КИНОДОГУДАЙ МАХАБАТ: ХАЛИТ ЭРГЕНЧ & БЕРГҮЗАР КОРЕЛ

Түркия дүйнөнү сериалдары менен багынтып келе жатат. Сериалдагы каармандардын тагдырына күйүп-бышкандар, ойногон актёр, актрисаларга ашык болгондор канча? А кээде ошол кино жылдыздары сериалдагы сүйүү баянын чыныгы жашоосунда да улантып, көрөрмандарды суктантып келишет. "Миң бир түн" аттуу түрк сериалынын баш каармандарын ойногон Халит Эргенч менен Бергүзар Корел дал ошондой жуптардан. Алардын жашоосуна, махабат баянына кызыккандар үчүн азыноолак маалыматтарды келтиребиз...

БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ ЖОЛУГУШУУЛАР...

Халит Эргенчке 2006-жылы "Миң бир түн" аттуу телесериалга тартылуу сунушу түшкөн. Анда ал кол алдында иштеген Шехразат аттуу айымга ашык болгон Онур аттуу жетекчинин ролун ойномок. Сценарий колуна тийгенде жаңыдан эле үй-бүлө курган Халит мырза чыныгы жашоосунда да ошол Шехразатка ашык болуп каларын аңдабаса керек. Шехразатты Бергүзар Корел аттуу бийкеч ойномок. Ал Халиттен 12 жашка кичүү болчу. Аталган сериал тартылып жаткан учурда Халит мырза Гизем Сойсалды аттуу телеалпаруучу менен никеде эле. Тагдыр Халит Эргенч менен Бергүзар Корелди акыры ушул тасма талаасында табыштырмак окшойт. Себеби буга чейин экөө бир нече ирет жолугушкан. Халит Эргенч кыздын ата-энеси менен чыгармачылык бир долбоордо чогуу иштешип жүрүп Бергүзарды мектепте окуп жаткан кезинде көргөн. Бирок ал кезде булардын келечекте жубай болуп калышары эч кимдин оюна да келбесе керек. Себеби үйлөнүү тойго дагы 20 жыл бар болчу. Кийин Халит менен Бергүзар кайсы бир кафеде жолугушуп аз-маз баарлашышкан, бирок мамиле андан ары уланган эмес.

"ҮЙ-БҮЛӨМДҮН УРАШЫНА БЕРГҮЗАРДЫН ТИЕШЕСИ ЖОК"

"Миң бир түн" сериалынын тартуу иштери башталганынан көп өтпөй Халит да, Бергүзар да бири-бири үчүн жаралганын сезишкен. Бул тууралуу Халит Эргенч "биз бири-бирибизге сезимдерибиз бар экенин дароо эле түшүндүк" деп билдирген. Махабат оту экөөнү толугу менен курчап алып, жадакалса Халиттин ак никелүү аялы бар экени да аларды токтоткон эмес. Экөө чогуу ээрчишип басып, кечелерде кол кармашып жүргөндөрү маалымат каражаттарынын бетине чыгып кеткенче көк көздүү, албеттүү актёрдун жубайы Гизем Сойсалды ишенбей жүрө берген. Акыры Халит ажырашууну жана Гиземдин боюндагы баланы алдырып салууну талап кылганда гана ал күйөөсүнөн кол жууганын түшүнөт. Ажырашуудан кийин Халит Гиземге 180 миң доллар төлөп берген. "Биздин сүйүүбүз башталганда элдин баары Бергүзарды менин үй-бүлөмдү бузду деп айыпташты. Менин үй-бүлөмдүн урашына анын эч кандай тиешеси жок",- деп Халит Эргенчтин айтканы бар. Аз өтпөй ал сүйүктүүсүнө үйлөнүп, экөө Али аттуу уулдуу болушкан.

ЧУУ ЖАРАТКАН МАХАБАТ ЖОЛДОРУН АЧТЫ

Халит Эргенч: "Мен атамдын көп аял алганын көрүп канымда барбы деп чочулачумун. Мен абдан жеңил ойлуу элем. Бир ирет үйлөнүп ажырашкам. Бирок Бергүзар менен Алинин жанында мен өзүмдү толук кандуу адам сезем. Эски жашоомо чекит койдум. Бергүзар менин жүрөгүмдө өзгөчө орун ээлейт. Экөөбүздүн чогуу болушубуз маңдайга жазылган",- деп айтып келет.
"Миң бир түн" сериалына тартылганга чейин Бергүзар Корел "Бөрүлөр өрөөнү: Ирак" тасмасында Лейла аттуу араб улутундагы аялдын ролу менен таанылган эле. "Миң бир түн" сериалы болсо Халиттин да, Бергүзардын да атагын арттырды. Алардын кызматтык романы тууралуу жазбаган түркиялык басылма калган эмес. Папараццичилер алардын артынан калбай тажатышкан. Бирок бул талкуу алардын актёрлук жолунун ачылышына оң таасир берген. Аталган сериал тартылып бүткөн соң Халит Эргенчке "Даңазалуу доор" сериалында Сулейман султандын ролун аткарууга сунуш түшкөн. Бергүзарга да ар түркүн сунуштар түшкөнүнө карабай ал үй-бүлө очогун тандап, уулун тарбиялоо менен алек болгон.

ХҮРРЕМДЕН КЫЗГАНЫП ЫЙЛАГАН

Бирок Бергүзар "Даңазалуу доордо" Тереза Гриттинин ролун аткарууга жетишкен. Бул эпизоддук гана роль болчу. Баса, тартуу иштеринде Бергүзар Халитти Хүррем айымдын ролун ойногон Мерьем Узерлиден кызганып ыйлап жибергени чоң талкууга алынган. Учурда бул атактуу жупту идеалдуу үй-бүлө катары көргөндөр бар. Интернет айдыңындагы Халит Эргенчтин Бергүзар Корелдин туулган күнүндө жасаган сюрпризи тууралуу видео, социалдык тармактарда жетелешип жүргөн сүрөттөрү ого бетер суктанууну жаратып келет.
Бергүзар менен Халит Түркиядагы эң кымбат актёрлордун катарында. Маселен, жаңыдан жарык көргөн "Мекеним сенсиң" сериалынын ар бир бөлүгү үчүн Халит 40 миң, ал эми Бергүзар 20 миң доллар алышкан.

Халит менен Бергүзар "Мекеним сенсиң" сериалында да сүйүшкөндөрдүн ролун ойношкон.


Халит: "Убактым болору менен ар бир мүнөтүмдү үй-бүлөмө арнаганга аракет кылам".


Экөөнү табыштырган "Миң бир түн" тасмасы аларга атак-даңк менен кошо сүйүү алып келген.


Халит Эргенч биринчи никесинде кумар менен сүйүүнү алмаштырып адашканын айтып келет.


Мирлан Өмүралиев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
cholpon119966
2017-04-03 09:49:25
Уй булосун уратып, куноосуз наристени олтуруп ак никелуу жубайын ыйлатып тапкан бакыты канчага чейин уланар экен! Биринчисин таштаган экинчисин таштабайт деп ким кепилдик берет экен, биринчисин да ушинтип суйдум куйдум деп алгандыр, ушундай адамдарды аябай жек кором...
+31
ekaterinburg
2017-04-03 10:04:06
Мдааа...Артист,актерлордун жашоосу да...Алардын ойлору,ички дуйнолору башка болуш керек.Эмнеси болсо да бактылуу болушсун!Эми ажырашпасын.Эми ажырашса ишеничтен кетет.
+11
-Sumitra-
2017-04-03 10:09:44
Турктордун тез эле ажырашып,ар ким мн журуп боп кеткендери жакпайт.Кийингендери да жакпайт.Оздору мусулман.Европалашып кетишкен.
+6
Aminka_vitaminka
2017-04-03 13:19:21
Ар ким озу кылганды айтканды туура деп ойлойтта...
+5
Shaa-82
2017-04-03 14:35:04
Бергузардын тиешеси жок дейтго. Анда ким куноолуу суйуубу? Уй-булосу бар экенин билип туруп суйушуп, журуп алса тиги менен анан куноосу жок имишго.
+5
aizirek...
2017-04-03 16:54:58
Уважаю ушул семьяны
+1
Abdulla1985
2017-04-03 19:50:11
Биринчи аялы деле ХХХ экен го ыя)))
-3
arimaz89
2017-04-03 19:56:40
Эгер биринчи адамды да экинчи адамды да суйуп, кимисин тандоону билбей турсан созсуз экинчисин танда, анткени биринчисин суйсон экинчисине ашык болмок эмессин дешет. Ошол сыяктуу мунун биринчиси жон гана кумар, кызыгуу болгон. Экинчиси суйуу!!!
+4
Erketaiym
2017-04-03 22:15:51
Аябай кызыктуу кино
+1
Floweriza
2017-04-04 17:06:26
Экоо сонун тугойлор бактылуу болушсун,я тоже уважаю)
+1
farel_007
2017-04-05 23:42:14
экоо менен тен жашай бериш керек болчу даа
-2
wirin
2017-04-06 16:41:05
ооо мен жактырган актрисааа
+1
Aziko0696
2017-04-07 13:21:18
Бактылуу болушсун Халит Эрген супер актёр.
+1
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан