28-мартта Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновду сотко беришти. Алар "УКМК Белизден келди деген документтер жасалма болуп чыкты. Мекеме башчысы ал жалааны далилдеп бербеди, жалган маалымат менен биздин аброюбузга шек келтирди" деген ойдо. Белизден келген "Мегаком" боюнча үч "ата мекенчини" айыптаган документ жасалма деген жүйө менен арыз Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жолдонгон. Арызда Текебаевге келтирилген моралдык зыян үчүн
60 миллион сом өндүрүү жана Сегизбаев менен Үсөновдун мүлктөрүн камакка алууну сурашкан. Аталган арыз боюнча Алмаз Үсөнов: "Ата Мекендин" депутаттарынын активдешүүсү укук коргоо органдары алар аралашкан коррупциялык иштердин бетин ача баштаганына байланыштуу",- деп жарыялады.
Эске салсак, 2016-жылдын ноябрында президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев "Белизден расмий кат келди, алар 3 адамдын "Мегакомго" байланыштуу кылмышы бардыгын көрсөтөт" деп документтер менен тааныштырган. Ал документтер тартылган сүрөттөрдө депутаттар Текебаев, Шыкмаматов жана Салянованын ысымдары ачык көрүнүп турат. Бул кабар президенттик маалымат кызматы тарабынан ЖМКларга жайылтылган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg