ДЕПУТАТТАРДЫН КРЫМГА САПАРЫ СЫНГА КАБЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаттар Ирина Карамушкина менен Марат Аманкуловдун Крымга жасаган сапары парламенттин комитет жыйынында сынга алынды. Аталган аймак Орусия менен Украинанын ортосундагы талаш жер экендиги белгилүү. Кыргыз мамлекетиндеги Украина элчилиги депутаттардын макулдашпастан Крымга барганына нааразычылык билдирип, Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлоого чакырып, Тышкы иштер министрлигине кайрылды.
Карамушкинанын 25-мартта орусиялык кесиптештери менен жолугушууда Кыргыз өлкөсүнө нааразычылык айтып, даттануусу да коомдо кызуу талкуу жаратты. "Мен расмий тилди коргоп сүйлөсөм, "Кремлдин тыңчысы" деп аташат" деген Карамушкина. Андан сырткары депутат айым мандатын алуу аракеттери болгонун жана парламенттин депутаттары анын демилгелерин колдобой жатканына нааразы экенин билдирген. Мындан улам парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Карамушкинанын сөзүнө моралдык баа берүүнү КСДП фракциясына сунуштады. Карамушкина болсо 30-марттагы парламент жыйынында Орусияда сүйлөгөн сөздөрү эч кимди басынтуу максатында айтылбаганын жана сөздүн текстине укуктук баа берүү үчүн УКМКга кайрыларын билдирди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан