ДАРЫЛАР ЭМНЕДЕН ЖАСАЛАТ?

Байыркы убакта адамдар ден соолукка керектүү чөптөрдү айырмалай билишип, дарылыкка пайдаланышкан. Дары чөптөрдүн үстүнө жаныбарлардын органдары, ткандары кошулган. Ошентип, дары-дармектердин катары өсүп отуруп, акыры адамзат дарыларды синтездеп алууну үйрөндү.

БАШКЫ СӨЗ ОРДУНА
Дары каражаттары, негизинен, дары өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардын органдарынан жана ткандарынан, синтетикалык жол аркылуу алынган заттардан жасалат. Синтетикалык заттар деп синтездөө (жөнөкөй заттардан татаал химиялык кошулмаларды алуу) менен алынуучу заттар аталат.
Төмөндө дары-дармектердин кээ бир түрлөрү жана алар эмнеден жасала тургандыгы жөнүндө сөз кылабыз.

АСПИРИН МАЖҮРҮМ ТАЛДЫН КАБЫГЫНАН ЖАСАЛАТ
Илгери эле адамдар мажүрүм талдын кабыгы баш ооруга жардам берерин билишкен. “Оорум басылсын” дегендер кабыкты чайнашкан. Кабыктын дарылык касиети – анын курамында салицил кислотасынын бар экендигинде. Алгач ирет аспиринди 1897-жылы немис химиги Феликс Хоффан синтездөө жолу менен алган. Ошол кезде анын атасы муун оорусунан азап тартып, Феликс аспирин атасынын дартына жардам болобу деп ойлогон. Жаңы дары атасына канчалык жардам бергени белгисиз. Бирок аспирин эл эң көп колдонгон дарыга айланганы чындык. Буга аталган дарынын бир жылда 45 тоннадан ашык сатылган учурлары далил. Салицил кислотасы тобулгуда да бар. Андыктан аспирин кийинки учурларда тобулгудан да синтезделип алына баштаган.

ОЙМОК ГҮЛ ЖҮРӨК ООРУСУНУН ДАБАСЫ
Оймок гүл – уулуу өсүмдүк. Бирок андан жүрөк оорусунда аз өлчөмдө колдонула турган дары каражаттары алынат.

ХИН ДАРАГЫ КАЛТЫРАТМАНЫ ДАРЫЛАЙТ
Илгери тропик өлкөлөрүндө калтыратма оорусу миңдеген адамдардын өмүрүн алып кетип турган. Кийин Түштүк Америкада өсүүчү хин дарагынын кабыгынан алынуучу хинин заты калтыратманы баса тургандыгы билинген. Хинин кошулуп жасалуучу дарылар азыр да колдонулат.

АПИЙИМДЕН ООРУНУ СЕЗДИРБӨӨЧҮ ДАРЫ АЛЫНАТ
Апийимден ооруну сездирбөөчү күчтүү каражат – морфий алынат. Жөтөлдө колдонулуучу ооруну сездирбөөчү каражат – кодеин да апийимден алына тургандыгын айта кетели.

ИНСУЛИН БОДО МАЛДАН, АНАН ЧОЧКОДОН АЛЫНАТ
Кант диабети менен Жер шарында болжол менен 10-15 миллион адам ооруйт. Алар өмүр бою инсулин дарысы менен жашоого аргасыз. Инсулин дарысын 1921-жылы канадалык изилдөөчү Фредерик Бантинг туула элек музоонун уйку безинин тканынан алып жасаган. Ошондон тарта дары кеңири колдонулууга өтүп, 1922-жылы изилдөөчү дал ушул дарысы үчүн “Нобель” сыйлыгын алган.
Учурда диабетти дарылоодо бодо малдын жана чочконун уйку бези бөлүп чыгарган инсулин гормону колдонулат.

ПЕНИЦИЛЛИН ҮЧҮН КОЗУ КАРЫН ТҮРҮ КОЛДОНУЛАТ
Тамак-аш, өзгөчө нандын бети көгөрүп кетерин билебиз. Үйдүн дубалдарын да көк басып кетери белгилүү. Дал ошол көк басып кетүүгө күнөөлүүлөр – пенициллин тобундагы эң майда козу карындар (грибок). Бирок дал ошолордон антибиотиктер даярдалып, канчалык ооруларга шыпаа болуп жатканы көпчүлүккө белгисиз.
Пенициллинди 1929-жылы англиялык микробиолог Александр Флеминг ачкан. Ал жуулбай калган идиштин көгөрүп кеткен темгилдүү бетин изилдеген. Натыйжада эң майда козу карындар бактериялардын көбөйүп кетүүсүнө жол бербей турган антибиотикалык заттарды бөлүп чыгара тургандыгын аныктаган. Ошентип, акырында ал таза пенициллинди алып, кийин бул үчүн “Нобелге” көрсөтүлгөн. Учурда пенициллин дале козу карындардан алынат. Пенициллинден сырткары синтезделип алынган көптөгөн антибиотиктер бар.

ЖЫЛАНДЫН УУСУ КАЙРА ЭЛЕ
ЖЫЛАНДЫН УУСУНА КАРШЫ КОЛДОНУЛАТ
Дүйнөдө уулуу жыландардын чагып алуусуна бир жылда болжол менен 500 миң адам кабылып, алардын 30-40 миңдейи өлөт.
Жыландын уусу кошулуп жасалган дарылар талма, стенокардия (жүрөк оорусу), гемофилия, кызыл жүгүрүк жана башка ооруларды айыктырууда жана канды токтотууда колдонулат. Жыландын уусунан кайра эле жылан чагып алгандарды өлүмдөн сактоочу сары суулар алынат. Тагыраак айтканда, жыландын уусу аз өлчөмдө жылкыларга сайылат да, алардын организминде жыландын уусуна каршы иммунитет жаралат. Анан андай жылкылардын канындагы сары суулар алынып, жыландын уусуна каршы дары катары колдонулат.

БОЙГО БҮТҮРБӨӨЧҮ БИР КУТУ ДАРЫ ҮЧҮН 2000 ЧОЧКО СОЮЛЧУ
1920-жылдары австриялык биолог Людвиг Хаберландт урук безинин экстракты берилген келемиштер көбөйбөй тургандыгын аныктаган. Бул жаатында ал изилдөөлөрдү жүргүзүп, акыры 1931-жылы аялдардын боюна бүтүрбөөчү каражат катары гормондорду колдонуу керектигин сунуштаган. Бирок анын дарысы колдонууга киргизиле электе ал көз жумат. Согуштан кийин гана окумуштуулар Людвигдин дарысын эстешип, аны чыгарууга киришишет. Кызыгы, бир куту бойго бүтүрбөөчү гормоналдык дарыны алуу үчүн 2000 ургаачы чочко союлчу. Мындай көрүнүш арзан синтетикалык гормон ойлонуп табылган 1944-жылга чейин созулган.

УПА ТҮРҮНДӨГҮ ДАРЫЛАРГА МИНЕРАЛДАР ДА ПАЙДАЛАНЫЛАТ
Упа түрүндөгү дарыларга кургатылган минералдар (бром, йод, күкүрт, туз ж.б.) жана өсүмдүк заттары колдонулат. Мисалы, алар көз ооруларында, балдардын денесинин бычылып кетүүсүнө каршы пайдаланылат. Колтукка жана буттун грибок оорусуна колдонулуучу түрлөрү да бар. Упа дарылардын курамына нафталин, бор кислотасы, эфир майы, жемиш дарактарынын чайыры жана башкалар да кошулат.

ЖАНА ДА...

  • Итий оорусуна каршы дары балыктын майынан жасалат.
  • Кытай элдик медицинасында дарылыкка жылан, бака, курт-кумурскалар, деңиз жаныбарларынын сөөктөрү, деңиз өсүмдүктөрү жана башкалар пайдаланылат.
  • Дары майлардын (мазь) негизги курамы үчүн жаныбарлардын майы, каймак май, ланолин, вазелин колдонулат. Ал эми суюк дары майлардын курамында (линименттер) күн караманын, зыгырдын, кара куурайдын майы бар.

ЖАНЫБАРЛАРДЫН ОРГАНДАРЫНАН БАДдар ЖАСАЛАТ
Курамында белоктор, витаминдер, минералдык заттар жана микроэлементтер бар биологиялык активдүү кошулмалардын (БАД) кээ бир түрү жаныбарлардын органдарынан жана ткандарынан алынат. Мисалы, жаныбарлардын баш мээсинин кабыкчасынан церабрамин дарысы алынат. Бул дары адамдын мээсинин иштөөсүн жакшыртат. Жаныбарлардын кекиртегинин былжыр кабыкчасынан бронхалмин БАДы, урук чыктагыч безинен просталамин, боорунан гепатамин, жүрөк булчуңунан корамин, кемирчегинен хондрамин БАДы алынат.
Бугунун мүйүзүнөн да БАДдар, таблеткалар, экстракттар жасала тургандыгын айта кетели. Мисалга алсак, цыгапан, эпсорин. Булар иммунитетти чыңдап, стресстерден келип чыгуучу оорулардын алдын алат. Операциядан кийин организмдин бат өзүнө келүүсүнө көмөк берип, адамдын ойлоо жана иштөө жөндөмдүүлүгүн арттырат. Мындан башка да көптөгөн касиеттери бар.
БАДдар дары катары саналбайт. Бирок тамакка кошумча катары сунушталып, оорудан айыгууда көмөгү зор.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taллаc
2010-04-14 22:12:45
ммм. Кызык экен.
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан