Чимириле бийлеп, ырчылардын көркү болуп келе жаткан "Береке" бий ансамбли бар. Аталган бий ансамблине быйыл 10 жыл болгондугуна байланыштуу юбилейлик концерт өткөрдү. Концерт учурунда түптөөчүсү жана көркөм жетекчиси Айнура Кыдыралиева Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Айта кетсек, Айнура айым учурда 400дөн ашуун бийге шыктуу таланттарды тарбиялап келет.
Ошондой эле "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен "Таалай элеси" тобунун жетекчиси Тотомидин Жолдошев да сыйланган.