ТООДО БЕКЕМ КАТЫЛГАН ПОТЕНЦИАЛ

Ысык-Көлдөгү "Күрмөнтүцемент" заводунун бул аймактын эң алдыңкы өндүрүш ишканаларынын бири болууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, бул жердеги акиташтын запасы 53 миллион тоннага барабар. "Күрмөнтүцемент" заводу жылына 60 миң тонна цемент жана 20 миң тонна курулуш акиташын өндүрүүгө күчү жетет. Бирок бул ишкана учурда мунун аз гана бөлүгүн чыгарат жана заводдун жетекчисинин айтымында, алар азырынча ошого да ыраазы.

"Күрмөнтүцемент" заводунун азыркы тапта иштеп жатканынын өзү эле кандайдыр бир кереметтей сезилет. Себеби азыркы шартта, деги эле өндүрүштү жандантып, токтотпой кармап туруу деле оңой иш эмес. Заводду кыдырып көрсөң дале Совет заманында жүргөндөй элес калтырат. Бирок ошол убактагы партия менен өкмөттү даңктаган жазуулар жок жана имарат, курулуштардын бардыгы кыйла эскирип калган. Короодо узак өмүр сүргөн, учурунда советтик авто өндүрүштүн сыймыгы болгон "БелАз" автоунаалары, көптү көргөн экскаваторлор тизилип турат. Цехтер Никита Хрущёвдун убагындагы полублок кыштан салынган имараттарда жайгашкан. Ал эми ишкананын директору Олег Оточконун маанайы ачык, себеби ишкана токтобой иштеп жатат:
– Учурда ишканабыз туруктуу иштеп, алдыга карай бир топ пландарды коюп жатабыз. Ишкананы банкрот кылуу процесси жүрүп, ал жакшы жагына бүткөнү турат. Буюрса, алга карай жылганга шарт болот,- дейт ал.
Мындай маанайынын себеби көп жылдар бою "Күрмөнтүцемент" ишканасынын айланасында талаш жүрүп, ээси аныкталбай келген. Директордун айтымында, акыры бул ызы-чууга чекит коюлуп, баары орду-ордуна келет көрүнөт. Аны менен бирге заводдун алдында ири инвестициялык пландары бар. Буюрса, эми жаңы меш курулуп, жогорку сапаттагы цемент чыгарыла баштайт. Ошондой эле "Күрмөнтүцемент" заводу курулуш материалдарынын кеңири тизмесин да чыгара алат.

– Кендеги запастар дээрлик 70 жылга жетет. Акиташ, цементтен сырткары курулуш, жасалгалоо, мисалы, шыбакка керек болгон материалдар, силикат кыш, металлоконструкция менен Кыргызстандын баарын камсыз кыла алат элек,- дейт Олег Оточко.
"Толук бактылуу болуш үчүн канча акча жетет эле?" деген тамаша иретинде берилген суроого заводдун директорунун жообу кичине таң калтырды. Миллиондогон санды угабыз деп жаткан кулактарга 500 миң доллар деген акча такыр эле кичинекей сумма көрүнүп кетти. Мындай караганда бул акча Бишкек шаарындагы бир же эки хан сарайдын баасы болушу мүмкүн. Экинчи жагынан алыскы аймакта өндүрүш иштеп жатканы жакшы маанай тартуулабай койбойт.
Олег Оточконун айтымында, заводдун туруктуу иштеп жатканынын дагы бир себеби – "Кумтөр" ишканасы менен болгон кызматташуу. Эки жылдан бери алтын кен комбинаты "Күрмөнтүцемент" заводунан акиташ алууда, завод айына чыгарган көлөмдүн үчтөн бир бөлүгү "Кумтөргө" кетет.

– Акиташ "Кумтөрдө" цианиддердин активдүүлүгүн жокко чыгаруу үчүн колдонулат. Биздин акиташтын курамында активдүү заттардын көлөмү өтө жогору. 2 жылдан бери биз бул ишкана менен иштешип, аларга акиташ сатабыз. Ошондуктан продукциябыздын бир бөлүгүн кай жакка сатабыз деп башыбыз оорубайт. Алардын акиташка болгон муктаждыктарын биз жапсак жакшы болмок, бирок "Кумтөрдүн" саясаты башка экен,- деп билдирет Олег Оточко.
"Кумтөрдүн" ар кыл өнөктөштөр менен иштегенинин себеби бар. Кен компаниясы бир ишкана менен эле иштешип, ал кандайдыр бир себептерден эртең токтоп калса кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Ишкерлердин акыл-насааты боюнча, жумуртканы бир баштыкка салган болбойт. Мында ушул саясат колдонулгандай сыяктанат. "Күрмөнтүцементтин" жетекчисинин айтымында, бул кызматташуудан көп пайдалуу нерселер чыгып жатат.

– Биздин продукцияга "Кумтөр" абдан жогорку талаптарды коёт. Буга акиташты ташыган автоунаалардын техникалык абалы тийиштүү деңгээлде болушу, продукция салынган каптардын сертификациядан өтүшү жана башка жагдайлар кирет. Мындай ишкана менен иштешкен оң таасир берип, тартип, ишке болгон мамилебизди туура нукка салат,- деп Оточко "Кумтөр" менен кызматташуунун пайдасы тууралуу билдирет.
Ишканада баш-аягы 73 киши иштейт жана кызматкерлердин орточо айлыгы 20 миң сомду түзөт. Мындай караганда бул сумма айыл жергеси үчүн бир топ эле акча. Аттиң десең, аймакта "Кумтөрдөн" башка акиташ, цементти заказ кылуучу ири жана чакан ишканалардын дээрлик жоктугу! Андай болгондо, албетте, "Күрмөнтүцементтин" алдында кенен жол ачылып, жумушчулардын саны кыйла көбөймөк. Бул болсо жаңы жумушчу орундар, бюджетке социалдык жана салыктык төлөмдөр.
Негизи Ысык-Көл аймагынын башкы кыйынчылыгы – бул коммуникациялар болушу керек. Олег Оточконун айтымында, продукциянын баасын жүк ташуу кыйла кымбаттатат. Автоунаа менен ташуу, жүктөө-түшүрүү, өңгүл-дөңгүл жол менен жеткирүү кымбатка турат. Суу менен алып барса, ташуунун баасы андан да жогору болот. Ысык-Көлдүн жээгин бойлой темир жол курулуп калса бардыгына эң сонун болору талашсыз. Мындай керемет нерсе Олег Оточконун түшүнө гана кирбесе, азырынча мунун кокусунан болуп кетишине эч кандай себептер, имиштер деле жок. Темир жол болуп калса, бул ишканага жакшы кол кабыш болмок.

– Азырынча Ысык-Көлдүн аймагын гана акиташ менен камсыз кылып жатабыз. Планда болсо Казакстанга чейин чыгууга ниет бар. Бишкектен, Чүйдөгү кант заводунан, жаңы ишке кирип жаткан өндүрүштөрдөн сунуштар бар. Булар келечекте иштерибиз ийгиликтүү болот деп үмүттөндүрүүдө. Акча каражат болсо, буга чейин айтып өттүм эле, биздин завод продукциянын көптөгөн түрүн чыгара алат,- дейт Олег Оточко.
Кыргызстанда адат болуп калган көрүнүш – бут алдында жаткан алтынды тыңыраак өндүрө албай, тоскоолдуктун артынан дагы тоскоолдук пайда боло берет. "Күрмөнтүцементтин" аймактагы ири өндүрүш ишканасы болууга, аймак эле эмес, өлкөбүздү абдан сапаттуу курулуш материалдары менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул потенциал тоолордун арасындагы кенде, аягына чыкпаган соттук териштирүүлөр, качан эле убагы өтүп кеткен жабдуулар жана башка жагдайларда болуп жатат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан