АКЫЙКАТЧЫ ПРЕЗИДЕНТТЕН ЖМКларга БОЛГОН АРЫЗЫН КАЙТАРЫП АЛУУНУ СУРАЙТ

Кыргыз мамлекетинин акыйкатчысы Кубат Оторбаев президент Алмазбек Атамбаевден ЖМКларды сотко берген доо-арызды кайтарып алууну сурап кайрылат. Аталган маалыматты 30-мартта акыйкатчы өлкөдөгү сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар талкууланган тегерек стол учурунда билдирди. Ал аталган арыздын үстүндө көпкө ойлонгонун жана тынчсызданганын айтты. "Өз оюн айтууга жана тынчтык митингине чыгууну чектегенге каршымын" дейт Оторбаев. 24-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Март революциясын эскерүү иш-чарасында арыздарын кайтарып албай турганын баса белгилеген. "Журналисттер чынчыл жана объективдүү болууга милдеттүү. Мындан улам төртүнчү бийлик да жооп берсин",- деп билдирген Атамбаев.
Айта кетсек, "Азаттык" жана "Занозаны" Башкы прокуратура "президенттин аброюна шек келтирди, такталбаган маалымат таратты" деп сотко берген. Келтирилген моралдык чыгым жалпысынан 26 миллион сомго бааланган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан