2010-жылы Апрель окуясынан кийин талап-тоноочулукка байланыштуу Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин негизинде УКМК 28-мартта экс-депутат Райкан Төлөгөновду камакка алды. Ал "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болгон. УКМК "Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейин болгон тоноочулук иштерге жетекчилик кылган" деп көрсөтүүдө. Бул ишке байланыштуу 2012-жылы кылмыш иши козголгон жана иликтөөнүн жыйынтыгында шектүүлөр кармалып, Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековдун уулдары соттолгон. Райкан Төлөгөновдун камакка алынышына байланыштуу 29-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Наталья Никитенко жана Төлөгөновдун уулу маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Иса Төлөгөнов "УКМКнын кызматкерлери "Текебаевге каршы көрсөтмө бер. Болбосо абакта жаткан уулуң чыгарылбайт" деп атамды шантаж кылышты" деп билдирди. УКМК бул маалыматты "жоопкерчиликтен качуу аракети" деп четке какты.
Буга чейин 2010-жылдагы мародёрчулукту мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев жетекчиликке алып иликтеп, бирок аягына чыгарган эмес. Ошол учурда бул окуяга тиешеси бар делген адамдардын тизмесинде "ата мекенчи" Болот Шердин да аты аталган. 29-мартта өткөн Текебаевди колдоо митингинде Болот Шер аталган иш боюнча "ким менин бир мык алганымды далилдесе, атып салышсын" деп айтты.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg