ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫНЫН АЛКАГЫНДА

Республикабыздын бардык аймагында 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелине чейин Дүйнөлүк акча жумалыгы өтүп жатат. Бул масштабдуу жана маанилүү билим берүүчү кампания жыл сайын балдардын жана жаштардын финансылык билим берүү боюнча эл аралык «Childand Youth Finance» биримдигинин алдында дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекеттеринде өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы «Окугула. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла!» урааны астында өтүп жаткан бул иш-чарага Кыргызстандын бардык айыл-шаарларында жашаган миңдеген мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери жана башкалар тартылууда. Анын негизинде жаштарга кызыктуу жүздөгөн интерактивдүү окутуулар, семинарлар, тегерек столдор, финансылык мекемелерге экскурсиялар, балдар жана жаштар үчүн сынактар каралган.
Эл аралык эксперттердин айтымында, бүгүнкү күнү Жер шарында 1 пайызга жетпеген балдар үчүн гана финансылык билим менен финансылык системадагы интеграция толук жеткиликтүү. Ошондуктан азыр балдар жана жаштарды өз каражатын жоопкерчилик менен сарптоо жана сактоо тууралуу тийиштүү билимге ээ болушуна колдоо көрсөтүү маанилүү болуп турат. CYFI (Child and Youth Finance International) Балдар жана жаштардын финансылык билим берүү боюнча эл аралык уюмунун өкүлү Карина Авакяндын айтымында, Кыргызстан акча жумалыгына ушуну менен төртүнчү ирет катышып жаткандыктан, бир топ баскычка көтөрүлгөндүгү байкалып жатат. "Анын далили катары былтыркы жылы Кыргызстан финансылык сабаттуулук тармагындагы жетишкендиктери үчүн Армения жана Бельгия өлкөлөрү менен биргеликте Европа жана Борбордук Азиядан 50дөн ашуун өлкөнүн ичинен CYFI тарабынан демилгеленген "Global Inclusion Awards-2016" сыйлыгынын Country Award категориясы боюнча финалист катары таанылгандыгын айтсак болот",- дейт Карина Авакян.


"Чет өлкөдөн келген бул коноктун билдирүүсүндө негиз бар. Аны карапайым калк арасында адистерге берилип жаткан суроолордон да баамдаса болот",- деген пикирин Кыргызстандын Банктар биримдигинин төрагасы Анвар Абдраев билдирди. Ал белгилегендей, жыл өткөн сайын элибиз каржы жаатында кыйла сабаттуу болуп бара жатат. "Мисалы, буга чейин жарандар менен ар кандай жолугушууларда насыяны кантип, кайдан алса болорун сурашчу. Эми адамдарды электрондук капчыкты, мобилдик банкингди кантип колдонуу керектиги, кандай банктарда депозиттик пайыздар жогору жана башка маселелер кызыктырып калыптыр. Тактап айтканда, бул калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы сыяктуу иш-чаралар натыйжа берип жатканын билдирет",- деди Анвар Абдраев.
"Бул иш-чаранын башкы максаты – жаш муунду акча топтоп, иштеп акча табууга үйрөтүү жана ошондой эле финансылык билимди жеткиликтүү кылуу, акча кантип иштээрин көрсөтүп, финансы институттары, финансы рыногу тууралуу маалымат берүү, кредит алуу жана банктык аманат жасоо сыяктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Андыктан мындай ири масштабдагы дүйнөлүк иш-чарага кошулуу аркылуу биз жаш муундарды кичинесинен тартып үнөмдөө маданиятына, өз каражатынын эсебин билүүгө жана финансы системасы менен азыртан тааныштырууга аракеттенебиз",- дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.


Анын айтымында, Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан бул иш-чарага карата жаштардын тартылуусу жылдан жылга көбөйүп, финансылык сабаттуулукка болгон кызыгуу артууда. Мындай натыйжага жетүү үчүн Улуттук банк баш болгон Кыргызстандын финансы-кредиттик мекемелери, Билим берүү жана илим министрлиги, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Депозиттерди коргоо агенттиги сыяктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле Өнүктүрүү саясат институту, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмеси, Микрокаржылоо уюмдар ассоциациясы сыяктуу коомдук уюмдардын көмөктөшүүсүнүн аткарган иши зор.
Улуттук банк мурдагы жылдардай эле бул жолу да Акча жумалыгынын координаторунун милдетин аткарып жатат. Адистердин айтымында, Акча жумалыгын өткөрүү менен калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу иш-чаралары чектелип калбайт. 2016-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан ушул багыттагы атайын программа кабыл алынган. Аны ишке ашыруу 2020-жылга чейин созулуп, Кыргызстандын жалпы калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталмакчы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообековдун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан калкынын финансылык сабаттуулугу өтө эле төмөнкү деңгээлде. Мындай бүтүмгө адистер бир жыл мурда калк арасында жүргүзүлгөн атайын иликтөөнүн негизинде келишкен. Ушуга байланыштуу калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өлкөдө үзгүлтүксүз өткөрүп туруу аракети көрүлүүдө.
"Акча жумалыгынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында, алыскы айыл-кыштактарда да балдар жана жаштарга арналган үйрөтүүчү семинар жана лекциялар өткөрүлүүдө. Улуттук банкка, мамлекеттик органдарга, финансылык мекемелерге атайын экскурсиялар уюштурулуп, балдарга ал ишканалардын аткарган ишинен маалымат берилип жатат. Мындан сырткары Бишкек шаарындагы айрым соода борборлорунда балдар үчүн финансылык жарманке уюштурулуп, анда балдар өздөрүн кичинекей ишкер катары сынай алышты. Буга чейин "Супер-Инфо" гезитинде маалымдалгандай эле, сүрөт жана фотосүрөт боюнча сынактын жыйынтыгы чыгып калды. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, былтыркы жылга караганда сынакка катышууну каалагандардын саны 2 эсеге көп болуп, мыктылардын мыктысын тандап алуу сынактын калыстар тобуна оңой болгон жок. Сүрөт аркылуу балдар акча топтоо, аны чогултуу жана иштеп табуу сыяктуу ой-кыялдарын өтө оригиналдуу кылып чагылдырышкан. Жеңүүчүлөргө 5 миң сомго чейинки депозиттердин сертификаттары жана башка баалуу белектер берилет. Ал эми бардык сынакка катышкан иштер К.Баялинов атындагы республикалык китепканада 31-мартта көргөзмөгө коюлат",- деп билдирди Эмир Бообеков.
Адистердин айтымында, Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жай жана мектептерде билим берүүчү программаларды финансылык сабаттуулук элементтери менен киргизүү багытында биргелешип активдүү иш жүргүзө баштады. Мындан сырткары Улуттук банк балдарга арналган "Акча алиппеси" аттуу китепченин үчүнчү бөлүгүн чыгарды. Анда балдарга жеткиликтүү формада акча, үнөмдөө, финансылык инструменттер – банктык карттар, алтын куймалар жана башка тууралуу маалымдалат. Ошондой эле Улуттук банк финансылык сабаттуулук боюнча атайын адабияттарды чыгаруу иштери менен алектенип жатат. Ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарында дайыма финансылык багыттагы маалымат берүүчү макалалар жарыяланып, үйрөтүүчү китепчелер, аудио-видеоматериалдар орус жана кыргыз тилдеринде чыгып турат.

ЖАШ ИШКЕРЛЕР ЖАРМАНКЕСИ


Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде ордо калаадагы орто мектептердин окуучуларынын катышуусунда балдардын бизнес-жарманкеси болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөр өз эмгеги менен жасалган буюм-тайымдарын келген коноктордун назарына сунуштап, базар баасынан арзан сатып алууга шарт түзүлдү. Иштеп акча табууга чоңдор мажбурлабаса да, бала кезден ишкер болууну каалаган улан-кыздар өз колу менен жасаган буюмдарды сатып, алгачкы эмгек акыларын алып, алдыга койгон пландарын ишке ашырууга кызыгышууда. Өзүн ийгиликтүү жаш ишкер деп билдирген Жусуп Жакып уулу үйүнөн ата-энеси менен калпак тигүүнү үйрөнүп алган. Чоңдордой болуп чоң иш кылбаса да, калпактын чачысын жасаганга, кийизди кыркканга жана соодалашып акча тапканга жарайт.

АКЧА ЖУМАЛЫГЫНА КАРАТА АЧЫК ЭШИК КҮНДӨРҮ ӨТТҮ


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында ачык эшиктер күнү уюштурулду. Ага Бишкек шаарынын бир нече мектептеринин окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери келип, нумизматикалык музейге экскурсия жасашты. Борбордук банктын музейинде өткөн экскурсиянын жүрүшүндө студенттер адамзат тарыхындагы алгачкы төлөм каражаттары жана учурдагы акчанын түрлөрү, айрыкча ар бир мезгилде башка өлкөлөрдө чыгарылган экспонаттар: акча бирдиктери, ошондой эле тарыхка из калтырган улуу инсандар, архитектуралык эстелик жайлар жана кыргыз элинин энчисине бүткөн керемет кооз жаратылыштын сүрөттөлүшү чагылдырылган банкноттор, коллекциялык монеталар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат кызматы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан