29-мартта "Супер-Инфо" гезитинин шеф-редактору Асхат Субанбеков менен super.kg порталынын кабарчысы Айзат Болотбек кызы кырк жылкылуу болушту. Кесиптештерибиздин тун кызы Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде жарыкка келди. Ата статусуна ээ болгон Асхат: "Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Ата-энемдин тун небереси болгондуктан ысым тандоо милдети чоң ата, чоң энесине ыйгарылды",- дейт. Эске салсак, таттуу түгөйлөр 1 жыл мурун баш кошушкан. Асхат менен Айзаттын кубанычына кубаныч тартуулаган, аркасынан көптөгөн бөбөктөрдү ээрчитип келген ак жолтой кыздардан болсун деп куттук айтабыз!