Көптөгөн окурмандарыбыздан ден соолук, анын ичинде интимдик жашоо багытындагы түрдүү суроолор келет. Бул ирет сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Грация» медициналык борборунун уролог-андрологу, сексологу Мирлан Айбашов жооп берет.
"БОЙГО БҮТҮРҮҮГӨ КАЙСЫ ПОЗА ЫЛАЙЫКТУУ?"
– Жыныс кыныма түшкөн уруктук дароо эле агып түшүп калат. Ошондон уламбы, боюмда болбой жатат. Тааныш келиндерден сурасам алардыкы антпейт экен. "Биздики жыттап койсо эле боюбузда болот" деп тамашалап калышат. Бойго болтуруу үчүн кайсы поза ылайыктуу?
Барчынай, Бишкек шаары
– Бойго бүтүрүү позадан көз каранды эмес. Менимче, балалуу боло албаганыңыздардын себеби – ден соолугуңуздарда. Ал эми уруктуктун жыныс кынына кирбей эле сыртка агып калышынын эки себеби бар. Биринчиси – аялдын жыныс кынынын кеңейип кетиши. Экинчиси – эркектин бел суусунун начарлашы, башкача айтканда, суюлуп кетиши. Көбүнчө уруктук эркек простатит, везикулит ооруларына чалдыкканда суюлуп кетет. Сиздерге кеңешим, жолдошуңуз экөөңүздөр тең дарыгердин текшерүүсүнөн өтүңүздөр.
"ЭМНЕГЕ МЕНИН УРУКТУГУМ БАТ ТҮШӨТ?"
– Кыздар менен көпкө кумарга батайын десем эле коёнчосунан "1, 2, 3..." дегенде эле бүтүп калат. Бул эмнеси? Өнөктөшүмдү чала өлгөн жылан абалында калтыргым келбейт. Эрекцияны узакка созчу дарылар барбы?
Жумабек, Жумгал району
– Уруктуктун бат түшүп калуусунун эки себеби бар. Биринчиси, стресс. Экинчиси болсо, эн бездеринин сезгенүүсү. Албетте, эрекцияны узакка созчу дарылар бар. Бирок алгач ооруңуздун себебин аныктап, дарыланууну сунуштайм.
"АЛИГИМДЕН" СУЮКТУК АГА БЕРЕТ"
– Саламатсыздарбы? Кыздардан жагымдуу сөз уксам деле "алигимден" суюктук чыга берет. Оорулуу эмесминби?
Таалай, Бишкек шаары
– Чочулабаңыз, эрекция учурунда суюктуктун чыгышы нормалдуу көрүнүш. Анткени уруктук заара чыгуучу түтүктөр аркылуу чыгат. Зааранын курамында щелочтор бар экени баарыбызга белгилүү. Мындан улам организм автоматтык түрдө уруктук өлүп калбашы үчүн, анын активдүүлүгүн төмөндөтпөөнүн алдын алып каналдарды тазалоо максатында суюктук бөлүп чыгарат.
"УРУКТУГУМДУН ЖЫТЫ ЖАГЫМСЫЗ"
– 23 жаштамын. Үйлөнгөнүмө 4 жыл болду. Мен бүтүргөндө уруктугумдан жагымсыз жыт чыгат. Бул эмнеси?
Дамир, Кант шаары
– Уруктуктун жытын "каштан жыты" деп коюшат. Анын жыты канчалык жагымсыз болсо ошончолук күчтүү болот.
"ЖЫНЫС МҮЧӨМ КЫЙШЫК"
– Менин алигим кичине кезимде туура эмес кесилип калган. Илгич сымал ылдый ийилип, анан сол капталга бурулуп турат.Үйлөнсөм аялыма жагымсыз болобу деп чочулайм. Түздөтсө болобу?
Азат, Нарын шаары
– Айрым эркектердин жыныс мүчөсү тубаса кыйшык болот. Айрымдардыкы жыныс мүчөнүн ичиндеги ак кабыкчанын жаракатка кабылышынан кыйшайып калат. Жаракат көбүнчө одоно төшөк оюну учурунда катталат. Бул оору пейрони деп аталат.
Аталган ооруга чалдыккандар жыныстык катнашка барганда "алигиси" тартылышып оорутушу мүмкүн. Муну дары-дармектер жана операция жолу менен дарылоого болот.
"ЖЫНЫС МҮЧӨМ ӨТӨ ЭЛЕ КИЧИНЕКЕЙ"
– 15 жаштамын. Боюм 170 сантиметр. Мени ойлондурган нерсе – бул жыныс мүчөмдүн кичинелиги. Мончого барганда досторумдукун байкасам, алардыкы меникине караганда чоң экен. Ошондон кийин алар менен мончого барууну токтоттум. Эмнеге меники кичинекей? Негизи эркектердин жыныс мүчөсүнүн нормалдуу узундугу жана жоондугу кандай болушу керек?
Санжар, Бишкек шаары
– Жыныс мүчөнү узартуунун ар кандай ыкмалары бар: дары-дармектердин, көнүгүүлөрдүн жардамы менен, операция жолу менен дегендей. Негизинен, жыныс мүчөнүн чоң-кичинелиги расага да байланыштуу. Мисалы, азиат мырзаларыныкы 9-12 сантиметр болсо, европа улутундагылардыкы 12-15 сантиметрден жогору болот.
"ЖОЛДОШУМДУН УРУКТУГУ КАН АРАЛАШ ЧЫГЫП ЖАТАТ"
– Жолдошум экөөбүз баш кошуп жашаганыбызга 6 жыл болду. Акыркы 1 жылдан бери жолдошум өз ишин бүтүргөндөн кийин уруктугунун акыркы бөлүгү кан аралаш чыгат. Бул эмнеси? "Дарыгерге көрүн" десем, "кимге бармак элем?" деп болбойт.
Жумагүл, Нарын шаары
– Уруктукка кандын аралашып чыгуусу везикулит оорусунан кабар берет. Тактап айтканда, жолдошуңуздун уруктук ыйлаакчалары (семенной пузырёк) сезгенген. Эмне кылуу керек? Албетте, биринчи кезекте спермограмма, тиешелүү анализдерди тапшырып, УЗИден өтүү керек. Андан кийин гана дарылоого болот. Бул ооруну дарылабаса, тукумсуздукка алып келет.
"ТӨШӨК ОЮНУ УЧУРУНДА ЖЫНЫС КЫНЫМ ЖАРЫЛДЫ"
– Төрөт учурунда жыныс кыным жарылып, дарыгерлер тигишкен. 40 күндөн кийин жолдошум экөөбүз кошулганда ошол жери кайра жабыркады. Бирок гинекологго барбадым. Эч нерсе болбойбу?
Зарина, Токмок шаары
– Эгер кошулганда канабаса эч нерсе болбойт. Ошентсе да сөзсүз бир жолу гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп коюңуз. Анткени жыныс кыныңыздын тигилген жери бошоп кеңейип кетсе сиз да, жолдошуңуз да төшөк оюнунан кумар албай, өзүңүздөрдү ыңгайсыз сезишиңиздер мүмкүн.
Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге кат жазыңыз же kenesh@super.kg электрондук дарегине кайрылыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.