ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ МЕНЕН ТАРЫХТА КАЛГАНДАР

Дүйнөлүк спортто катардагы адамдардан тартып чектен чыккан күйөрмандарга чейин кызыктырган суроолор бар. Биз бүгүн интернет булактарында эң популярдуу болгон 5 суроо-жоопту назарыңыздарга сунуш кылууну туура таптык. Балким, сиз да төмөнкү макаланы окуп, өзүңүздү кызыктырган суроого жооп таба аласыз.


ТАЙСОН ТИШТЕГЕН ХОЛИФИЛДДИН КУЛАГЫНА ЭМНЕ БОЛГОН?

“Кулак окуясы” менен эсте калган Холифилд-Тайсон беттеши 1997-жылы 28-июнда Лас-Вегаста өткөн. Айта кетчү нерсе, ошондо Тайсон Холифилддин эки кулагын тең тиштеген. Мушташтын 3-раундунда көптөгөн соккуларга кабылган Темир Майк ызасына чыдабай Холифилдди кучактай калып, кулагына асылат. Холифилд так секирип, дарыгерлерге чуркаганда Тайсон артынан түшүп, экинчи кулагын тиштегенге да жетишет. Ошентип, беттеш мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, жеңиш кулактары тиштелген мушкерге ыйгарылат. Жеңилгенине жини келген Тайсон күчүн полиция кызматкерлеринен чыгарат. Күйөрмандар ортосунда мушташ башталып, беттеш күтүлгөндөн да чоң сенсация менен аяктайт.
Беттештен кийин жеңиш үчүн кулагын курман кылган Холифилд хирургдарга кайрылууга аргасыз болгон. Кызыгы, кулагынын тиштелип үзүлгөн бир бөлүгүн ринг тазалоочу Митчелл Либонати таап алган. Ал табылгасын “каны жок, кудум сосискага окшош” деп сүрөттөгөн. Ал эми 2-кулагынын бир бөлүгү 18 миң долларга сатылган. Кошумчалай кетсек, АКШда аталган беттештен кийин “Холифилд-Тайсон-тиштегич” момпосуйлары жарыкка чыгып, кеңири популярдуулукка жеткен.


ТЕННИСЧИ АЙЫМДАР КОРТТО ЭМНЕ ҮЧҮН КАТУУ КЫЙКЫРЫШАТ?

Бул суроо чоң теннисте эчак эле маселеге айланган. Жадакалса ал боюнча эреже каралган. Оюн калысы катуу кыйкырып, атаандашына тоскоол болгон оюнчуга айып салат. Англиялык басылмалардын бири изилдөө жүргүзүп, «корттогу теннисчи айымдардын катуу кыйкыруулары теннисти көрүүгө болгон кызыгууну жоготот» деген ойго такалышкан. Кыйкыруулардын себеби – атаандашына кандайдыр бир ыңгайсыздык жаратуу. Башкача айтканда, атайын тактика. Андыктан кортко теннис көргөнү камынган күйөрмандарга транквилизатор (нервди тынчтандыруучу каражат) салып алууга кеңеш берилет.
Теннисчи айымдардын ичинен “кыйкыруу искусствосун” жогорку деңгээлге Моника Селеш алып чыккан делет. Атаандаштарынын «Моника чочкону союп жатканда кыйкыргандай эле кыйкырат» деп айткандары бар. Изилдөөлөр боюнча кыйкыруулардын орточо деңгээли 101,2 децибелге барабар. Бул метродогу жүрүп бараткан поезддин же бензин менен иштөөчү араанын үнүнө тең келет.


ЭҢ МЫКТЫ ГОЛДУ КИМ КИРГИЗГЕН?

Эң мыкты гол деп Марадонанын 1986-жылы Мексикада өткөн Дүйнө биринчилигинде киргизген голу эсептелет. Кеп атактуу футболчунун мелдештин чейрек финалында англиялыктардын дарбазасына топту майдандын ортосунан тээп келип киргизген голу жөнүндө болуп жатат. Аргентиналык атактуу талант тууралуу анын ошондогу командалашы Хорхе Вальданонун айткан кебин эске түшүрсөк: “Марадонанын голдору чебер сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүнө окшош. Болгону, ушундай талант Марадонанын бузулган денесинде сакталып жүргөндүгү өкүнүчтүү”,-деген эле.
Мыкты гол боюнча кийинки орунду голландиялык Марко Ван Бастендин 1988-жылы Европа биринчилигинде СССРдин дарбазасына киргизген голу ээлейт. Голландиялык футболчу топту бурчтагы узатуучу жайдан туптуура дарбазанын төрүнө багыттай алган. Ал голду дарбазачы Ринат Дасаев тосо албай калган. Атактуу советтик дарбазачынын өзү да ал голду дарбазасына кирген эң мыкты гол деп моюнга алган.


ЭҢ СЕМИЗ ФУТБОЛЧУ КИМ?

Мындан бир нече жыл мурда англиялык белгилүү басылмалардын бири футбол үчүн салмагы оор деп эсептелгендердин тизмесин жарыялаган эле. Ал рейтингди бразилиялык атактуу футболчу Роналдо жетектейт. Роналдо тизмедеги футболчулардан дене салмагы менен эле эмес, салмактуу жетишкендиктери менен да өзгөчөлөнүп турат. Ал 2 жолу Дүйнө чемпиону аталып, 3 жолу «Дүйнөнүн мыкты футболчусу» наамын жеңип алган. Ал эми тизмеде 2-орунда салмагы 150 килограммды түзгөн (24 жашында) англиялык Уильям Фалк турат. “Челсинин” кезиндеги экс-футболчусу өткөн кылымдын башында жашап өткөн. Ал эми тизме андан ары төмөнкүчө уланат:
3. Микки Куинн
4. Ян Мёлби
5. Ференц Пушкаш
6. Невилл Саутхолл
7. Нил Раддок
8. Энди Рейд
9. Томас Бролин
10. Жон Хартсон


ПЕНАЛЬТИНИ КИМ ОЙЛОП ТАПКАН?

Пенальти эрежеси алгач Англия­да 1891-1892-жылкы сезондон тартып колдонула баштаган. Кызыгы, дарбазачылардын №1-душманы болгон пенальтини кезинде дарбазачы ойлоп тапкан. Бул ачылыш милфорддук (Түндүк Ирландия) Вильям Маккрамга таандык. Адатта пенальтиде топ тебүүчү футболчунун гол киргизүүгө 99 пайыз мүмкүнчүлүгү бар деп саналса, дарбазачылардын топту тосуу мүмкүнчүлүгү 1 пайыз деп бааланат.
Командада пенальтини ишке ашыруучу атайын футболчу болот. Антсе да дарбазачылардан Хосе Луис Чилаверт, Рожерио Сени жана Ханс-Йорг Бутт пенальти тебүү боюнча чеберлерден болуп саналышат.


БИЛБЕСЕҢ СУРОО УЗАТ!

Урматтуу окурмандар жана спорт күйөрмандары! Жогоркудай мисалдар ата мекендик спортубузда да четтен табылары бышык. Андыктан сиздерди кызыктырган суроо болсо sport@super.kg дарегиндеги почтага кат жазып жиберсеңиздер болот. Биз колубуздан келишинче берилген суроолорго жооп издеп, маалымат берүүгө аракет кылабыз.


Жергиликтүү кабарлардан

Пауэрлифтинг

Атлеттер Европадан алтын менен кайтышты

Пауэрлифтинг (тизени бүгүп штанганы ийинге көтөрүү, атайын отургучка жатып штанга көтөрүү, штанганы тизеге, белге ж.б. чейин көтөрүү. Штанганын ордуна башка оордукту көтөрүү да ушул спорт түрүнө кирет) боюнча 16-21-мартта Орусиянын Курск шаарында Европанын ачык чемпиондугу өттү. Ага КМШ өлкөлөрүнөн тышкары Нигерия, Швеция, Иран, Ирактын спортчулары менен катар биздин 3 оюнчубуз катышты. Үчөөнүн ичинен Бахтияр Мухаммедов (82 кг чейин) 3 алтын жана 1 күмүш медаль, ал эми Бакыт Керимбеков (90 кг чейин) 4 алтын медаль менен кайтып келишти.

Теннис

Палкина экинчи айлампага чыкты

Орусиянын Ханты-Мансы шаарында өтүп жаткан ITF Эл аралык аялдар турниринде Ксения Палкина алгачкы жеңишине жетишти. Ал жалгыздан ойноодо украиналык спортчу Татьяна Арефьевадан 1-сетте 6:4 эсеби менен жеңилип калса, кийинки сеттерде эсепти 6:3, 6:4кө теңөөгө жетишти. Бул ага оюндун экинчи айлампасына чыгууга мүмкүндүк берди.
Бул турнирге чейин Ксения Өзбекстандын Наманганында өткөн Эл аралык беттеште жалгыздан ойноодо жеңүүчү болуп табылган эле.


Эл аралык кабарлардан

Футбол

“Лион” менен “Интер” мыктылыгын далилдеди

19-мартта Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын чейрек финалы боюнча чүчү кулак өткөн эле. Оюндун жыйынтыгы төмөнкүдөй:
30-мартта
“Лион” – “Бордо” 3:1
“Бавария” – “МЮ” 2:1
31-мартта
“Арсенал” – “Барселона” 2:2
“Интер” – ЦСКА 1:0
Оюндардын экинчи бөлүгүндө “Лионго” эскер­түү алган Гову жана Ласандро Лопессиз ойноого туура келет. Ошондой эле «Арсеналдын» капитаны Сеск Фабрегас жана «Барселонанын» капитаны Карлес Пуйоль оюндарга катышпайт (эскертүү алганына байланыштуу).
Оюндардын экинчи бөлүгү 6-7-ап­­релде өтөт.

Эң көп акча төлөнгөн футболчу эми Месси

Франциянын «France Football» журналы дүйнөдөгү эң көп акча төлөнүүчү футболчулар менен машыктыруучулардын жаңы рейтингин жарыялады. 1-орунду бир жылда 33 миллион евро иштеп таап жаткан Испаниянын “Барселонасынын” чабуулчусу Лионель Месси ээледи. Ошентип, ал өткөн жылы рейтингдин башында турган Дэвид Бекхэмди артка таштады.

Муз үстүндөгү бий

Плющенко белекке алтын медаль алды

Кышкы Олимпиада-2010дун күмүш медалчысы Евгений Плющенкого Якутиянын зергерлери өздөрү жасаган алтын медалды тартуулашты. Медаль Ванкувердеги алтын медаль сыяктуу 516 грамм салмакта жана нукура алтындан.


Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
karyshkyr
2010-04-05 16:37:02
emne uchun kirgiz futbolunan berbeysiner???????
0
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан