БИЛИМИ МЕНЕН МИҢДИ ЖЫКЧУ ОКУУЧУЛАРДЫ САПАР ИСАКОВ СЫЙЛАДЫ

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков мектеп окуучуларынын арасында өткөн республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Аталган иш-чара 28-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болуп өттү. Исаков өз сөзүндө салтанатта отургандардын арасында келечектеги ойлоп табуучулардын бар экенине ишенерин жана келечекте Кыргыз өлкөсү чөлкөмдөгү өнүккөн өлкө болорун айтты. "Эрдик жасоодон коркпогула, максаттарыңарды ишке ашырууга аракет кылгыла",- деди ал. Республикалык олимпиада химия, математика, география, физика, информатика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, тарых сабактары боюнча өтүп, ага өлкөдөн 316 окуучу катышкан. Жеңүүчүлөр диплом жана сертификаттар менен сыйланышты. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, биринчи орунду алгандар өз предмети боюнча өлкөдөгү окуу жайларга сынаксыз тапшыруу укугун да алышты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан