ЫРДАСЫН ЫРДЫ ЫРЧЫЛАР, АЛАРДЫ ТОЛИК ЧЫМЧЫЛААР...

Ыр куржун

Бир ырда бүтүндөй бир өмүр камтылышы мүмкүн. Бирок азыркы кээ бир ырларда кайталанма сөздөр, мааниси жок саптар кездешет. Мындай ырларды укмаксанга салсаң да кулакта жаңыра берет. Төмөндө бир аз мисалдар бар, калганын өзүңүз чечмелээрсиз, кадырман окурман.

ТОРГОЙЛОРДОН ТОГУЗ КАЙРЫКПЫ ЖЕ...

Аккордеонун колго алып, Бек Борбиев далай селкилерге арнап обон созду го. "Эркинай", "Айдай", "Айзада", "Айгерим", "Ханзада", деги койчу, айта берсе көп. Мына ошондой ырларынын бири – “Асел”. Ой, шумдугуң кур, Бек мырзанын Асели ушунчалык асел, бал, шекер белем, айтор, ыр бүткүчө 78 жолу “Асел, Асел...” дегенге үлгүргөн. Эки куплет ырда 7-8 жолу эле кайталоо болчу эле, бажыканачы байке 78 ирет кайталап жибериптир, жарыктык!

Тойлордо лезгинканы катыра бийлегендер үчүн Даниелдин "Асса" аттуу ыры издеп табылгыс эле. Анткени аталган ырды уксаңыз колдор эмес, буттар да бийлеп кетет. Бул ырга бийлеп жиберип канча жолу кайталаганын туйбай калбасаңыз, Даниелиң түшкүрдүкү 50 жолу “Асса, асса...” деп кайталайт экен!

Бала жытына эс-мас болуп отурган Нелянын “Жалган” деген ырына келели. Маанисин мындай кой, “жалган” сөзүн 45 жолу кайталаганы жалган эмес, чын. Керек болсо айрым учурда “жалгаа” деп “н” тамгасын жутуп да коюптур. Ой, анысы да мейли, ырдын ортосунда “жалган” дегенди айталбай “ааааа” деп чарчап да калат экен, олдо назик жан ай!

Динара Акулова­нын ырларынын көп­чүлүгү сүйүү темасында экени талашсыз. Мисалга “Сүйүү таза” деген ырын алдык. Адамзатты бири-бирине байлаган бийик күч – сүйүү деген маанидеги ыр. Анан ошол “сүйүү” деген сөздү Динар эжекебиз 30 мертебе кайталоодон тажабаптыр.

Океандын ары жагына барып 1 эмес, 3 алтын медаль алып келген Өмүрбек Андарбековду (Оманы) ким билбейт? Ома “жүрөйүн жаным, жүзүң аймалап...” сыяктуу саптары бар “Сага” аттуу ырды ырдайт. Жалаң элдик ырларды жандуу ырдап жүргөн Өмүке “сага” сөзүн 30 ирет кайталап салганын сезбесе керек.

“Кокетка-мо­кет­ка” деп ырдап жүрүп эле “Сүйүп калдым кантейин?” деп арманын айткан жигит – Эрлан Андашев. Сүйүп же жактырып калганынан күмөн санаган ырчы “сүйүп калдым кантейин?” деп 25 мертебе айтыптыр, толкунданып. Мунусу “минтип көп кайталап ырдабасам сүйөрүмдү сезбейт” дегени болсо керек. Башканы билбейм, мен ошентип түшүндүм.


АЛФАВИТТЕГИ АЛАР СҮЙГӨН ТАМГАЛАР

О-о, "Кыз-Бурак" тобу менен чогуу ырдоо үчүн "р" тамгасын өзгөчө айтуу керек. Болбосо, топко алышпайт. Аталган топтун кайсы бир ырын мисалга келтирүүнүн деле кажети жок. Репертуарындагы бардык ырларды "р-р" деп жатып эле талкалап салышат.

"Байыш Момунов “Кызыл алма” ырын тамашалап ырдап койгонбу?..” деп ойлойт экенсиң. Себеби адабий тилде эмес, түштүк диалектисинде эзип салыптыр го. Кайра-кайра "алигиче", "таами", "жартисин" деп айта берсе, куудул, "тамашоучулардын" торуна түшүп калышы толук мүмкүн.

Кезек “с” тамгасына келди. Бул тамганы сүйгөндөрдүн арасында Венера Сатылганова бар. Муну билүү үчүн анын аткаруусундагы “Он сегиз жаш” ырын жакшылап тыңдаган эле жетиштүү.

Үнү да, өңү да Актан Исабаевге окшогон Арсен аттуу ырчы жүрөт. Байкасак, Арсен да “с” тамгасына басым жасагансыйт. Кантсе да “максатыма таянам” деп жакшы ниетте жүргөн балага “с” десе деле, “з” десе деле ийгилик каалап туралы.


БИР ТАМГАДАН КАТА КЕТСЕ, ЫР БУЗУЛАТ

Жакындан бери “Сүйдүң неге?” аттуу ырды аткарган “АДЭА” деген кыздар тобу пайда болду. Бул кыздардын “сылап” дегенди “сыйлап”, “аксың” деген сөздү “аксыссың” деп, “сүйдүң неге?”, “ийилген кирпик мергенсиң” деп оош-кыйыш ырдаганы кулактын кужурун алат. Мейли, продюсери Алексей Сидоров кыргызчаны түшүнбөсүн дейли, а кыздар өзү кыргыз да!

Кыргыздын “ВИА Грасы” сыяктанган “Импульс” деген 3 кыздан турган топту уксаңыз керек. Бул кыздардын “Жок, жок” аттуу ыры бар. Сөзү ырчы кыз Каныкейдики. Кыязы, Каныкей өзү да маанисин түшүнбөй жазып койсо керек. Музоо кирпиктүү бул кыздар ырдаган ырда “жок-жок, келбе мага”, “жок-жок, бербе мага”, “оюн башталды” сыяктуу жеңил-желпи сөздөр, айтор, мааниси жок саптар толтура. Ушундай ырдан адам кантип эстетикалык рахат алат, башым жетпей койду.

Рэпер Добрдун ырында да көптөгөн каталар кездешет. Акыркы чыгарган “Алга, кыргыз” ырын алалы. “Баатыр Манас атам болгон, ал менин гана атам” деп ырдап жүрөт. Манасты кытайлык кыргыздар өзүмдүк кылып жатса, эми бул жактан Добр чыкты го, “менин гана атам” деп...

Толик Сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Атасынын баласы
2010-04-12 14:18:29
Ой Толик, тим эле соз жок...
0
Taллаc
2010-04-14 22:16:07
Толик тикиндей кылып кимдир бирөө жазышы керек эле. Рахмат. Толикке, албетте.
0
Kyrgyzzz
2010-04-16 16:27:04
Добр ундобой алдырып отурган4а меники деп ээ 4ыгып жатат Манаска.Нелянын "жалганы" баш-аягы турктордон котoрмо. Турктор коп кайталаган,ошондуктан которгондо да так озундой кылып которгон.
0
akiykat
2010-04-17 04:49:30
ооо Толик сынчы жакшы эле сындаптыр корунот. Бирок, Эрландын ырындагы Суйуп калдым кантейин деген кайталоолор орунду кайталоого го деп ойлойм. Кандай дейсиздер.
Нелянын ыры чын эле турктордуку. Хепси деген топ ырдайт экен. Откондо клибин коргом.
Добрдын ырларынын тексти дайыма эле слабый.
Импульс жана АДЕА топторунун ырларын туцура сындапсыз. Чын эле мааниси жок базардын создору. (“жок-жок, келбе мага”, “жок-жок, бербе мага”, “оюн башталды”)
0
salamalik
2010-04-17 18:14:24
Туура сындаптырсыз ырчыларды, бирок АДЭА тобунун кыздары туура эле ырдагансып жатат го... Ал "аксыссын" эмес, "алсызсын" деген соз да."аксын" деген да соз эмес. сизде да катаны тапса болот турбайбы?!)))
0
Кайрат
2010-04-17 21:03:27
Башкасын билбейм ИМПУЛЬС деген топту маданичт министри босом сахнаны коргондо качат турган кылат элем. Ыр деп эле мааниси жок тантыгандарын.
0
italia
2010-04-18 02:12:29
ОЙ эмнеси болсо дагы азыр ким коп ырчылар коп башын айланат жон еле. Же ырларынын бир мааниси болсочу.
0
AiDani
2010-04-18 13:34:41
ahahah Daniel:) molodets!
0
Жаку
2010-05-06 15:32:11
Алсызсын дебей эле аксысын деп ырдап жатат. Киргиз кыздар окшойт
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан