Гүлжигит Калыков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЕВРАЗИЯ ЖЫЛДЫЗЫ» СЫНАГЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТЕРИМЕ ИШЕНГЕМ»

Гүлжигит Калыков өлкөбүздөгү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган эң жаш ырчы. Бул наамга жетүүнүн артында чыныгы талант, ат көтөргүс эмгек, чыгармачылык изденүү жатары бышык. Айрымдар аны сынга алганы менен, каарманыбыз Түркияда өткөн «Евразия жылдызында» өлкөбүздүн желегин татыктуу желбиретип келгени эсибизде.

«ТАЛАНТ МАГА АПАМДАН ӨТКӨН»

- Бала кезимде апамдар «Ош базарында» максым сатышар эле. Окуумдан бошогондо аларга жардам берип, андан сырткары спортко, музыкага да жетишип чоңойдум. Светлана деген музыка сабагынан берген мугалимибиз музыка дүйнөсүнө кызыктырып, бул тармакка алып келди. 6-7-класстан баштап райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерге жетиштим. Ошондой сынактардын биринде Ырыскелди Осмонкулов менин толкунданып жатканымды байкап «толкунданба! Үйдө, ашканада, душта кандай ырдасаң, өзүңдү ошондой эркин сез» деп айтканы эсимде калыптыр.
Сынактардан утканда «ушундай баланы жарык дүйнөгө алып келген ата-энесине рахмат» дешкенде аябай бактылуу болчумун. Бир күнү сынактан келип үйдөгүлөр менен тамак үстүндө отурганда «биздин туугандардан ким ырдайт?» десем, апам «мен студент курагымда Фрунзеге келип сынактарга катышып кетчүмүн» деп калды. Апамдын жообу мен үчүн да, атам үчүн да жаңылык болгон. Себеби экөөбүз тең апамдын ырдаганын ошондо биринчи жолу билгенбиз.
2004-жылы президенттик стипендияны биринчи айым Майрам Акаеванын колунан алганым мага чоң түрткү болду. Ошондон баштап музыка дүйнөсүнө байландым.

«КАНАТ КУЛТАЕВ МЕНЕН ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАДАМ...»

- 2005-жылы 9-классты аяктагандан кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Окуум менен катар Бишкек шаарындагы көптөгөн кафелерде ырдап тажрыйба топтой баштадым. Ал жакта иштеп жүргөндө «кафеге тамак жегени эмес, сенин ырдаганыңды укканы келдик» деген кардарлар көп эле. «Сахнага чыгууга жардам беребиз» дегендер көп болду, бирок буйрук эмес экен, жакшы жыйынтыктарга жете алган жокпуз. Кафеде ырдоо мен үчүн жакшы мектеп болду. Себеби ал жакта өзүң менен өзүң иштеп изденесиң, өзүңдүн стилиңди табасың, эл менен иштегенди үйрөнөсүң. Спортчулар күн сайын машыккандай эле, ал жактан күндө 5-6 саат ырдап үндү тарбиялайсың.
2010-жылы студияда иштеген Азат жана Изат деген музыкант байкелер аркылуу Канат Култаев менен таанышып, 3 жылга келишим түздүк. Эң алгач «Күттүм сени» деген чыгарманы жаздырдык. Бул ыр Гүлзат Байзакованын уулу Камбар Календаровдуку. Ал мен окуган музыкалык окуу жайда окугандыктан ырын угуп, аябай жактырчумун. Бирок Камбар эмнегедир ал ырын радиолорго берип, клип тарттырган жок. Камбарга барып «сенин ушул ырың мага абдан жагат. Ырым кылып чыгармачылыгымды ушул ырдан баштайын деп жатам» десем макул болду. Анан аранжировкасын жандуу музыкалык аспаптардын коштоосунда сапаттуу кылып жасаттык.
Ошентип арты-артынан ыр жаздыруу башталып, акырындан күйөрмандарым пайда болду. Кол тамга сурагандар, гастролго барганда күйөрман кыздар унаанын аркасынан чуркаган күндөр өттү. Кээде ашынган күйөрман кыздар «сенсиз мага жашоо жок, минтип салам, тигинтип салам» деп коркутушчу. Мунун баары үйлөнгөндөн кийин же интернет тармагы өнүккөндөн кийин азайды окшойт.

«ТҮРК КЫЗДАРДЫН БУТТАРЫ ТИТИРЕП...»

- 2009-жылы Орусиядагы «Весна УПИ» аттуу эл аралык музыкалык сынакка катышып, 1-орунду утуп алган элем. Кийинки жылы «Ысык-Көлдө Кадыр түн» сынагында да 1-орунду алдым. 2011-жылы «Евразия жылдызы» сынагына тандоо туру башталды. Ага чейин сынактарга катышып такшалып калгандыктан жүрөктө ишеним болду. Канат байкеге «катышалыбы?» десем, ал «сен өзүңө ишенесиңби? Жеңем деп ойлойсуңбу?» деп сурады. «Ишенем» дедим. Ошентип ал сынакка катышып, жеңишке жеттик. Жеңишке жетүү оңойго турган жок. Бир топ адамдар жардам беришти. Сынак кайсы өлкөдө болсо, бир жуманын ичинде ошол өлкөнүн тилин жаттап ырдап жаттык. Ошол сынак көбүрөөк өзүнүн жемишин берди окшойт. Түркияда күйөрмандык күч алыптыр. Бизде, мисалы, «сүйөм» деп кыйкырып кала беришсе, ал жакта ыйлап, кийимдериңди тытып алганга чейин барышат экен. «Евразия жылдызы» сынагына мени менен катышкан Кипрден келген Сойхан деген ырчынын 16 жаштагы кызы мага ашык болуп, атасына улам телефон чалып «Гүлжигитке берип коюңузчу» деп жатты. Ал «кызымды таарынтпа» деп улам трубканы мага берип коёт (күлүп). Анын көңүлүн калтырбайын деп сүйлөшүп коюп жаттым. Анан Жабидан деген азербайжандык баланын атасы баласына караганда мага көбүрөөк жан тартты. Баласынын көзүнчө «Гүлжигит 1-орунду алат» деп айтса, баласы «менин атам болуп туруп эмнеге сага жан тартат?» деп жини келет. Уткан күнү түрк кыздар менден кол тамга алып жатышты да. Карасам буттары титирейт. «Коркуп жатасыңарбы?» деп сурасам, «жок, толкунданып жатабыз» дешкен.

«ЖАЛГЫЗ ИШТӨӨ ООР ЭКЕН»

- 2013-жылы келишим бүткөн соң Канат байкеге «эгер сиз макул десеңиз, өз алдымча иштеп көрөйүн. Эгер иштей албасам кайда бармак элем, кайра эле сизге келем да» дедим. Экөөбүз башкалардай болуп урушуп-талашпастан сый боюнча тарадык. Канат байке, балким, таарынышы мүмкүн, бирок мага билдирген жок. Кийин бир жерден жолугуп калсак ал «бул ырыңдын бул жери мындай болуп калыптыр, мындай кылсаң болмок» деп кеңешин айтты. Чынында өз алдынча иштөө оор экен. Мурда чоң команда менен бир ишти аткарсак, кийин өзүм жалгыз ал иштерди аткардым. Анан «Канат байке, кайра мурдагыдай эле иштешип, ошол сиз айткандай кылбайлыбы» дедим. Ошентип кайра 3 жылга келишим түзүп, иштеше баштаганыбызга 5 ай болуп калды. Буюрса, алдыда жакшы максаттарыбыз бар, жаңы ыр, клиптердин үстүнөн иштөөдөбүз.

«НААМ АЛУУ ЖООПКЕРЧИЛИГИМДИ КҮЧӨТТҮ»

- Сахнага чыкканыма 7 жыл болгондо Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алдым. Мага айтылган сындарга жооп айтуудан деле алысмын. Бул наамды мен сурап же сатып алган жокмун. Мен үчүн деле күтүүсүз жагымдуу жаңылык болду. Мирбек Атабеков наам алып жатканда мага президенттик аппараттан чалып, «мектеп жашыңдан бери алган сыйлыктарыңдын көчүрмөсүн, документтериңди Маданият министрлигине тапшырып кой» дешти. «Эмнеге?» деп сурасам, «Ардак грамотага» дешкен. Анан Мирбек байкелер алды, бизге эч нерсе айтылган жок. Ошону менен унутуп калгам. 2016-жылдын 31-декабрында ата-энем менен агамдыкына конокко кетип баратканбыз. Эркин Рыскулбеков чалып «сыйлык кут болсун!» деп калды. «Эмне сыйлык?» десем, «сен Эмгек сиңирген артист наамын албадыңбы, мен дагы Ардак грамота алдым» деди. «Коюңузчу тамашалабай, сиз алсаңыз жарашат, мага али эрте го, ишенбейм» десем, «ишенбесең президенттин сайтын карап көрчү» деди. Агамдын үйүнө барып ал сайтты карасам чын экен. Ата-энем, туугандарым болуп аябай сүйүнүп, биз үчүн кош майрам болду. Туугандарыма «сыйлыкты колго алмайынча эч кимге жарыя кылбай тургула» дедим. Анан 6-мартта колго алгандан кийин баары куттуктап келе башташты.
Майрамбек Осмонов агабыз, Жамиля Муратова эжебиз да биз менен чогуу Эмгек сиңирген артист наамын алышты да. Майрамбек байке мага «Гүлжигит, сага артисттер, журналисттер эч нерсе дей элекпи?» дейт. «Азырынча байкай элекмин» десем, ал «эми байкайсың, биздин элдин ушундай жагы бар. Сен Майрамбек байкем айтты деп аларга жооп кыла жүр. Мисалы, мен кичинекей кезде Жамиля Муратова ырдап чыккан, сен кичинекей кезде мен ырдап чыктым. Эми наамды баарыбыз чогуу алып жатабыз. Бул деген, көрсө, өлүм сыяктуу турбайбы, бирөөнө эрте, бирөөнө кеч келет экен» деп күлдүрдү.
Кээ бирөө үчүн, балким, чынында эле эмгегим сиңгендир, кээ бирөө үчүн сиңе элек, мунун баары буйрук экен. Эмнеси болсо да мунун баары мен үчүн кубанычтуу кабар, чоң жоопкерчилик. Мурда ырдаган ырларымды бир сыйра карап, анализдеп чыктым. Жакында ырдайм деп жаткан ырларым да өзгөрдү. Оор басырыктуу ырларга көңүл бурганга аракет кылат экенсиң. Алдыда сынактарга катышууну ойлоно элекпиз. Чоң наам алгандан кийин да сынактарды кылдаттык менен карап, ойлонуп катышыш керек. Себеби эл аралык сынактарга Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп барып утулуп калсаң, анын үстүнө Эмгек сиңирген артист болсоң, бул чоң эле уят иш болот деп ойлойм.

Канат Култаев, продюсери: «МЕНИ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ ҮЧҮН ГҮЛЖИГИТ ПРОДЮСЕРИ ЖАНА СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫНАН БАШ ТАРТКАН»

- Гүлжигит менен 2010-жылы таанышканбыз. Ал кезде Мирбек Атабековдун концертин өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан эле. Студияга барып, афишаларды жасатып жүргөм. Ал жерде иштеген эгиз балдар (ред.: Азат, Изат Жумабековдор) мага «жакшы ырдаган бир бала бар, ырларын угуп көрбөйсүзбү» деп жаздырган ырларды угузушту. Угуп көрүп жакшы экен деп кетип калгам. Эртеси күнү да ошол студияга барсам, Гүлжигит бар экен. Баягы балдар «ырдатып көрүңүз» дегенинен иштеген жерине барып ырдаганына байкоо салдым. Азыркы «Заман» тобун ошол маалда эле түзүүнүн үстүндө иштеп, топко 3 бала даярдап жүргөм. Гүлжигитти да ошол топко кошоюн деген оюм бар болчу. Бирок Гүлжигит жеке ырчы болом дегенинен топтун ишин убактылуу токтотуп, жеке ырчы менен иштешүүгө өттүм. Гүлжигиттин үнүн, аракетчилдигин жактырдым. Көздөрү күлүп турган, адамгерчиликтүү, тарбиялуу, харизмасы күчтүү экен. Ошол критерийлер аркылуу тандап алгам.
Экөөбүз иштешерден мурда Гүлжигит башка продюсер менен жаңыдан иштешип баштаган экен. Мен «продюсериң бар болсо иштеше албайбыз го» десем, тиги продюсери менен ишин токтотуп, нааразычылыгы жок экенин айткан. Анан дагы сүйлөшкөн кызы бар болчу, аны менен мамилесин токтоткон. Ошол кадамдардан кийин 3 жылга келишим түзүп, иштеше баштадык. Ал жылдар аралыгында 2 жолу жеке концерт өткөрдүк. Андан тышкары «Ысык-Көлдө Кадыр түнгө» катышып, 1-орунду багындырып, акчалай байгеге ээ болгон. Гүлжигитке «биринчи жеңишиң, ырымдап таттуу алып жеш керек» десем, «Народный» дүкөнүнөн 5-6 баштыкка толтуруп таттууларды алып чыгып, көчөдөгү балдарга таратып берген.
Баарыбызга маалым болгондой, «Евразия жылдызына» катышып баш байгени эңип кетти. Айтор, көп жыл иштешпесек да, бир топ ийгиликке жетиштик. 2013-жылы бир гана Гүлжигит менен эмес, башка балдар менен да иштешүүнү токтоттум. Балдарымдын баары кетиш керек болчу, бирок Мирбек Атабеков улуулукка салып иштеше берели деп калып калды. Баары менен ага-ини катары чай ичишип жүрдүк. Буга чейин башка менеджерлер менен иштешип жатыптыр деген сөздөрдү угуп эле жүргөм, бирок кайрылып келет деп күткөн эмесмин.

Азат Жумабеков, аранжировкачы: «ГҮЛЖИГИТТИН КАНАТ БАЙКЕ МЕНЕН ИШТЕШКЕНИ БИЗДИ ДА КУБАНТКАН»

- Студиябызга комузчу керек болуп, Закир Дүйшөнбек уулу менен иштешип баштаганбыз. Күндөрдүн биринде Закир бир баланы ээрчитип келип, «бул менин досум Гүлжигит» деп тааныштырып калды. Ошентип Гүлжигит 4-5 ай биздин студияда ыр жаздырып, кафеде ырдап жүрдү. Ошол мезгилде Мирбек Атабековдун концерти болмок. Жарнамалык баннерди биздин дизайнер балдардын бири колго алган эле. Баннер иштери боюнча студиябызга Канат Култаев келип, таанышып калдык. Сөз арасында Канат байке «жаш, таланттуу балдардан турган топ түзөйүн дегем» деп калды. «Бизде бир жигит бар, талантын байкап көрбөйсүзбү» дедик. Студиянын ашканасында отурган Закир менен Гүлжигитти чакырдык. Гүлжигит «Сары-Ой» деген чыгарманы мыкты аткарып, үнү менен Канат байкени таң калтырды. Арадан саналуу эле күндөр өткөндөн кийин Гүлжигит «Канат байке менен келишим түзгөнү жатам» деген жагымдуу кабар айтып, бизди да кубанткан.

Динара Асанова, мугалими: «МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРГАНЫ БАРСА, БЮДЖЕТТИК ОРУН ТОЛУП КАЛГАН ЭКЕН»

- Мен Новопавловкадагы №2 мектеп-гимназиясында ыр ийримин жетектеп келем. Гүлжигит мектепте бардык сабактардан мыкты окуган окуучу болчу. Башталгыч класста Светлана Анатольевнанын окуучусу эле. 2005-жылы ал эже жумуштан кеткенден кийин Гүлжигит менин тобума келип калды. Мектепти аяктаганча канчалаган сынактарга катышып, дайыма байгелүү орундарга ээ болуп жүрдү.
Гүлжигит ыр сынактарга көп катышкандыктан, ага жаңы костюм керек болчу. Анан коммерциялык концерт өткөрүп, андан түшкөн каражатка костюм алалы деп сүйлөшкөнбүз. Билет баасы 20 сомдон. Концерт күнү мен көзөмөлдөп өткөрүүнү колума алып, келгендерди билети менен киргизип жаткам. Каалоочулар көп болду, бирок көбүнүн билети жок эле. Анан Гүлжигит келе калып «бул баланын ата-энеси Орусияда, тиги бала каражаты жок, жетишпеген үй-бүлөдөн, киргизе бериңиз» деп келгендердин жарымын билети жок эле киргизип ийген.
Ошентип концерттен түшкөн акча кеткен чыгымды жапканы менен, костюм алганга жетпей калган. 9-классты аяктап М.Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырганы барса, кечигип калыптыр. Анан дагы 7 гана бюджеттик орун бар экен. Мен окуу жайга барып «Гүлжигиттин окуу акысын төлөөгө акчасы жок, бюджеттик орун бергиле» дедим. Ал жактын жетекчилери «ырдатып көрөлү, эгер мыкты болсо анда бюджеттик негизде 8-орунду түзөбүз» деп калышты. Ошентип окуу жайга алынды. Түшкө чейин мектептеги окуусуна, түштөн кийин музыкалык окуу жайга барып, 2 жактан билим алып жүрдү. Учурда музыкалык билимин бышыктап дагы сабак алып жүрөт. Эң негизгиси азыр да биздин ал-жайыбызды сурап, жакшылыктарына чакырып, кылган эмгегибизди жогору баалап турат.

Майрамбүбү Молдобаева, апасы: «УУЛУМ ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТ НААМЫНА ӨЗҮНҮН ЭМГЕГИ МЕНЕН ЖЕТТИ»

- Гүлжигит мектепте окуп жүргөн кезинде Керим Тураповду, орус ырчыларынан Николай Басковду туурап, алардын ырларын аткарып калчу. Бирок келечекте ырчы болорун ойлогон эмесмин. Себеби «дарыгер болом» дечү. Ырчы болуп, атактуулукка жетишине салым кошкондор ыр сабагынан берген мугалими Светлана Анатольевна, Динара Асановна, башталгыч классынын мугалими Гүлсайра Батыркановна, продюсери Канат Култаев жана ата-энеси, бир туугандары болду. Ырга жөндөмдүүлүгүн 5-классында музыкадан сабак берген мугалими Светлана Анатольевна байкап, «үнү башкача коңур экен, балаңызды ырга тартыш керек» деп сынактарга даярдап жүрдү. Биз ага каршы болбостон, тескерисинче, көмөк көрсөттүк. Негизи ырдоо өнөрү атасында бар. Мен да бала кезде сынактарга катышып, Фрунзеге келип ырдап турчумун. Балдарыбыздын ичинен улуу кызым Гүлгаакы менен Гүлжигит ырдайт. Ырдап тапкан каражатынын бир тыйынын да коротпой колубузга карматчу. Бүгүн минтип ийгиликти багынтып, сыймыгыбыз болуп отурат. Анын президенттин колунан наам алышы, албетте, өзүнүн эмгегинин жыйынтыгы.

"Наам алуума салым кошкон инсандарга жана күйөрмандарыма ыраазымын".


"Ырыскелди Осмонкулов агабыздын мотивация берген сөздөрү азыр деле эсимде".


Асхат Субанбеков,
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
nur...nur.
2017-04-03 21:40:04
Гулжигит тапшырып берип салчы озун деле билсен керек эмгегин сине элегин
+6
mela
2017-04-03 22:05:11
Кандай эле ушу биздин ырчылар "оздоруно сюрприз болду дей беришет???? Билбепмин,ал айтты,бул ацтты,тиги айтты....
+6
MYRZAA
2017-04-04 02:27:52
mela, ха-ха-ха-ха туура айттыныз,болбосом берчусун берип,ортого салчусун салышат.Анан эле вааааууу кутулбогон сюрприз болду дешип тан калышканда аябай куломда.Азыр бироого бироо жон эле берип салчу заман эмес.
+4
jazgul0191
2017-04-04 00:35:01
Азаматсыз!
-2
Dilbaranurdinova
2017-04-04 02:43:02
Ичинер мынча тар бакыт кааласа да минус басасынар тоа
-1
bond02
2017-04-04 09:10:00
Колу буттары титиреп кетсе куйормандардын анда ырчы эмес эле башка нерсе корунгон окшойсун аларга, анан наамды буга эмес Гулжигит Сатыбековго берсе болмок.
+1
Адам
2017-04-04 10:57:59
Пикирлерди жыргап окудум. Чындыгында Гүлжигитке караганда канчалаган эмгеги элге сиңген ырчылар бар, бирок сыйлык ала элек. Ал эми Гүлжигит эмнени кыйратып койду? Ага караганда Кайрат Примбердиев сыйлык алса жарашмак.
+2
cholpon119966
2017-04-04 15:37:35
Уну жакшы бирок ошого жараша маани маныздуу ырларды ырдабайт. Наамга эртерек болчу ал эми бул айткандары нааразы болгон бизге окшогондорго жооп сыяктуу болуп калыптыр. (жооп кылгым келбейт деп алып)
+2
ranoski
2017-04-04 20:07:21
кут болсун,таланттуу ырчы
-4
BekAmir
2017-04-05 14:32:23
Гулжигит наамдан баш тартканында чыныгы эмгек синирген артист болмоксун. Атан менен тен эмгеги синген артисттер наамы жок журот. Бир норм ырын жок.
-1
Alibek-0001
2017-04-05 15:37:31
Гулжигит тапшырып бер сыйлыкты. Убагы келгенде аласын. Сени ушу кылганын учун бир да адам жакшыы корбойт.
-1
Alibek-0001
2017-04-05 15:39:59
Кантип кызарып,уялбай алдын дейм да! Уяттуу адам болгондо жерге кирип эле кетмек го дейм. Мактай бербегиле деп айтмакмын продюссерине,апасына атасына,досторуна.. силер эмес эл мактаса жарашат. Озун озу мактагандан олгончо кач дей беле...
-1
karona12
2017-04-05 16:54:02
эмгеги сиңип жок эле дегенде кыргызстанды түрө кыдырып концерт берип койсо экен.кайтарып бер Гүлжигит уялсаң,эмгеги сиңген чооң эже агаларыңдын көзүнчө былтыйып алып албай.
-1
Deniza88
2017-04-08 01:00:36
Гулжигиттин денгээлине жетип алып анан сындаганды билсек эээээ
-1
Bubu88
2017-04-08 03:10:21
Гулжигит кайтарып берип сал эми деле кеч эмес ошондо эл алдында башты бийик көтөрүп басып жүрөсүң
-1
namys
2017-04-09 01:13:33
Бул адилеттсиздик туугандар. Баягыда жанетта бабкова алганда да ушундай жийиркеничтуу болгон...

Сиздерди туура тушунот деп ойлойм. Бул коралбастык эмес болгону ото адилетсиздик учун конул ооруйт экен.

Анча болуптур Роза Аманова, Саламат Садыкова эже, рысбай агаларга тен кылып ЭЛ артис берип коюнуз улуу урматуу АША жана анын Аппараты.
0
Kanzada97
2017-04-09 17:26:05
Оохиий өллө мактаныптырго чиркин. Ушу Гүлжигит эмне деп мактаныптыр салыптыр дееепп окугум келбей, бир жумадан кийин араң ачып окудумго.
-1
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан