«КУМТӨРДҮН» ӨЛКӨДӨГҮ ЖАЛПЫ ТӨЛӨМДӨРҮ 3 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРДАН АШТЫ

"Кумтөр Голд Компанинин" 2016-жылдын 12 айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулары 110 миллион доллардан ашкан. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 31-декабрына карата курсу боюнча 7 миллиард 633 миллиондой сомду түзөт. Ал эми 2016-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы төлөмдөр (салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук жана башка) 238,450 миллион доллардан ашты. Компания иштеген 1994-2016-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 202 миллион доллардан ашкан.

НЕГИЗГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨР

2016-жылы «Кумтөр» кенинде 550 960 унция (троялык унция = 31,10348 грамм) же 17 136,78 килограмм алтын өндүрүлдү. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 546 342 унцияны же
16 993,15 килограмм алтынды түзгөн. Сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 686,4 миллион долларды (башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген) түздү.

"Кумтөрдүн" Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири:

«Кумтөрдүн» өлкө ИДПсындагы 2016-жылдагы үлүшү – 8%
«Кумтөрдүн» өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү – 23.4%

2017-ЖЫЛГА БОЖОМОЛ

Алдын ала баалоолор боюнча, "Кумтөрдө" 455-505 миң унция алтын өндүрүлмөкчү, мында жалпы жылдык көлөмдүн 30 пайызы 2017-жылдын төртүнчү чейрегинде күтүлүүдө. Капиталдык жумшоолордун жалпы көлөмү (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 96 миллион долларды түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды колдоого жумшоолор (68 миллион доллар) негизинен оор тоо-кен техника паркын кайра жабдуу жана жаңыртуу (58 миллион доллар), АЫФ жабдууларын масштабдуу жаңыртуу (3 миллион доллар) жана башка жумшоолор (7 миллион доллар) менен байланышкан. Өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолордун (түзөтүлгөн операциялык чыгымдар, негизги фондуларды колдоого жалпы чыгымдар, жалпы чыгымдар, ошондой эле өзүнө кирешеге салыкты камтыган жалпы чыгымдар (миллион доллар менен жана продукциянын бир унциясын сатып өткөрүүгө кайра эсептегенде), алтынды сатып өткөрүүнүн бир унциясына орточо баа жана капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого, өнүктүрүүгө да) бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбейт жана "ГААП сырткары көрсөткүчтөр" бөлүгүндө талкууланат) көлөмү 28 миллион долларды түзүүгө тийиш, анын ичинде кен ишканасын эксплуатациялоонун жалпы планында каралгандай, анын карьеринин контурларын кеңейтүүнү эске алуу менен инфраструктуранын айрым объектилерин башка жерге көчүрүүгө 9 миллион доллар көлөмүндө; туюк кап дамбасын жогорулатуу
(11 миллион доллар); тоо-кен техникасын сатып алуу (4 миллион доллар); кургактоо иш-чараларына (2 миллион доллар) жана башкалар
(2 миллион доллар) сыяктуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун акчалай курамы 2017-жылы 234 миллион долларды түзгөн, кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга жалпы чыгымдардан 172 миллион доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

КОММЕНТАРИЙ

Центерранын» башкы кызмат адамы Скотт Перри:
– Өндүрүш көрсөткүчтөрү боюнча, буга чейин билдиргендей, 2016-жыл "Кумтөр" үчүн ийгиликтүү болгон жана "Центерранын" белгиленген өндүрүштүк прогнозун көбөйтүү жагына оңдолгон орточо көрсөткүчүнөн (540 миң унция) ашты. Продукциянын өздүк наркы боюнча мурдагы жылдык көрсөткүчүбүздү да олуттуу жакшыртканыбыз жөнүндө билдирүүгө кубанычтамын, себеби негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор 2016-жылы өндүрүлгөн продукциянын унциясына 682 долларды түзөт деп божомолдонгон. Бирок жумшоолорду азайтуу үчүн "Кумтөр" негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолордун пландык көрсөткүчүн аткарып, өндүрүлгөн бир унцияга 640 доллар көрсөткүчүнө жетишти. "Кумтөр" жыл бою туруктуу жакшыртуу демилгелерин жүзөгө ашырып, фабриканын өндүрүмдүүлүгү жогорулады, ал эми продукциянын өздүк наркы төмөндөдү. "Кумтөр" тарабынан кайрадан жасалган капиталдык салымдарды жана төлөнгөн салыктарды эсепке алуу менен накталай каражаттын олуттуу агымы жүргүзүлдү – бул накталай сумма 2016-жылы 237 миллион долларды түздү. Компания аларды адилет жана бардык акционерлеринин кызыкчылыктарында чечүүгө умтулуу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен «Кумтөр» долбооруна байланышкан бардык болгон талаш маселелерди чечүү боюнча консультацияларын улантууда.

"Центерра" жөнүндө кошумча маалымат жана 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
ady-88
2017-04-03 11:12:03
Айтып жатасынар кумтор 1994 2016чейин 3миллиард доллар которуптур деп тош какылап жатасынар. Менин тушунугум боюнча устуканды озуно алып соокторун итке берип койгондой эле болкп калыптыр.
+1
ady-88
2017-04-03 11:15:21
Кошумча зыяндарын тоо кен байлыктарды урдуруп кыргыз жери менин жерим беле деп канадалыктарга баш оорутуп кереги жок. Нарын эли цианид ичеби олобу тирилеби иши кылып алтындын запасын чыгарып кетсе болду. А биздин жепжутарларга оозуна тыгып крйсо болду.
0
ady-88
2017-04-03 11:21:15
Ушу нарын элине аябай тан бердим. Ото момун эл келеби же кандай тушуно албайм. Вроди орусияда кыкендердин кыйыны ушул нарындыктар. Бизнесмени деле дордойдун кожоюну деле нарындан. Анан эле узоонгу куушту кытайга берип жатканда тыыынч эле жатты. алардын ордуна аксынын эли чыгып митинг кылып акыры 24 март революция болду. Анан карасан эле цианид ичип жатат нарын эли бут уулуу заттын баары нарын жака тогулуп жатат кумтордон деп Садыр агабыз чыкты. Анан колдон митинг болду. А Нарын эли дагы камараб
+1
ady-88
2017-04-03 11:23:19
Камарабай тыыынч жатат.
0
aianaaiana
2017-04-03 13:08:25
Жылына 16мин тонна алтын анын акчасы 686миллион$ ошондо 20жылда 16000т×20жылга=320000тонна алтын ошондо 16000т алтындын 686миллион$×320000тоннага= Ким жообун жазса чоон алкыш айтам
0
bolotbeck1983
2017-04-05 03:58:28
aianaaiana,системалык ката кетирипсиң, жөнөкөй арифметикалык амалдарды тагыраак эсептеп жүрсөң жакшы болмок.
0
bolotbeck1983
2017-04-05 03:52:18
Ушул алтын кенин Кыргызстан өзү эле иштетсе жакшы болмок, канадалыктардан техникасын баш-оту менен сатып алып. Менин тилегим эле ушул. Себеби, алдыбыздагы аштын кырмычыгын жегендей эле болуп жүрөбүз. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, келгиле бюджеттин тартыштыгына карабай көздү жумуп туруп өзүбүзгө сатып өткөрүп алалы, канчага бааланса да.
0
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан