ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-апрелден 9-апрелге чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын биринчи жарымында жумушуңузга байланыштуу ийгиликтер күтөт. Колуңузга акча тийүүнүн ыктымалдуулугу да бар. Жума күндөн тартып өзүңүздү бир аз токтоо кармаңыз. Антпесеңиз, үй-бүлөңүздө түшүнбөстүктөр келип чыгат. Сабырдуу болуңуз, жакынкы күндөрдө лидерликти кайра өз колуңузга аласыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бейшембиге чейин жеке маселелериңизди жакшы чечесиз. Башка шаарларда жашаган адамдар менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт. Бирок жума күндөн тартып апта аягына чейин байкатпаган душмандардын курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Спирт ичимдиктеринен алыс болуп, ден соолугуңузду абайлаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жуманын соңку күндөрү көпчүлүк жумуштарыңызды эч кимге айтпастан, өз алдыңызча бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Оорукана, аскер бөлүктөрү жана башка жабык типтеги мекемелер аркылуу бир олжого ээ болосуз. Бейшемби күндөн тартып кээ бир досторуңуздун агрессивдүүлүгүнө кабылышыңыз мүмкүн, чыр чыгышы күтүлөт. Буга сүйүү себеп болот. Абайлаңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз бул аптанын алгачкы күндөрүн досторуңуз менен жагымдуу маанайда өткөрөсүз. Сапар маселелерин ийгиликтүү талкуулайсыз. Белди бекем бууңуз, жумушуңуздагы, үй-бүлөдөгү маселелерди чечүүдө бул эки тармак бири-бирине шайкеш келбей, көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Мурдагы эски сүйүүңүз, ден соолук маселелери да өздөрүн эстетпей койбойт.


АРСТАН (23.07-23.08)
Бейшембиге чейин алдыга койгон максаттарыңызды ишке ашыруу үчүн катуу аракеттерди жасаңыз. Сиз үчүн азыр жол ачык. Аптанын акыркы үч күн ичинде аргасыздан жолго чыгуу күтүлөт. Керектүү документтерди бир ирет текшерип коюңуз, антпесеңиз, көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн. Бул күндөр сиз үчүн кооптуу күндөр болуп саналат. Унааны этияттап башкарыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын соңку күндөрү сизди жагымдуу сапарга чыгуу же командировкалар күтөт. Бул сапарга чыгуулар жеке эле жумушуңузга эмес, балдарыңызга же сүйгөн адамыңызга байланыштуу болушу да толук ыктымал. Кумар оюндарын ойноо жана лотерея билеттерин көп санда алуу бул күндөрү сизге көп чыгым алып келет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы күндөрү үй тиричилик, каржы маселелерин оңой чечесиз. Колуңузга акча тийиши күтүлөт. Пландалган нерселер ийгиликтүү ишке ашышы үчүн сиз бул операцияларды өз алдыңызча, жашыруун жасоого туура келет. Жума күндөн тартып үй-бүлө мүчөлөрү менен мамиле кылууда бир аз токтоо болуңуз. Бийлик өкүлдөрү менен мамиле кылууда кыраакы болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Бейшембиге чейин жубайыңыз, кээ бир өнөктөштөрүңүз менен бир топ маселелерди ийгиликтүү чечесиз. Айрым юридикалык көйгөйлөр да жакшы жагына чечилет. Аптанын акыркы күндөрү кээ бир кесиптештер менен пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Байкатпастан аркаңыздан жашыруун аракеттерди жасоолору да четте калбайт. Андыктан чырдашпоого аракет жасаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптанын соңку күндөрү жумушуңузда жакшы ийгиликтер күтөт. Акча тийиши да мүмкүн. Диагнозу так билинбеген жашыруун оору, дартыңыз болсо, шаршембиден калбай врачтарга кайрылыңыз. Жума күндөн тарта эс алууларды токтото туруп, балдарыңызга көбүрөөк көңүл бурганыңыз оң. Айрым нерселерге, курбуларыңызга байланыштуу чыгымдар күтүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жуманын биринчи жарымында балдарыңыз менен көңүлдүү убакыт өткөрөсүз. Бул күндөрү лотерея билеттерин алып койсоңуз, утуштун чыгып калуу ыктымалдуулугу жогору. Бейшембиден тартып үй-бүлө мүчөлөрүнө, жер тилкелерине байланыштуу көйгөйлөр келип чыгат. Чырдашпоого аракет жасаңыз. Жумушуңузда жана жеке жашооңузда айрым тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бейшембиге чейин үй тиричилик, кыймылсыз мүлк, жер тилкелерине байланыштуу маселелерди чечүүдө чечкиндүүлүк көргөзүңүз. Анткени ийгилик коштолуусу күтүлүүдө. Апта акырында жакын адамдар менен мамиле кылууда сабырдуу болуңуз. Аргасыздан жолго чыгуу да күтүлөт. Эгер унааңыз болсо, бир ирет техникалык кароодон өткөрүп алганыңыз оң.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын алгачкы күндөрү туугандарыңыз менен жагымдуу, активдүү сүйлөшүүлөр күтөт. Бул сүйлөшүүлөргө достордун, өнөктөштөрдүн аралашып калуусу да турган сөз. Жуманын экинчи жарымында достор, өнөктөштөргө байланыштуу чыгымдарга дуушар болушуңуз мүмкүн. Ушул эле адамдар менен акчаны туура эмес бөлүштүрүүдөн түшүнбөстүк келип чыгышы күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан