга караганда, «Сафед-Булан» тарыхый комплексиндеги эстеликтер орто кылымга барып такалат. VII кылымдын аягында Мухаммед пайгамбардын урпагы болгон Шах-Жарир ислам динин жайылтуу максатында 10 миң аскери менен Фергана өрөөнүнө жортуулга чыгат. Азыркы Аксы, Ала-Бука аймагындагы Үңкүр-Тоого чейин басып келишип, жергиликтүү эл менен убактылуу отурукташып калат. Ошол учурда жергиликтүү эл ислам дининде жума намазы ыйык экенин билип, намаз окулуп жаткан учурда аскерлерге кол салууну чечет. Шах-Жарирдин аскерлеринин баштары жума намазын окуп жатканда алына баштайт. Чоң жоготуудан соң Шах-Жарир калган аскерлери менен артка качат. Анын уулу Шах-Фазиль атасынын өчүн алуу үчүн 40 жылдан соң кайрадан Фергана өрөөнүнө жүрүш жасап, ислам динин аталган аймакка тараткан. Өзү да ушул жерде көз жумган. Теги африкалык болгон Булан аттуу күң кыз кожоюнун издеп жума намазда каза болгон 2772 араб аскеринин кесилген башын жууп чыккан деп эл оозунда айтылат. Сыйкыр менен кара терилүү Булан агарып, Сафед-Булан аттуу сулуу аялга айланган экен. Учурда араб аскерлери көмүлгөн жер Шейиттер кабыры, ал эми Шах-Жарирдин уулу көмүлгөн жер Шах-Фазиль күмбөзү деп аталат.
УНИКАЛДУУ КУРУЛУШ
«Сафед-Булан» комплексинин негизги тарыхый эстеликтери Караханийлер мамлекети ислам динин кабыл алгандан кийин пайда болгон. Башкача айтканда, X-XII кылымдарда Шах-Фазиль күмбөзү курулуп, ыйык жайлардын бирине айланган. Бара-бара бул аймак эл оозуна алынып отуруп, маанилүү маселелер кабыл алынчу, курултай өткөрүүчү жер болгон. Мунун мисалы, 1842-жылы Сафед-Булан мазарында Кокон ханы Шералы Нүзүп бийдин жардамы менен хан көтөрүлгөн. Ушул эле жерде 1873-жылы Аксы, Чаткал жана Ала-Бука эли Исхак Хасан уулун Полот хан деп атап, хан көтөрүшкөн. Мындан улам Сафед-Булан аймагы тарыхый окуялардын чордонуна айланган. Аталган комплекстин ичиндеги байыркы араб тилиндеги жазууларды үч кылымдан бери окумуштуулар толук окуп бүтө элек. Учурунда Шах-Фазиль мавзолейи жана андагы таш жазуулар улуу окумуштуу-академиктер В.В.Бартольд, А.Н.Бернштам, Б.Н.Засыпкин жана башка көптөгөн археологдор тарабынан иликтенип, анын уникалдуу тарыхый эстелик экендиги далилденген.
«ЖЫЛЫНА 3-4 МИҢДЕЙ АДАМ ЗЫЯРАТКА КЕЛЕТ»
«Сафед-Булан» тарыхый-мемориалдык комплекси курулгандан бери аз-аздан түзөтүүгө дуушар болуп келген. Советтер Союзу учурунда 1980-жылдары толук реставрациядан өткөрүлүп, бирок бул жерге көпчүлүк киргизилген эмес. Буга ошол учурдагы динге болгон көз караш себеп болгон. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүктү алган соң «Сафед-Буландын» эшиктери жергиликтүү калк үчүн ачылып, бара-бара чет өлкөлүк туристтерди да кабыл ала баштаган. «Шах-Фазиль» мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин директорунун орун басары Тажикан Ташболотованын айтымында, Сафед-Буландын күмбөзү да кайрадан оңдоого муктаж болуп турат.
– Жааган жамгырдан улам имараттын үстү урап, бир нече кылым сакталган имарат жылдан жылга начарлоодо. «Шах-Фазиль» тарыхый комплексинин баалуулуктарын учурунда сактап калбасак, кымбат маалыматтарды жоготобуз. Андан сырткары өкмөтүбүз музей ачып, корукту бекемдеп, ички-сырткы туристтер үчүн шарт түзбөсө, тарыхый мурастан айрылып калабыз.
2015-жылы өкмөт тарабынан 7 миллион 800 миң сом бөлүнүп, Шах-Фазиль күмбөзүнүн сырткы бөлүгү реставрацияланып бүткөн, быйыл болсо анын ички бөлүгү оңдолууда. Тарыхый аймакты зыярат кылуу максатында жылына 3-4 миңдей адам келет. Ал эми АКШ, Венгрия, Польша, Өзбекстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн да туристтер келип, уникалдуу аймак менен таанышып кетишет. Учурда «Шах-Фазиль» тарыхый комплексине кирүү акысыз. 3 адам аталган мекеменин жумушчусу катары айлык алып, конокторду тосуп алышат,- дейт Тажикан Ташболотова.
Бектур Токтоноев
koom@super.kg