ОШТО МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ӨЛТҮРҮЛДҮ. АНЫН ӨЛҮМҮНӨ КЫЗГАНЫЧ СЕБЕП БОЛГОНБУ?

Өткөн жумада Ош шаарында милиция кызматкеринин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Көп өтпөй бул кылмышка шектүүлөр кармалып, анын бири кызганычтан улам ушундай ишке барганын билдирди.

КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП БИР ҮЙ-БҮЛӨ КАРМАЛДЫ

Ушул жылдын 23-мартында саат 15:30дар чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган Мицубиси унаасынын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Маркум подполковник ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Ош облусундагы башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштеп келген. Өлүккө алгачкы кароо жүргүзүүдө маркум башынын арткы бөлүгүнө оор нерсе менен урулган соккудан улам каза болгондугу билинген. Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерин өлтүргөн шектүүлөрдү издөө иштери башталган. Көп өтпөй Ош шаардык ИИБинин кызматкерлери тарабынан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү: күйөөсү, аялы, алардын уулу жана үй ээсинин аялынын иниси кармалган.

"БАЛДАК, ТАШ МЕНЕН БАШЫНА ЧААП ЖИБЕРДИМ"

Ош ШИИБи таркаткан маалыматка караганда, кылмышка шектелип кармалгандардын бири Д.Ш. милиция кызматкерин өзү эле өлтүргөнүн, ага кызганыч себеп болгонун айтып көрсөтмө берген:

– 21-март күнү саат 19:00 чамасында сүмөлөк кайнатылып, коңшулар менен отурганбыз. Бир убакта аялымдын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. "Эмне үчүн чакырып жатат?" деп сурасам, аялым "карызын берет экен" деди. 20 мүнөттөн кийин артынан барсам, экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен азыраак ичимдик ичкен элем. Таирбек кызуу болчу. Экөөбүз айтышып кеттик. Анан ал "эркекче сүйлөшөлү" деди.
Экөөбүз Учар тарапка канал боюна бардык. Барганда ал намысыма тийген ачуу сөздөрдү айтты. Мен өзүмдү токтото албай аны колумдагы балдак, андан соң таш менен башына чаап жибердим. Футбол ойноп бутумду кокустатып алгандыктан убактылуу балдак таянып жүргөм. Таирбек жыгылгандан кийин деле сөгүнүп жаткан. Мен аны унаасынын арткы орундугуна чалкасынан жаткырып, чип ачкычы менен эшиктерди жаптым. Анан кан болгон ташты жана унаасынын ачкычын сууга ыргытып жиберип, өзүмдүн машинамды айдап, сүмөлөк жасап жаткан жерге келдим. Туугандарыма болсо "Таирбек үйүнө кетти" деп койгом.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ЖАРДАМ БЕРГЕНДИН ОРДУНА АВТОУНААНЫ БЕКИТИП КЕТКЕН"

Ош шаардык ИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков төмөнкүлөрдү билдирди:
– Милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектүү катары 1972-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган Д.Ш. аттуу жаран, анын аялы, алардын уулу жана аялынын иниси кармалган. Кылмышка шектүү Д.Ш. кылмышын моюнуна алып, бул ишке кызганычтан улам барганын айтууда. Д.Ш. менен маркум уруша кетишип, аны чечүү үчүн Учар айылы тарапка барышкан. Ал жерде кылмышка шектүү Д.Ш. Таирбек Уларовдун башына балдак, таш менен уруп жиберген. Ал Таирбек Уларов кыйналып жатканда жардам бергендин ордуна автоунааны бекитип, ачкычты сууга ыргытып кетип калган. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү Д.Ш. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул ишти Ош ОИИБинин Башкы тергөө башкармалыгы тергеп жатат.
Кылмышка шектүү Д.Ш. уурулук кылганы үчүн 2008-жылы соттолгон, анын жубайы да мурда соттолгон. Ошондой эле Д.Ш. алдамчылык боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Маркумдун артында 7-9-класстарда окуган 2 кызы атасыз калды. ИИМ тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу башка маалымат берилбей тургандыгын билдирди. ИИМдин атайын багыттагы отрядында да кызмат өтөгөн, тажрыйбалуу милиция кызматкерин буту сынып, балдакчан жүргөн адам сабап өлтүргөнү шек жаратпай койбойт. Тергөө аяктаганда бул боюнча кенен маалымат бергенге аракет кылмакчыбыз.

Таирбек Уларовдун жансыз денеси өзүнүн унаасынан табылган.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Djumaev0mur
2017-04-03 11:24:00
Озу ХХХ журбосо ошондой болотда, милициялар озу ж болотго
+3
Nuraz
2017-04-03 12:21:47
"Эмне учун чакырып жатат?", "карызын берет экен". Кызык эмнеге куйоосуно чалып бербейт милиция кызматкери? Кантседа уй булоосуно сабыр, жаткан жери жайлуу болсун.
+14
dinar-87
2017-04-03 16:50:47
Бетин ачып эле коргозуп койбойсунарбы кылмыш кылгандан кийин.
+4
Lakyas
2017-04-03 19:07:10
2кыздын эле убалы. Эми алардын келечеги Кандай болот? 7-9-кл болсо бой жетип эле калышкан экенго.
+2
ulchana
2017-04-03 19:22:32
Издоодо жургон дейт,кантип Бишкекте туруп Оштон таап алышпайт э.Буга чеин соттолсо,бул жерден да эптеп чыкса,олгучо дагы 2-3 адамдын башын жейт.Ортодо бир туугандары на эле кыйын.
+5
ACAH-AKA.
2017-04-03 20:37:20
Рас болот эркегине жолукпайт бекен карыз болосо.Темселеп карангыда катынына зв кылбай
+15
maxburat
2017-04-03 23:04:08
Кылмышкердин кийген фудболкасы окшобой калыптыр,ыйман эмне экенин билбейт болуш керек озу. Ошондо уулу менен кайниси эмнеге шектелип жатат, алар жонундо маалымат жокго?
+7
Erkek94
2017-04-03 23:09:15
Эх заман каяка баратат
0
aikol87
2017-04-04 08:09:09
Бул жерде такыр башка вариант экен.кызганычтан эмес.Карызын сурап келген,эч кандай ноорузда аялын чакыруу болгон эмес.Камогуна келген, олтургон кишинин озуно.
+2
Taalaibek.
2017-04-04 09:31:58
Мумкун жазасын алган чыгар.
+1
nazi25
2017-04-04 09:53:14
Д.Ш.жооп берсин кылмышы үчүн.Жазасын алсын.
+1
syimyk-
2017-04-06 14:32:03
Кыздары атасыз осоткенда эми
0
Begaiko
2017-04-06 16:00:15
Аялында да кеп бар да. Чакырып атат деп чыгып кетип жоголуп кетип. Куйоосун эле жибербейби темселебей
+1
snikers.777
2017-04-06 16:03:50
Кийген фудболкасынын жазуусун
0
Asyl10
2017-04-06 18:57:06
Аялы соо эмес да, эмнеге карызын берейин десе жолдошун чыгарбай,озу чуркап барат? Бар эркек менен эркек суйлошот дебейби?Бул эркек сорой да ким чалганын билгенден кийин дароо эле озу барса болмокта,аялын жонотуп,артынан озу барбай.Аялы айтса керек да "тиги мас болуп калды,очуп тынсын,анан чыгам деп" Бир аялдын амалы 40 эшекке жук болот дейт,бир аял эки эркектин тубуно жетиптир да.Куйоосу келесоо окшойт,камчысы бышык болгондо аялы мент менен копко суйлошуп турмак эмес.Кылмыш да болм
+2
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан