КӨЧКҮЛӨР 10 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Күндүн жылышы менен тоолуу аймактарда көчкүлөрдүн жүрүшү күч алат. 26-март күнү Ош облусундагы Өзгөн районунун айылдарынын биринде жер көчкү жүрүп, бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсүнүн өмүрүн алып кетти. 28-март күнү болсо Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү жүрүп, жолдогу унааларды басып калган. Бул ирет 4 адам каза тапты. Кыргызстандагы кооптуу аймактар жана катталган кырсыктар тууралуу төмөнкү макалада кеп кылабыз.

Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында болгон жер көчкүнүн жылышы токтобой, барган куткаруучулардын ишине тоскоолдук жараткан. Анын айынан жабыр тарткан адамдарды казып чыгуу иштерин убактылуу токтотууга туура келген. Маалым болгондой, көчкү алдында калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмеси төмөнкүдөй:

1. Өмүрзак Эгемкулов, 1988-жылы туулган
(үй ээси)
2. Гүлайим Сулайманова, 1989-жылы туулган
(аялы)
3. Аксана Амиракулова, 2010-жылы туулган
(кызы)
4. Айгерим Амиракулова, 2011-жылы туулган
(кызы)
5. Жыргал Амиракулов, 2013-жылы туулган
(уулу)
6. Раяна Амиракулова, 2015-жылы туулган (кызы)

"ЖЕР КӨЧКҮ БАСЫП КАЛГАН ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖЫЛ САЙЫН ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛЧҮ"

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов буларды айтып берди:
– Кырсык катталган соң 2 сааттан кийин мен баш болуп 35 куткаруучу менен аталган жерде болдук. Жер көчкүнүн жалпы көлөмү 500 миң метр кубду түзгөн. Биз кырсык орун алган жерге келгенибизде көчкү жылып жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү айыл өкмөтү, тургундар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында жер көчкү токтогонго чейин казып чыгуу иштерин токтоттук. Ал убакыт аралыгында куткаруучулар аталган аймактын ылдыйкы зонасынын кооптуу жерлеринде жашап жаткан тургундарды көчүрүү иштери менен алек болушту. Аларга 10 орундуу 27 чатыр тигилди. Ошондой эле коңшу жайгашкан Кутурган, Биринчи Май айылдарына 17 чатыр тигилип, жалпысынан 37 турак жай ээлери көчүрүп чыгарылды. Учурда жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу дагы деле бар, бирок куткаруучулар тобокелге салып издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
29-март күнү 2 наристенин жансыз денеси казып алынды. Алар Эгемкуловдун 2 улуу кызы болгон. Жабыркаган үй-бүлөгө 1996-жылы эскертүү берилип, көчүп кетишкен болчу. Кийин бул бала ата турак жайы деп кайра келип, 2 бөлмөлүү үй салып жашап жаткан экен. Жыл сайын аларга көчүп кетүүсү керектиги тууралуу эскертүү берилчү.

"БИР КҮН МУРУН ТУУГАНДАР КӨЧКҮЛӨ ДЕСЕ, ЭРТЕҢ КӨЧӨМ ДЕП КАЛЫП КАЛГАН"

Абдыманап Шерматов, Өмүрзак Эгемкуловдун тууганы:
– Өмүрзак үйлөнгөндөн кийин ушул жерге көчүп келип, 7-8 жылдан бери бул үйдө жашап жаткан. Жакында эле кайнатасы каза болуп, кырсык болгон күндөн 1 күн мурун туугандарды чакырып куран окутту эле. Ошондо туугандар көчкүлө деп айтсак, "бирөөнүн жылкысын карап жатам, ошону кожоюнуна алып барып, эртең көчөм" деп калган болчу. Бул жерде эскертүү берилген деп айтылып жатат, эч кандай эскертүү берилген эмес. Буга чейин атасы көчүп барган жерден деле жер тилкеси тийбей калгандыгына байланыштуу бул жакка келип, үй-бүлөсү менен жашап жаткан.

Өмүрзак Эгемкуловдун жакындарына президенттин фондунан 100 миң, өкмөт башчынын фондунан 70 миң, ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан 50 миң сом акчалай көмөк көрсөтүлдү.


"БИРИНЧИ КАР КӨЧКҮНҮ ТАЗАЛАП ЖАТКАНДА ЭКИНЧИСИ ТҮШҮП, 3 УНААНЫ БАСЫП КАЛДЫ"

28-март күнү Бишкек-Ош жолунда катталган кар көчкүнүн астынан куткаруучулар №23 жол эксплуатациялоочу башкармалыгына таандык Тойота унаасын алып чыгышкан. Анын ичиндеги 4 адам тең каза болгон. Андан сырткары кар көчкүнүн астынан Лексус жана Субару унаасын табышып, эки машинанын ичинде 3төн жүргүнчү болгон. Алардын баары аман калышканы маалым болду. Окуя тууралуу ӨКМнын кар көчкүгө каршы коопсуздук кызматынын башкы адиси Тынчтыкбек Актанов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бишкек-Ош автоунаа жолунда түнкү 1лер чамасында кар көчкү түштү деген маалымат бизге келди. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар карды кечки саат 9дарда тазалап бүтүп, унааларды коё бере баштаганда биринчиден дагы чоң кар көчкү түшүп, 3 унааны басып калды. Колубуздан келген аракетибизди жасап, эки машинадагы жүргүнчүлөрдү кар астынан казып чыгардык. Жалпы түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 18 миң кубга жетет. Учурда жол ачык, автоунаалар жүрүп жатат, болгону чоң машиналарга чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 28-март күнү чыккан буйругуна ылайык, кар көчкү жүрүү коркунучу бар жолдордо көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан куткаруу иштерине 52 куткаруучу, 5 техника тартылып, кырсык болгон жерге министр Кубатбек Боронов барып, окуядан кабар алды.


Кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун тизмеси:

1. Анарбек Момуналиев, 1972-жылы туулган
2. Нурбек Орунбеков, 1989-жылы туулган
3. Султангазы Жапаркулов, 1969-жылы туулган
4. Акчабай уулу Курсант, 1996-жылы туулган

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ:

Бишкек-Ош автоунаа жолунда, Арал-Суусамыр автоунаа жолунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда, Ош-Кичи-Алай, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолдорунда, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунда, Казарман-Ак-Тал-Чат автоунаа жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда жайгашкан аймактарда бул мезгилдерде кар көчкү түшүү коркунучу чыңалууда. Ага байланыштуу аталган тоолуу участкалар менен жол жүрүүдөн баш тартуу сунушталат. Ал эми кар көчкү коркунучу бар жолдордон унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендигин, айдоочулар коопсуздук эрежелерин сактоосун эскертет.

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан