ЖАКЫНКЫ АЙДА БИЗДИ ЭМНЕ КҮТӨТ?

Жакынкы күндөрү, тагыраак айтканда, 6-апрелден баштап 10-майга чейин жалпы эле кыргызстандыктар үчүн Тараза, Текечер жылдыз топторунун альфа, бета, гамма жылдыздарынын өз ара арекеттенүүлөрүнүн натыйжасында төмөндөгүдөй нерселерди алып келиши мүмкүн. Бул өз ара аракеттенүүлөр, негизинен, байланыш жана электроника, сапарга чыгуу, унаа, канцелярия, окууга түздөн-түз таасир бергендиктен, аталган убакыт аралыгында ушул нерселерге байланыштуу жумуштарды жасоодо өтө кылдат болуубуз зарыл. Мисалы, кыска же узак мөөнөттүү сапарга чыктык дейли. Жолго чыгуудан мурда унаабызды алдын ала бир сыйра текшерүүдөн өткөрүп алганыбыз максатка ылайыктуу. Эгер текшертпей чыксаңыз, анда жолдо түрдүү техникалык бузулууларга туш болуп, көздөгөн жериңизге болжогон саатта жетпей өзүңүздү өзүңүз катуу жемелеп калышыңыз мүмкүн. Сиздин унааңыз бузулбаган учурда да жолдо ар кандай күтүлбөстүктөр болуп, бара турган жериңизге кечигип барууңуз ыктымал. Бул убакыт аралыгында жол-транспорт кырсыктарынын саны кескин көбөйөт. Ошондуктан унааны акырын айдоо сунушталат. Бул жүк ташуучу оор техникаларга да тиешелүү. Жөнөтүлгөн жүктөр түрдүү себептер менен бара турган пунктуна бир кыйла кечигүү менен барат.

Аталган убактарда, негизинен, компьютер, телефон, радио, телевизор, интернет, оргтехникалар, программалык камсыздоолор бири бүтсө, экинчиси бузулуп туруксуз абалда иштей башташат. Бул нерселерге байланыштуу көйгөйлөр көбөйүп, айрым учурларда жоготуп же уурдатып жиберүү мүмкүндүгү бар. Өтө зарыл телефондук сүйлөшүүлөр учурунда байланыштын үзүлүп калышы же керектүү учурларда телефонду унутуп калтыруу күтүлөт. Ошондой эле жогоруда аты аталган буюмдарды сатып алууда жакшылап текшертип көрүп, анан гана сатып алыңыз. Байкалбаган же көзгө көрүнбөгөн дефекттери кийинчерээк калкып чыгышы мүмкүн.

Бул 1 ай убакыт аралыгында жасаган же жасаткан жумуштарыңызды бир эмес, экинчи жолу дагы кароого, текшерүүгө туура келет. Техникалык оңдоолор, кагаз иштери, келишимдер, айрым бир жеңил медициналык операциялар кайрадан бир жолу каралууга мажбурлайт. Башкача айтканда, кайтма мүнөзгө ээ болот. Мунун баарына кетирилген катачылыктар себепкер болот.

Ошондой эле бул мезгил жаңы жумушка которулууга, башка жактарга көчүүгө, жаңы келишимдерди түзүүгө, көпчүлүктүн алдына чыгып сүйлөөгө ыңгайсыз убак. Айрыкча саясатчылар үчүн. Асмандагы айрым жарык чыгаруучулардын (жылдыздардын) азыркы кездеги жайгашуулары кайтма мүнөзгө ээ болгондуктан, бул учурда мурда аягына чыкпай калган жумуштарды, долбоорлорду, өздөштүрө албай калган окуу материалдарын кайрадан карап чыгуу оң натыйжаларга алып келет. Кыскасы, өткөн мезгилдеги жасалбай калган нерселердин баарын ишке ашыруу үчүн эң ыңгайлуу мезгил. Андыктан ыңгайлуу учурду колдонуп калыңыз.

Бир гана жаңы иштерге, жаңы бизнес ачууга, келишим түзүүгө бой таштабаңыз. Канчалык аракет кылбаңыз, бул убакыт аралыгында баштаган жаңы иштериңиз эч качан тез эле аягына ийгиликтүү чыга койбойт. Түрдүү каршылыктар, кечигүүлөр көбөйөт. Сизге тиешеси жок, түшүнүксүз себептер менен жасап жаткан жумуштарыңыз солгундай баштайт. Андыктан даярдануу иштерин гана жасаңыз. Жакында ишке ашыра турган келишим, илимий иштер, бизнестин майда-чүйдөсүнө чейин кунт коюп жакшы текшерип чыгыңыз. Ошентсеңиз, албетте, жеңиш сиз тарапта болот. Катачылыктар кетпейт.

6-апрелден баштап 10-майга чейин адамдардын ой жүгүртүүсү башка убактарга караганда жай, чаташкан абалда болгондуктан, көпчүлүк нерселерге кечигүү менен реакция кыла башташат. Мисалы, теле алып баруучулар сүйлөп жаткан учурларда коё берилүүчү кадрлар алардын баяндоосунан кеч калышы же алдыга кетип калышы мүмкүн. Окуучулар текшерүү иш учурларында 5ти 6га көбөйтсө 35 деп жазышы калыптагыдай эле көрүнүшкө айланат.

Жанар Кадыралиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан