"Мен быйыл 50 жашка чыгам. Жолдошум менен бирге түтүн булатып жашаганыма 27 жыл болду. Жарым кылымдык өмүрүмдүн көбүн кубануудан дагы, кайгыруу, ыза, ый ээледи" деп башталат каармандын каты. Аты-жөнүн толук атагысы келбеген эже нечен жылдан бери сактап келген ымандай сырын ачты:
– Мен өзүм эңсеген жогорку окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Жашоодо жалаң гана жакшы нерселер болот деп нааразы болбой жашагым келет дечи, бирок жашоо баары бир биз ойлогондой болбойт тура. Алгач көргөнүмдө кара тору, узун бойлуу, ашыкча сүйлөбөгөн, кийген аскердик формасы өзүнө куп жарашкан, бир караганда сүйкүмдүү көрүнгөн жигит алдымда турду. 1970-жылдары Штирлиц тууралуу кинолор абдан популярдуу болуп, мен аларды сүйүп көрөр элем. Алдымдагы жигитти дал ошол тасмалардагы каарманга окшоштуруп жибердим. Кызыгы, бул шыңга бойлуу жигитке жолуга электе менин сүйлөшкөн жигитим бар эле. Бирок нике кайыппы, же тагдырдын жазганыбы, таанышканыбыздан бир ай өтпөй экөөбүз баш кошуп алдык.
Жолдошум үйдүн жалгыз эрке баласы экен. Айчүрөктөй төрт тарабы төп келишкен сулуу кызды алат дешкенби, айтор, босогону аттаган кезден тарта кайын журтум мени өгөйсүнтүп, сын көз караш менен карап, өз баласына мени тең көрбөй жатышты. "Оокат кылып, тыңдыгымды көрсөтсөм, балким, кайненеме жагып калармын" деген тилек менен чуркап үй жумуштарын кылчумун. "Чарчадым, чаалыктым" дебей, кайнежемдин кайненемдерге таштап кеткен эки баласын да карашчумун. "Чекилик иш кылбасам акыры ушулардан бир жакшы сөз угармын" деп жүрдүм. Турмушка чыга элек кезимде ата-энем мага "Жакшы сөзгө ээ болсоң, көпкө калат. Жаман сөзгө ээ болсоң, ал өчпөй калат" деп кулагыма кумдай куюшкан.
Келгениме 3-4 ай боло электе азаптуу күндөр башталды. Сыртынан оор басырыктуу көрүнгөн жолдошумдун да "өнөрү" чыгып, мага кол көтөрө баштады. Бир күнү болбогон нерсе үчүн мени чаап жиберди, ызаланып ыйлап жатканда кошуна аял кирип калып, жолдошума "эмне болуп кетти?" десе, каратып туруп "иштеген жеринен чоңу урушуп коюптур" деп жалган айтты. Аялды таптакыр баалабаган, сүйлөсө ороңдоп, башка адамдарды киши катары көрбөгөн, өзүн тим эле айга-күнгө теңеген адам экенин байкап жаттым. Мыйзамдуу аялы болсом дагы мени жубайы катары эмес, кир жуугуч, тамак жасагыч, күң катары көргөнүнө тим эле ичим өрттөнүп кетет. Мен ага жакшы да, жаман да айтып түшүндүрүп көрдүм, болбоду. Качан болсо жумурткадан кыр издеп, күн алыс ичип келип жүрөгүмө бычактай тийген сөздөрүн айтат. Ошондо мен бир бурчта корголоп корккон чычкан кейиптенип отурчумун. Балким, менин жооштугумбу, же турмуш ушундай болуш керек деген сезимби, же бир кездеги ата-энем кулагыма куюп койгон "жаман кыз күйөөдөн чыгат" деген сөздүн таасириби, басып кетүүгө чама-чаркым жетпеди.
Ортодон үч уулду удаа төрөп бердим. Балалуу болгондон кийин балдар үчүн деп биротоло байланып калдым.
Жолдошум мага майрам күндөрү да бир жакшы сөзүн арнабады, тескерисинче, ар дайым мени шылдыңдап, төркүнүмдүн терс жактарын кайра-кайра айтып турат. Балким, иштебей үйдө отурганыма жини келип турабы деп, материалдык жактан көз каранды болбогонго аракет кылып иштей баштадым.
Ушунча жыл чогуу түтүн булатсак да, тамагын катып жегенин койбойт. Тапкан-ташыганын катып коюп, өзүнчө бөлүнүп ичип-жейт. Мени өз атымдан чакырбай "макоо, эшек" деп атап, өзүн эр сезип келет. Азыр жашым элүүгө таяп калды. Ойлоп көрсөм, ушул. Жакында сиздердин гезиттен белгилүү артисттердин өз жубайларына болгон ыраазычылыктарын окуп, ушунчалык жанга баткан жашоодо жашап жүргөнүмө нааразы болуп кеттим. Күйөөмө айткым келет: Сен ар дайым жанымда болгон жоксуң, башыма оор сыноо түшүп, жан дүйнөм эңшерилип турганда жылуу сөзүң менен дем берген жоксуң. Экөөбүз үй-бүлө кургандан бери жашоого болгон ишеничимдин таш-талканын чыгардың. Бул жашоодо адамдын жасаган жакшылыгын билип, ага ыраазычылык айтуу эң жакшы нерсе. Сенде ушул сапат болсо гана, атаганат... Ошентсе да ушунча жылдан бери мен сени акылына келет го деп күтүп жашап келем.
Гүлбарчын