КӨЙНӨКТҮ КЕДА, КРОССОВКА МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРУУ

20 жыл мурун кеда менен кроссовканы спорттук кийим менен гана кийүүгө болот деген түшүнүк калыптанып, башка кийим менен айкалыштыруу күлкү жаратчу. Азыр баары өзгөрдү. Кеда менен көйнөк стилдүү айкалышууга айланып, мода кууган кыздар үчүн жагымдуу табылга болду.

Таманы калың (платформа) кедалар актуалдуулугун жогото элек. Аны кыска, кенен көйнөк менен кийип бутуңузга ыңгайлуулук тартуулаңыз.


"Кеда жана кроссовканы көйнөк менен айкалыштырууда айрыкча өңдөрүнө басым жасаш керек" дешет дизайнерлер. Мисалы, бут кыска көрүнүп калбашы үчүн чыпташкан кыска юбка менен кончу кыска кроссовка кийишиңиз зарыл.


Кончу узун кеда менен кыска же чыпташкан "карандаш" көйнөк кийсеңиз жарашат. Тизеден ылдый көйнөк, юбкалар жүдөө көрсөтүп коюшу мүмкүн.


Тор (тюль) юбка кеда менен жакшы жарашат. Бул романтикалуу стиль берип, тематикалуу кечелерге ылайыктуу.


Кеда менен кроссовканы көйнөктүн түрдүү фасону менен кийсе жараша берет. Кыска жынсы көйнөктөн тартып, жерди чийген узун көйнөк менен кийсеңиз да төп келишет.


Кымча бел кыздар үчүн кыска топ – быйылкы жылдын тренди. Аны бир түстөгү чолок шым, юбка менен кийип, бутуңузга жарашыктуу кеда тандасаңыз саркеч кызга айланасыз.


Голливуд жылдызы Кристен Стюарт кеда менен көйнөк кийгенди жактырат. Ыңгайлуулукту биринчи орунга койгон актриса жадакалса түрдүү иш-чараларга да ушундай стилде кийинип барат.


Бул жылы айымдардын кроссовкалары өзгөчө фантазия менен жасалды. Дизайнерлер куштун канаты менен кооздолгон заманбап кроссовкаларды сунуштап таң калтырып жаткан учуру.

Ушул жылдын жаз-жай мезгилинде кеда, кроссовкалардын ачык өңдөгү моделдери модада. Ак, күлгүн, ачык көк, күмүш түстөгүсүн тандасаңыз жаңылбайсыз.


Айрым дизайнерлер алдыга озушуп, чыгыш орнаменттери жана гүлдөр тартылган кедалардын варианттарын чыгарышты.

Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Aitun
2017-04-04 06:22:20
Мен вечно эле кеда красовка кийип журом. Бир адашып италиядан белек болуп келип калган басаножки бар эле кийип корсом калтыраймго красовки кийип журо берип каблукту унутуп калыпмын.
+2
Seryi-Kardinal
2017-04-04 11:42:07
kop kiybegile butunar sasyit
+2
Rukush
2017-04-04 11:43:31
Жынсовка койнок мага да аябай жакты.
+2
mirlubvi.94
2017-04-04 14:16:23
Тор юбка менен кийген жакты
+1
jaskaaa
2017-04-09 22:16:40
mirlubvi.94, мага дагы ошол жакты
0
mirlubvi.94
2017-04-04 14:17:23
тор юбка м.н кийген жагат
0
Ayka1994
2017-04-04 17:01:01
сонун экен
0
Jaziel
2017-04-04 23:31:55
Ак топик менен ак кыска юбканы придлагать этпей эле койушпаптыр дагы мода да экен кыргыздарга туура келбей калатго. Калганы аябай жакты
0
Ananai
2017-04-05 17:54:51
Мен туура эле кийинет экенмин .Рахмат супер инфо.Ушул мода жонундо жазган макаланар мага аявай жагат.Ар бир санда ушу теманы кутом.
0
rayana2015
2017-04-06 08:26:30
Кыскасы баары эле жакшы,жок жаман
0
Nassa
2017-04-06 16:50:40
Жакшы экен, мен да койнок менен кеда кийгенди жакшы кором.
0
Shef87
2017-04-06 18:12:05
кееда менен бутунар ирип кетпесин
0
Gulnaz.GS
2017-04-07 04:24:20
Жакпайт кросовка кийген.эн жакшысы туыли айымдар учун
0
AKCAHAT
2017-04-07 12:50:42
Азыр фантазияга чек жок . Белгилуу бир рамкадан чыкпай кийингендерге тушунбоймун. Бир жолу койнок мн кеда кийип баргам универге кыздар кулот тим эле мыскылдашып, спорт бут кийим мн койнок кийчу беле деп. Тормоз болсо да кыйында 2000 жж дарга такалып калгандар)))
0
Girl1996
2017-04-07 17:35:27
узун, жоолукчандар эмне кийсин? Жазып чыгыныздарчы Супер
0
admin_superstan
2017-04-07 18:02:08
Girl1996, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Alinur.Jumagul
2017-04-08 16:13:52
Ойлонуп корсом такыр кеда кроссовки кийип корбоптурмун.Быйыл жанылык киргизип кийип корот окшойм...
0
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан