САДЫР ЖАПАРОВ 28-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН КАМАКТА БОЛОТ

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандарга карата Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими чыкты. Аталган мекеменин тараткан маалыматына караганда, митингде кармалган адамдардын 12си 2 айга камакка алынган. Акыйкатчы институтунун билдирүүсү боюнча, камалгандардын арасында Жапаровдун агасы, уулу жана бир нече туугандары бар. Ошондой эле митингде жалпы 105 адам кармалып, алардын 64ү 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Айрымдары административдик жазага тартылышты. Ал эми Садыр Жапаровдун өзү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 28-апрелге чейин камалды.
Эске салсак, Садыр Жапаров Орусия жана Казакстандагы кыргызстандык мигранттар менен жолугушууларды өткөргөн соң 25-мартта өлкөгө келген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери аны чек арадан кармап кетишкен. Жапаровдун колдоочулары УКМКнын алдында митинг уюштуруп, анын аягы митингди кууп таратуу, кубалашуу, кармоолор, асманга ок атуу менен аяктаган.
Айта кетсек, 2013-жылы Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы "Кумтөргө" байланыштуу митингде мурунку облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу окуясына тиешеси бар деп Жапаровго кылмыш иши козголгон.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан