БИР БҮРКҮМ

  • 1992-жылдан бери өлкөдө иштеп келе жаткан эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аталышы "Сапат" болуп өзгөртүлдү. Анын негиздөөчүлөрүнүн курамына Билим берүү жана илим министрлиги да кирди. Буга чейин Түркия бийлиги менен диний ишмер Фетхуллах Гүлендин тирешинен улам "СЕБАТ" мекемесине кысым күчөгөн болчу.

  • Өлкөнүн экс-президенти АСКАР АКАЕВ менен кызы Бермет Акаева биргеликте Кыргыз мамлекетинин келечеги тууралуу китеп жазышты. Анда өлкөнүн 2030-жылга чейинки стратегиялык өнүгүүсү кандай болору тууралуу ойлор чагылдырылган.

  • 2017-жылдын январь айында өлкөдө ЭХИНОКОККОЗ менен ооруган 65 жаран катталды. Бул былтыркы жылдын ошол айына салыштырмалуу 22,2 пайызга жогору.

  • Мектептерде КИТЕПТЕРГЕ акы төлөө системи кайрадан ишке киргизилүүдө. Ар бир китептин ижара баасы 20 сомго бааланды. Китепке акы төлөө 1996-жылдан 2006-жылга чейин жүргүзүлүп, кийин токтотулган болчу.

  • ОНКОЛОГИЯЛЫК ооруларды текшерүүчү Бабатрон-II аттуу 10 миллион долларлык аппарат 2 айдын ичинде Кыргыз өлкөсүнө алып келинет. Бул маалымат саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев менен Индиянын өлкөбүздөгү элчиси Лакшманан Сависри менен болгон жолугушууда белгилүү болду.

  • ОРОЗО айынын башталышы болжолдуу түрдө 27-майга же 28-майга туура келет. Аталган маалыматты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.

  • Кыргыз мамлекетинде 7-АПРЕЛЬ – Элдик революция күнү болгондугуна байланыштуу дем алыш деп жарыяланды.

  • Кыргыз өлкөсүнүн айыл жериндеги жашоочулары шаар тургундарына караганда 5 жылга АЗ ЖАШАЙТ. Ал эми эркектердин өмүрүнүн орточо узактыгы 66,7 жаш, аялдардыкы болсо 74,8 жаш. Өлкө боюнча учурда эң көп төрөлүүлөрдүн саны Ош жана Баткен облустарына туура келет.

  • Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын МУФТИЙИН шайлоо 4-апрелде өтөт. Учурда аталган кызматка азыркы муфтий Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ниязалы Арипов талапкерлигин көрсөтүшкөн. Муфтийди өлкө мусулмандарынын курултайында уламалар кеңешинин мүчөлөрү шайлашат.

  • УЧАК КЫРСЫГЫНАН жабыркагандарга акча чогултуу үчүн ачылган ӨКМнын банктагы атайын эсеби кайрадан иштей баштады. Мындай кадамга жардам берүүнү каалаган уюмдардын жана жарандардын өтүнүчү себеп болгон. Кайрадан ачылган банктагы эсепке 27-мартка карата 3 миллион 840 миң 584 сом түшүп, жалпы 100 миллион сомдон ашкан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан