Жазында организм көптөгөн витаминдерге муктаж болот. Алардын ордун толтурууга шпинат да көмөктөшөт. Кыргызстанда өтө деле популярдуу болбогон бул көк чөптөн француздар түрдүү даамдарды жасап, сүйүп жешет. Көрсө, анын пайдалуулугу жогору тура.
Шпинат – бийиктиги 25-50 сантиметрге чейин өскөн бир жылдык чөп. Аталган чөптү кулинарияда колдонуу максатында алгач персиялыктар өстүрүшкөн. Перс тилинен которгондо "жашыл кол" дегенди түшүндүрөт. Кийин бул өлкөдөн Кытайга тараган. Бүгүнкү күндө да шпинат өстүрүү боюнча Кытай алдыңкы орунда турат.
ШПИНАТ ЭМНЕГЕ ДАБА?
ЭСКЕРТҮҮ!
Шпинаттын курамында ат кулак кычкылы (щавелевая кислота) көп болгондуктан көп жеген учурда организмде таштарды пайда кылуусу мүмкүн. Мындан сырткары кызыл жүгүрүк, бөйрөк оорулары менен ооругандарга көп жегенге болбойт.
ШПИНАТ МАФФИНИ
Керектелүүчү азыктар:
Шпинат – 100 грамм
Ун – 180 грамм
Жумуртка – 2 даана
Көбүрткүч – 1 чай кашык
Картошка – 150 грамм
Сыр – 30 грамм
Сүт – 1 стакан
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч
35 мүнөт 12 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Шпинатты жууп, кайнак сууга 10 секундга малып алып, кайра муздак сууга салабыз. Эми анын суусун сарыктырып, тагыраагы, сыгып алып, майда туурайбыз.
2. Картошка менен сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Унга көбүрткүч, шпинат, сыр, картошканы жана татымына жараша туз, кара мурч кошуп аралаштырабыз.
4. Мунун үстүнө сүт, өсүмдүк майы жана жумуртканын аралашмасын куюп, жакшылап аралаштырабыз.
5. Даяр болгон аралашманы кекстин калыбына куюп, 180 градуста иштеп турган электр мешине салып бышырып алабыз.
ШПИНАТ СОУСУ
Керектелүүчү азыктар:
Шпинат – 1 боо
Көк болгар калемпири – 1 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Зайтун майы – 4 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч
20 мүнөт 4 порция
Даярдоо ыкмасы:
1. Болгар калемпири менен сарымсакты майда туурап, зайтун майына 2-3 мүнөт кууруп аласыз.
2. Буга таза жуулган шпинатты, татымына жараша туз, мурч салып, отту өчүрүп, казандын капкагын жаап демдеп коёбуз.
3. Муздагандан кийин блендерге салып майдалап койсок, соусубуз даяр болот. Бул соус эт, макарон азыктарына жана жашылча салаттарына мыкты кошулма боло алат.
ШПИНАТ САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Шпинат – 1 боо
Зайтун майы – 2-3 аш кашык
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Күрүч уксусу – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Шампиньон (маринаддалган) – 100 грамм
Пармезан сыры – 1 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч
10 мүнөт 2 порция
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач соус даярдайбыз. Ал үчүн зайтун майына уксусту, кумшекерди, лимон ширесин, кара мурчту кошуп аралаштырабыз.
2. Шпинатты жууп, кол менен үзүп-үзүп идишке салабыз.
3. Мунун үстүнө ичке-ичке тууралган козу карынды салып, соусту куябыз.
4. Даяр болгон салаттын үстүнө пармезан сырынан себелеп, дасторконго коёбуз. Табитиңизге жараша бул салатка грек жаңгагын, сууга бышырылган тоок этин, жумуртка, төө буурчак, өндүрүлгөн маш, куурулган сосиска, колбаса кошсоңуз да болот.
ШПИНАТ ОМЛЕТИ
Керектелүүчү азыктар:
Шпинат – 1 боо
Жумуртка – 3 даана
Сыр – 100 грамм
Болгар калемпири – 1 даана
Сарымсак – 2 тишче
Быштак – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч
15 мүнөт 3 порция
Даярдоо ыкмасы:
1. Шпинат, сарымсак, болгар калемпирди жууп-тазалап, майда туурайбыз. Буга быштакты аралаштырабыз.
2. Жумуртканы чагып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аябай аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз.
3. Көмөч казанга майдан куюп, ысыган кезде жумуртка менен сырдын аралашмасын куймактай кылып тегиз куябыз. Отту жайлатып, куймагыбыздын жарымына шпинат, сарымсак, болгар калемпиринин аралашмасын салып, экинчи тарабы менен жабабыз. Отту өчүрүп, 2 мүнөт көмөч казандын капкагын жаап демдеп коёбуз. Омлетибиз даяр!
Шпинатты муздаткычта 8 күнгө чейин сактоого болот. Андан кийин ал витаминдерин жогото баштайт. Ал эми кышкыга сактоо үчүн тоголоктоп тоңдуруп коюу керек.
Дамира Арстанова
koom@super.kg