Ырчы Айгерим Расул кызы чимириле бийлеген, кубулжута ырдай турган кыздардын башын бириктирип, жаңы топ түзүүгө камынууда. Бул тууралуу ырчы менен байланышып, мындай жооп алдык:
– Кыздардан турган топ түзүү долбоорунун үстүндө иштеп баштадым. Кыздарды тандоодо алардын талантына гана эмес, сырткы келбетине да көңүл буруп жатам. Азырынча топтун аталышын чече элекмин. Анткени атына заты жарашкан болушу керек. Башында трио кылсамбы деп ойлогом. Бирок кастингге келген таланттуу, харизмасы күчтүү кыздар көп болгондуктан 5 кыздан турган топту түзүүнү чечтим. Алар ырдап эле тим болбой, бий жагынан да өздөрүн көрсөтөт. Иштешүү боюнча 5 жылга келишим түзүүнү ойлонуп жатабыз. Кастингди жалгыз уюштуруп, кыздарды жалгыз тандоо оор болду.