«Кыргызстан сулуусу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Жибек Нукеева чет жердеги ооруканаларга барып, текшерүүдөн өтүп келди. Абалы тууралуу эжеси Медина Нукеева буларды айтты:
– Сиңдим алгач Италияда дарыланды. Ал жактын мыкты дарыгерлери операция жасоодон баш тартышты. Химиотерапия жасаталы десек бир дагы дары-дармектер туура келбей койду. Анан дароо эле Израилге барып текшерүү жасаттык. Ал жактагылар да операция жасоого болбойт дешти. Себеби шишик чоңоюп кетиптир. Ошондуктан дары-дармектин жардамы аркылуу шишикти акырындык менен кичирейтиш керек экен. Израилдин эң мыкты клиникаларына анализ жасатып, азыр бирөөсүнүн жыйынтыгы колубузда. Жибек ошонун негизинде дары ичип жатат. Дарылануу курсу 3 ай дешти. Андан кийин текшерүүдөн өтөбүз. Абалы дагы деле оор болууда.