КЫРГЫЗ 1:0 МАКАО. КАПИТАН АЛГА СҮРӨЙТ

28-мартта кыргыз футболчулары Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн алгачкы кадамын аттады. Бул күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары өз тайпасында Макаону кабыл алды.

3 УПАЙ АЛУУ ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ АТААНДАШ

Кыргыз футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында өз тайпасында 3-орунду камсыздап, 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Азия футбол конфедерациясынын системине ылайык, анда 24 команда 12 жолдомо үчүн күч сынашат. Кыргыз өлкөсү чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасында Индия, Мьянма жана Макао менен атаандаш болгон. Улуттук курама команда буга чейинки расмий беттешти 2016-жылдын 9-ноябрында өткөргөн. Анда "Ак шумкар" филиппиндиктерге 0:1 эсебинде утулуп калышкан эле.
1-турдагы атаандаш Макао 3 упай алуу үчүн ыңгайлуу атаандаш катары саналды. Себеби ФИФАнын рейтинги боюнча Макао 184-орунда гана жазылган. Тайпалык оюндарда биринчи оюнду жеңиш менен баштоо маанилүү.

ДАЯР ЭМЕС ФУТБОЛ ТАЛААСЫ, ГОЛ ТИЛЕГЕН КҮЙӨРМАНДАР

Жаздын кеч келиши футболго да таасирин тийгизди. Муну борборубуздагы негизги стадиондун футбол талаасы айгинелеп турду. Талаанын кээ бир жерлеринде чөптөр али чыга электиги топтун жүрүшүнө таасирин тийгизип жатты. Албетте, мындай учурда талаага көнүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат. "Ак шумкар" футболчулары 1-таймдын ортосуна чейин кооптуу абалдарды дээрлик жарата албай убара тартышты. Мирлан Мурзаев, Ахлидин Исраилов жана чабуулчу Виталий Люкс канчалык аракет кылбасын, Макао дарбазачысы кебелген жок. Бул убакытта Макао футболчулары кези келгенде контрчабуулга өтүшүп, Павел Матяштын дарбазасына сокку узатуудан уялышкан жок.
1-таймдын соңку мүнөттөрүнөн тарта күйөрмандардын "ак терек, көк терек, сизден бизге гол керек..." деген кыйкырыктары угула баштады...

«БАЙМАТОВ СЕРХИО РАМОСТОН КЕМ КАЛЫШПАЙТ...»

Экинчи бөлүктө күйөрмандардын колдоосу менен кыргыз футболчуларынын чабуулдары күчөдү. Эдгар Бернхардт бир катар кооптуу абалдарды жаратканы менен, таамай боло албай жатты. Бул мүнөттөрдө голдун "даамы" сезилип баштады. 69-мүнөттө "Ак шумкар" оң капталдан айып соккуга ээ болушту. Дээрлик 40 метрлик стандарттык абалды Ахлидин Исраилов айып аянтчасына көтөрүп берди. Ушуну эле күтүп турган Азамат Байматов башы менен сокку узатты. Гоо-оол! Стадион бир толкуду. Эсеп ачылды! 1:0!
Күйөрмандардын "биздин Байматов Серхио Рамостон кем калышпайт..." деген сөздөрү угулуп жатты. Чындыгында, капитан "Реалдын" коргоочусундай эле оюнду сактап кетти. Оюн жыйынтыгында Байматов беттештин мыкты футболчусу аталды.

«АЗИЯ КУБОГУНА КАРАЙ ЖОЛ ЖЕҢИШ МЕНЕН БАШТАЛДЫ»

Оюндан соң улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюн тууралуу ой бөлүштү:
– Оюндун жыйынтыгы канааттандырат. Башкысы, 3 упай алдык. Бирок оюн абдан татаал болду. Бир жагынан оюн талаасы, экинчи жагынан атаандаштар да коргонууда мыкты болуп жатышты. Футболчуларыбыз стандарттык абалдарга машыгууда көңүл бурушкан. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Эки-үч гол артыкчылык менен жеңебиз деп ойлогом. Бирок дагы деле мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатканыбызды моюнга алышыбыз керек.

Жалгыз голдун автору Азамат Байматов Азия Кубогуна карай жол жеңиш менен башталганына ыраазы экенин билдирди:
– Атаандашыбыз оюну менен бир чети таң калтырды. Оюндун биринчи таймында биз көрсөткөн футбол канааттандырарлык болбой жатты. Бирок экинчи бөлүктө чабуулдарыбызды күчөттүк. Өзгөчө айып соккуларга, стандарттык абалдарга көңүл койдук. Команданын ар бир мүчөсү гол жарата аларыбызга ишенип турдук. Анын жыйынтыгы 3 упай болду.

«А» ТАЙПАСЫНДА ИНДИЯ МЕНЕН КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ АЛГА ОЗДУ

Биздин тайпада Бишкектеги оюн менен катар Мьянма өз үйүндө Индияны кабыл алды. Оюндун дээрлик негизги мүнөтүндө тең чыгуу катталып, кошумча берилген убакытта гана индус футболчулары айырмаланышты. Жыйынтыгында Индия 3 упайга ээ болду. "А" тайпасында Кыргыз футболчулары менен катар Индия алга озсо, Макао менен Мьянма упайга ээ эмес. 2-турдук оюндар 13-июнда өтөт. Анда кыргыз футболчулары конокто Индия менен ойносо, Макао Мьянманы кабыл алат. Тайпалык оюндар 28-мартта башталып, 2018-жылдын 27-мартында аяктайт. Жалпысынан ар бир команда алтыдан оюн өткөрөт. Тайпадан 1-2-орун алган командалар 2019-жылда БАЭде өтө турган Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышат.

Улуттук курамдын көрүнүктүү футболчусу Антон Землянухин оюндун соңку мүнөттөрүндө гана талаага чыкты.


Макао дарбазачысы бир нече голдон сактап калды.


90 мүнөт бою колдогон күйөрмандарга футболчулар ыраазычылык билдирүүнү унутушкан жок.




Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Ulan2601
2017-04-03 13:05:14
Ак шумкарлар алга ийгилик
0
ernis_07
2017-04-03 17:06:27
Азаматтар ийгиликтер коштой берсин алыста журсон Кыргызстан жонундо жакшы кабарлар айтылса канчалык кубанасын,ал сезимди четте жургондор гана билишет
+1
Eliza.nurjanovna
2017-04-05 00:50:53
Ээхх футболду ооооло суйом да.азаматсын Азамат.ийгилик))
0
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан