Жийдеш Идирисова: "КОШ БОЙЛУУ ЭКЕНИМДИ УККАНДА КАЙНЕНЕМ ЫЙЛАДЫ"

– Жийдеш, саламатсыңбы? Жаздын келиши менен жашооңдо чоң жаңылык болорун билдик, көрдүк дегендей. Куттуктайбыз! Улуу кызың Севара менен жакында жарыкка алып келчү наристеңдин ортосу 11 жаш болот экен...
– Рахмат. Жаңы үйлөнгөндө "кичине иштеп акча таап алалы, кой, бул жумушту бүтүрүп алалы" деп жүрдүк. Андан кийин атым элге таанылып калды, "дагы иштеп алалы" деп отуруп убакыт өтүп кетиптир.

– Кызың Севара да аябай күтүп жүрсө керек, укканда сүйүндүбү?
– Кызым "качан бөбөк алып келесиң?" дей берчү. Акыркы жолу мага "сен "брак" болушуң керек, ээ, ошон үчүн төрөбөй жатасың да" деп жатпайбы. Угуп алып боорум эзилгиче каткырып, "брак" болсом сени төрөмөк эмесмин да" дегем. Ал азыр укмуш сүйүнүп, күтүп жатат.

– Кайын журтуң кандай кабыл алды?
– Боюмда бар экенин башында өзүм билген эмесмин. Курбу кызым "сенин боюңда бар болуш керек" дей бергенинен текшерилсем, чын эле бар экен. Негизи кайненем менен курбулардай эле тамашалашып сүйлөшө берем. Кош бойлуу экенимди айтсам "сен тамашалап жатасың" деп ишенбейт. "Коюңузчу, ушундай сөз менен кантип тамашалайм?" деп жатып ишендирдим. Угуп алып сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди.
Кайненем менен кайнатам сонун кишилер. Ашыкча сүйлөшпөйт, кийлигишпейт. Кесиби башка болгону менен, экөө тең чыгармачылыгымды колдошот. Кээде иштериме жетишпей жатканда атама айтып койсом, бат эле бүтүрүп коёт. Кайын сиңдим болсо азыр дүкөнгө кирип эле жаңы төрөлгөн баланын кийимин карап "алам" дей берет экен. Апам "коё тур, төрөлсүн" деп алдырбай жатыптыр.

– Эмнеге талгак болдуң?
– Бир нерсени жегим, ичким келип жолдошумду кыйнаган жокмун. Кафе, ресторандын тамагын жегим келбей калды. Чычкан, таракан аралап кеткенсип жийиркенмей адат таап алдым. Ошондуктан азыр үйдөн гана тамактанам.

– Кош бойлуу болгону өзүңдү эмнелерден чектедиң?
– Машина айдайын деп рулга отуруп көрдүм, бирок ар кандай кырдаалда нерв болот экем. Ошондуктан унаа башкарууну токтоттум. Андан башка нерсеге тыюу деле салган жокмун.

– Интернеттеги баракчаңа азыркы кезиңди сүрөткө тартып жүктөбөдүңбү, кош бойлуу экениңди интернеттен билген жакындарың да болдубу?
– Ооба, болду. Чындыгында, жарыялагым деле келген эмес. Кызым менен сейилдөөгө чыгып калганда мени сүрөткө тарткандарды байкап калгам. Алар менин сүрөтүмдү эмне кылышмак эле, интернетке илишсе керек деп ойлодум. Бирөө интернетке сүрөтүмдү илип, "Жийдеш Идирисова кош бойлуу" деп жазышын каалаган жокмун. Ошондуктан атайын өзүм фотосессия кылып, баракчама илдим.

– Эми сөздү чыгармачылыгыңа бурсак. Жакында эле чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Арасынан сени көрө алган жокпуз...
– Сенин эмгегиңди башка бирөө баалаган жакшы. Мен бирөөгө барып "менин эмгегимди баалап берчи" деп кантип айтам? Башкача айтканда, "мага ушул наамды бериңиз" деп өзүмдү өзүм көрсөтүүнү туура көргөн жокмун.

– Адам артта калган күндөрүнө саресеп салып, өзүнө-өзү баа бере да алышы керек эмеспи. Эмгегиңди өкмөт баалабаганына капа болгон жоксуңбу?
– Менин кабакта ырдап жүргөнүмдү эске албаганда, сахнага, эл алдына ырдап чыгып жатканыма 2-3 жыл болду. Канча бир жылдык эмгеги бар биздин улуу муундагы артисттерибиз деле эч кандай сыйлык албай келе жатышпайбы. Алардын жанында мен алышым керек эле дегеним уят го. Мага да өзүнүн учуру келет. Силердин сурооңордун төркүнүн да түшүнүп жатам. Сыйлык албаганым бир чети мага деле катуу тийиши мүмкүн. Анткени «Turkvizyon» сынагынын 2014-жылкы жеңүүчүсү казакстандык ырчы Жанар Дугалова болгондо президенти Нурсултан Назарбаев ага дароо Эл артисти наамын берген. Мен 2015-жылы 1-орунду алып келгенимде бийлик тараптан көңүл буруу деле болгон жок. Колдоп, мага назарын салган элим болду. Сынактын уюштуруучулары, башка элдин ырчылары менен сүйлөшүп калганда алар "сага мамлекет кандай сый көрсөттү?" деп сурашканда эмне айтарымды билбей калгам. "Элим таанып, жакшы көрүп калышты" дегенден башка эмне дейм? Чындыгында, элим гана колдоп алды.

– "Жолдошум болбосо, балким, мындай ийгиликке жетмек эмесмин" деп айтып каласың. Иш үстүндө уруш-талаш орун алган учур болобу?
– Кээде экөөбүздүн идеябыз бири-бирибизге жакпай, анын артынан урушуп, таарынышып кеткен учур көп эле болот. Мен муну кадыресе эле көрүнүш деп эсептейм. Менин айткандарымды жолдошум жактырбаса, эмнеге экенин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп келип, анан жыйынтыгына токтолот. Көп учурда мен ага баш ийем. Анткени ал профессионалдуу музыкант. Туура эмес болсо мен ийгиликтерге жетишмек да, силерге азыр интервью бермек да эмесмин, туурабы (күлүп)? Эң башкысы, иштин айынан болгон уруш-талашты жеке мамилеге сүйрөп алып кетпейбиз. Жумуштан чыкканда таарынычтын баарын студияга кулпулап салып, анан үйгө жөнөйбүз.

– Телефон чалсак эле "көчүп жатам, оңдоп-түзөө иштери менен жүрөм" деп жаттың эле, жаңы конуштуу болдуңбу?
– Биз бир бөлмөлүү батирде жашачубуз. Силер "Жылдыздын үйүндө конокто" деген рубрикабызга чыгыңыз" дегениңерде "104-сериядагы бир бөлмөлүү батирде жашайм, үйүмдү чоңойтолу, анан чакырам" дечү элем (күлүп). Эки жылда топтогон акчабызга төрт бөлмөлүү батир алдык. Мурунку үйүбүздү сатып, анын акчасын жаңы батирибиздин оңдоп-түзөөсүнө жумшап жатабыз. Эми конокко чакырам силерди.

– Жакшы, жолдошуң корей улутунан эмеспи, алардын колунан жасалган тамакты сүйүүчүлөр да көп. Сен корей ашканасын өздөштүрө алдыңбы?
– Толугу менен баарын үйрөндүм деп айта албайм. Бирок үйдө көп желген тамактарды үйрөндүм. Кукси деген муздак тамагы бар. Ошону жакшы көрөм. Жай жакындап калды, эми ошол тамакты бат-баттан жасайм. Кыргыздын ашканасында эт анан камыр сөзсүз болуш керек го, корейдикинде чөп-чар, жашылча-жемиш көбүрөөк орун алат. Негизи мен тамак ылгабайм.

– Буюрса, аман-эсен көз жарып алсаң, бир аз тыныгуу жасайсыңбы?
– Май айында көз жарсам, жай башталары менен ишке киришем. Анткени «Turkvizyon» сынагы ушул жылдын сентябь айында Астана шаарында өтөт. Мурунку сынакта жеңүүчү болгондор конок катары чакырылат. Ошондуктан азыртадан кандай стилде, кайсы ырды ырдайм деп ойлонуп жатабыз.

– Продюсердик борбор ачканыңды билебиз...
– Ооба, ушул жылдын январь айынын аягында менин атымдагы продюсердик борбор ачканбыз. Бий, вокал жана музыкалык аспаптарда ойноо боюнча 3 багытта жаштарды тарбиялап жатабыз. Алгачкы окуучуларыбыз июнда окуусун аяктап, сертификат алып чыгышат.

– Рахмат маегиңе, аман-эсен көз жарып ал.

"Бир нерсеге талгак болуп жолдошумду кыйнаган жокмун".


"Кызым Нарында таенесинин колунда жүргөндө комуз ийримине барчу. Азыр жаныма алдым. Окуусун бир жолго салып алса, комузду чертүүнү үйрөнүүсүн улантат".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жийдеш Идирисова: "Курсактагы балам менен сүйлөшөм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
Kairy12
2017-04-04 17:12:05
Куттуктайм!
+3
Suluu8888
2017-04-04 21:48:20
Жийдиш канчанчы жылгы болот
+1
Eliza.nurjanovna
2017-04-05 00:40:32
Suluu8888,1985-жылкы.откон сандарында бар
+1
admin_superstan
2017-04-05 09:58:23
FC.KERBEN, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
+1
Sajakat14
2017-04-05 13:46:12
Жийдеш аман эсен көз жарып ал! Бактылуу эне бол! Ден соолукта бол!
+3
wirin
2017-04-06 13:35:02
уррааа мен супер инфого катталдыым
-3
nurchik05
2017-04-06 16:35:07
бул кызды тааныбайт экенмин
-2
futboler
2017-04-06 23:12:50
Жакшы маек болуптур, аман эсен коз жарып алсын, бакыт ийгилик каалайм, кудайды оозунан тушурбогон жонокой адам экен
0
AKCAHAT
2017-04-07 13:08:23
Ырас кылат кореецке тийсе. Башкысы суйкумдуу жар бактылуу эне ийгиликтуу айым. Кыргызга тийип эле мнени кыйратмак эле. Мына бири 3 майыпты жетелеп маршрутка жууп журот уйу жок батирден батирме,бири 50го чыкса да бааланбай тепсенди болуп журот кыргызда мындай кордолгондор азап чеккен бактысыз аялдар толтура.Итке тиеби питке тиеби эн башкысы аялдык бакытты корсун ар бир аялзаты. Патриоты ...в . Аял башы мн кош бойлуу аялга негатив мамиле жасагандар соз жок .......синер силер. Аман эсен женилдеп ал
+5
kaniulia
2017-04-07 20:55:14
Тегинди сактаймын десен-уулунду тарбияла.
Улутунду сактаймын десен-кызынды тарбияла.
0
nzamir
2017-04-07 22:22:40
Жийдеш өтө таланттуу жана нукура кыргыздын сулуу, акылдуу жана ачык маанайлуу кызы. мен сени өллө жакшы көрөм.
+1
mahabat.
2017-04-08 01:37:10
Жийдешти сыйлайм.туура суйлогон наам тууралуу.эстуу экен.аман эсен коз жарып ал.Сен сулуусун
+1
SherhaN
2017-04-08 10:16:08
азаматсын! кореецке тийип алыпсын
-4
Lenovo97
2017-04-08 19:52:13
Жакшы, Ийгилик каалайм!
+2
anara91
2017-04-10 01:14:19
Мурунку интервюсун кантип окуса болот
+1
Malik92
2017-04-10 01:37:26
Мусулман болбосо никеси өтпөйт зынаа кылгандай болот ошол жагын ойлош керек. А зынаа кылгандар тозоко!!!
-1
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан