"МЕНДЕН БАШКАСЫНЫН БААРЫНЫН ЖАШООСУ ЖАКШЫ. ЭМНЕГЕ МЫНДАЙ?"

Социалдык тармактарды колдонуучулардын көбү өзүнүн жашоосун башка колдонуучулардын жашоосуна салыштырып, "алардыкы меникинен жакшы, көп нерсеге жетишишет. Менде андай эмес, эмнеге?" деп наалышат. Мунун себеби жана андан арылуу, жашоосун жакшыртуу жолдору тууралуу психолог жана коуч (психологиялык маселелерди четтетүүгө жардам берип, ийгиликке жетүү жана жашоо сапатын жакшыртуу сырларын үйрөткөн кеңешчи жана машыктыруучу) айтып берет.

Айзада Танаева, психолог: "СОЦТАРМАКТАРДА АДАМДАР ӨЗҮНҮН "МЫКТЫ ВЕРСИЯСЫН" ГАНА ТҮЗӨРҮН УНУТПАҢЫЗ"

Маселе эмнеде?

– Учурда социалдык тармактарды колдонбогон адамдар аз. Колдонуучулар ошол социалдык тармактардан башкалар (анын ичинде туугандары, эски тааныштары, интернеттен тапкан тааныштары жана башкалар) кандай жашап жаткандыгын, кимде эмне жаңылык бар экендигин билип турууну адатка айлантышкан.
Ал тургай башкалардын жүктөгөн сүрөттөрү менен баяндоолорун окуп отуруп, алар иштен тышкары конокко, киного, спорт залга, кафеге да барып, баарына жетишип жүргөндөй сезет. Башкалардын Инстаграмга жүктөгөн тамак-ашы да өзү жеген тамактардан артык көрүнөт. Башкача айтканда, башкалардын жашоосу менен өзүнүкүн салыштырып, башкалардыкы жакшы жана кызыктуу, өзүнүкү ак-кара болуп сезилет. Ушундан улам бара-бара өзүн колунан эч нерсе келбеген адам катары санай баштайт. Депрессияга түшөт, тынчсыздануу жаралат. Анткени менен "бүгүн кимде эмне жаңылык бар экен?" деп күн сайын интернетти ачкыча шашат. Кокус бир нече убакыт кирбей калса, көп кызыктардан куру калгандай сезим пайда болот. Тактап айтканда, башкалардын жашоосун текшерип туруу адаты жаралган. Ал эми ачкан сайын бөтөндөрдүн жашоосу фейерверк, а өзүнүкү эптеп жашоодой сезилгени сезилген.
Эгер сизде ушундай баарына жетише албаган, колунан эч нерсе келбеген сезим болсо, анда сизде "бир нерсени өткөрүп жиберүүдөн коркуу синдрому" бар.

"Бир нерсени өткөрүп жибербөө синдрому" деген эмне?

Англисче бул "FOMO" (fear of missing out) деп аталып, бизче "бир нерсени өткөрүп жиберүүдөн коркуу" дегенди билдирет. Бул термин 2013-жылы гана Оксфорд сөздүгүнүн онлайн версиясына киргизилген. Термин жаңы болгонуна карабай синдром акыр аягына чейин изилденген. Синдром көбүнчө, жогоруда айткандай, социалдык тармактарга байланып калган адамдарга тиешелүү. Изилдөөлөрдө социалдык тармакты колдонгондордун 56 пайызында телефонун өчүрүп жатканда "жаңылыктарды, кызыктуу постторду өткөрүп жибербеймби?" деген коркуу болгондугу аныкталган.
Мындай адат толук кандуу жашоого жолтоо болот. Эмне үчүн? Келгиле анда анализдеп көрөлү, башкалардын жашоосу чындап укмушпу?
Албетте, жок. Анткени соцтармактарда адамдар өзүнүн "мыкты версиясын" гана түзүүгө умтулушат. Башкача айтканда, интернетке жакшы окуяда же жакшы жерде, жакшы кийим менен түшкөн сүрөттөрүн гана киргизгенге аракет кылышат. Андыктан социалдык тармактарды реалдуулукту ишенимдүү чагылдырып берет деп ишенбөө керек. Анын үстүнө социалдык тармакта адам өзүн кайсы бир учурда баарына жетишип жаткандай көрсөтүшү мүмкүн. Бирок дамамат баарына жетишүү мүмкүн эмес. Бул өнөкөт чарчоого, ооруларга жана башка маселелерге да алып келе тургандыгы белгилүү. Андыктан "тиги баарына жетишип жатыптыр" деп өзүн төмөн сезүүнүн кереги жок.
Жашоосун жакшыртып кетүү үчүн ар ким аракет кылып, жакшы кеңештерди колдонуусу кажет.

Гүлзат Мамытбек, коуч: "АДАМ АРАКЕТ КЫЛСА МЭЭСИ ЖАКШЫ ИШТЕП, ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕТ"

– "Эмне үчүн меникинен башкалардын жашоосу жакшы, кызык?" деп кейип, эч нерсе кылбай отура бергендин ордуна адам аракет кылып, жашоосун кызыктуу жана жакшы кылып кетүүгө, ийгиликтерге жетүүгө умтулуусу кажет. Бул жаатта бир нече кеңештер бар. Анын үстүнө ар бирибиз жеке адам катары өзгөчөлүккө ээ экенибизди унутпашыбыз кажет.

Кеңештер:

1. Америкалык фантаст-жазуучу, дианетика жана саентологиянын негиздөөчүсү Рональд Хаббарддын "Эмоционалдык тондор шкаласы" (шкала кыскартылып берилди жана аны төмөндөн өйдө көздөй окуу керек).
Бул шкала ийгиликке жетүү сырларын ачат. Шкала канчалык өйдө көтөрүлгөн сайын адамдын мээси да ошончолук жакшы иштей баштайт. Мисалы, мээ өлүмдө 0 пайыз, кайгыда 3, коркууда 5, ачууда 10, зеригүүдө 15, энтузиазмда 70, эстетикада 75, аракетте 80 пайыз иштейт. Демек, эмоцияңыз канчалык көтөрүлгөн сайын мээңиз жакшы иштеп, ийгиликке жетүүгө мүмкүн болот. Анын үстүнө ачык маанай, жакшы мамиле башкалар менен оңой тил табышууга, алардан жардам алууга жол ачат. Эми шкаланы карап, сиздин эмоцияңыз азыр кайсы шкалада экенин жана кайсы шкалада көп жүрө турганыңызды аныктап көрүңүз. Ошондо ийгиликке эмнеге жетпей жатканыңызды түшүнөсүз.
Негизи адамдын эмоциясы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп турат. Мисалы, 1 саат мурун кубансаңыз, анан жагымсыз жаңылыктан маанайыңыз түштү. Анан кайра жакшы адам менен сүйлөшүп маанайыңыз көтөрүлдү. Кандай болгон күндө адам эмоциясын көзөмөлдөп, өзүн жакшы, позитивдүү алып жүрүүгө көнсө, ийгиликке тез жетет. Ачууңуз келип турган кезде чечим кабыл албаңыз, туура эмес чечим кабыл алып, аны кийин оңдоо кыйын болуп калуусу мүмкүн.


2. Эми жашоодон эмне алгыңыз, эмнеге жеткиңиз келерин тактаңыз. Ошол боюнча алдыңызга максаттарды коюп, аны аткарууга киришиңиз.
3. Алдыга жылууңузга жолтоо болуп жаткан адамдардан алыстаңыз (алар антагонизм эмоциясын карманышат). Алар эч нерсени жактырбай "ушул болмок беле, жаккан жок, мунуңду ташта" деп максатыңызды жокко чыгара берип, жашооңузду нөлгө чейин түшүрүп жиберишет.
4. Консерватизм шкаласын кармангандар заман өзгөрүлүп турарын, ага карап өзгөрүү керек экендигин унутпай, жаңыланууга бел байлоолору зарыл.
5. "Башкалар эмне дейт?" дегенди унутуңуз. Ката кетирип жатсаңыз да ага карабай алга жыла бериңиз. Катачылыктардан жашоону үйрөнүп, тажрыйба топтой турганыңызды унутпаңыз.
6. Жашыруун кастардын ким экендигин билүүгө умтулуңуз. Мисалы, бирөө менен сүйлөшүп бүткөн соң ага ичиңизден ыраазы болсоңуз, ал жакшы адам. Эгер ичиңиз чыкпай, жактырбасаңыз, анда жаман адам.
7. Ийгиликтүү адамдарга жакын болуп, алардан дос күтүңүз, кеңеш алыңыз.

Убакытты туура пайдаланыңыз!

Социалдык тармактарга көп убакыт коротуп, анан "мага тигини кылганга убакыт жетпей калды" дегендер көп. Андыктан социалдык тармактарга минимум убакыт жумшап, калганын төмөнкүлөргө жумшаган оң:

  • Алыстагы жакшы көргөн адамыңыз (курбуңуз, тууганыңыз) менен сүйлөшүңүз.
  • Хоббиңиз менен алектениңиз.
  • Акыл-эсти өстүрө турган китептерди окуңуз.
  • Чет тилди үйрөнүңүз.
  • Өзүңүзгө кам көрүңүз.
  • Алдыга пландарды түзүңүз жана башка.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
aisuluwa
2017-04-03 12:24:20
Туура айтылыптыр 100%кошулам мендагы соц тармактарга коп кирип башкалардын суротторун коруп наалый берчумун
+9
ozgeldi
2017-04-03 16:23:00
Мен кок мээ экем
+7
mirnur
2017-04-05 16:14:36
ozgeldi,мен айтчу созду айтып коюпсуз
+3
gordaya
2017-04-03 16:37:53
Рон Хаббарддан алысыраак эле болгула деп кенеш бермекмин
+1
Djal1987
2017-04-04 02:07:37
gordaya,эмнеге?
+1
Erkek94
2017-04-03 22:57:10
Жакшы кенеш экен ушундайларды коп чыгаргыла
+4
Aiturgan.95
2017-04-04 16:53:46
Абдан пайдалуу кенештер. Негизи баардык нерсе аракеттен коз каранды.
+1
Anjela98
2017-04-04 19:17:43
Менде мындай сезим аз.себеби фотолорун коруп жон ган кызыкканым болбосо озумду алардын жанында бактысыз деле сезбейм.Барына шугур кылам
+4
maks93
2017-04-05 08:10:00
Жакшы экен
+1
venera2905
2017-04-05 09:56:39
мен да убакытты туура пайдаланууну билбейт экенмин
+3
venera2905
2017-04-05 09:58:46
мен бир окуя жазгым келет башымдан откон десемда болот супер инфого киргизип окурмандардан кенеш сурагым келет каерге жазсам болот кенеш бергилечи а мен супер инфонун жанр колдонуучусумун
+1
admin_superstan
2017-04-05 12:51:50
venera2905, саламатсызбы? Баштын өткөргөн окуяны https://www.super.kg/superstan/ шилтемесы аркылуу кирип, билдирүү калтырып, форумдун колдонуучуларынан кеңеш ала аласыз. Ал эми гезитке төмөнкү электрондук дарек аркылуу жиберсеңиз болот: gezit@super.kg
+1
Narto_Margun
2017-04-06 23:12:52
Туура айтылган
+1
Girl1996
2017-04-07 17:31:22
озубузго озубуз жамгыр жаатабыз э
+2
belka
2017-04-08 11:45:45
Телефонум сынып калып бир ай телефону жок жүргөндө өтө көп үй жумуштарын бүтүрүп жаттым эле,эми жаңы телефон алгандан бери дагы жетише албай кыйналып баштадым.
+3
Aigerim4545
2018-01-08 22:25:01
А мен жөн эле жүрүпмүн эптеп септеп катуунун үстү менен жумшактын асты менен укмуш жалкоо болуп баратам
0
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан