Жарандык нике: ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Дебат клуб

Учурда "бала белде, катын жолдо" деп жарандык никеде жашап жаткан жаштарыбыз көбөйгөнү чындык. Жарандык никенин кимге кандай пайдасы жана зыяны бар? Оң жана терс жактары кайсы? Ал эми жарандык нике дегендин өзү эмне? Мына ушул суроолордун тегерегинде талкуу болмокчу.

– Алина, сен жарандык никени колдогон тарапсың, туурабы?
– Ооба, мен жарандык никени колдогон тараптамын. Анткени өзүм бир кезде жарандык никеде жашагам. Төрт жыл мурун жолдошум менен радиодон таанышып калдым. Бири-бирибизди жактырып, чогуу жашоону туура көрдүк. Тапкан акчабызды бирге коротуп батирге, тамак-ашка төлөп дегендей... Менин мындай чечимиме ата-энем каршылык көрсөтүшкөн жок. Чоң ата-чоң энелерибиз "үйлөнүү тойду өткөрбөсөңөр да, кыргыздын салтын бузбай нике кыйдырып алгыла" деп айтышты. Жарандык никеде 2 жыл жашап, анан гана молдого нике кыйдырдык. Нике кыйдырганыбыз менен алигиче мыйзамдуу түрдө аял-күйөө боло элекпиз.

Эшенкул: – “Элүү жылда эл, жүз жылда жер жаңы” деген мына ушул экен. Биздин учурда кыз-жигит беш жылга чейин сүйлөшчү. Башкача айтканда, эки тепкичти басып өтүшчү: биринчиси – сүйлөшүү, экинчиси – үйлөнүү. Азыркыларга дагы бир баскыч кошулган экен да. Ал чогуу жашап, жатып көрүү, туурабы?

– Жарандык нике дегендин өзүн кандай түшүнөсүңөр?
Мыктыбек: – Жарандык нике бул мамлекеттик термин. Мамлекет чогуу жашаган жубайларды мыйзамдуу каттоодон өтпөсө жарандык үй-бүлө деп эсептейт. Андан сырткары жарандык абалдарды каттоодон өткөрөт (ЗАГС). Аларды эрди-катынсың деп никелей албайт. Эмне үчүн мыйзамдуу каттоодон өтүү керек? Эгер баш кошкондор каттоодон өтсө, ортодо укук же мурас маселеси козголгондо мамлекет кийлигишип, бөлүштүрүп бере алат. Катталбаган болсо кайсы бир маселе жаралганда чиркөөдөн 22 жолу, молдодон 92 жолу нике кыйдырган күндө да мамлекет кийлигише албайт.

– Мыктыбек байке, такыба катары айта кетсеңиз, нике деген эмне?
– Нике "байланыш" дегенди түшүн­дүрөт. "Диндин ээси ким?" дегенде биз Кудай деп билебиз. Аны никенин автору деп түшүнсө болот. Эки жашка Кудай "менин алдымда катталгыла" деп айтат жана ошол каттоо элдин алдында жарыяланышы керек. Нике кыюу бул мистикалык жөрөлгө эмес, эрди-катындын Кудай алдында жоопкерчилиги. Никени эркек киши "Кудай алдында мен бул аялды тукум улоо үчүн жана мени бузукулуктан сактоо үчүн алам” десе, ал эми аял киши “мен бул адамдан төрөйм жана өзүмдү ушул үчүн сактайм” деп кабыл алышы керек.
Бүгүнкү күндө баласына аял же кызына күйөө таап берүү деген ата-эненин жоопкерчилиги жоюлуп баратат.

Азалия: – Жок, мен сизге кошулбайм. Ата-эне таап берген бала менен сен такыр келишпей, ортодо сүйүү болбосо кантип жашайсың? Биринчи сүйүп, анан ал адамга турмушка чыгуу керек да.

Мыктыбек: – Кызым, сүйүү деген үйлөнгөн­дөн кийин пайда болот. Сен айтып жаткан сүйүү ал жөн гана инстинкт. Жаз келгенде же сулуу жигитти көрүп калганыңда кызыгып тием деп жан талашышың мүмкүн. Бирок ал кандай күйөө болуп берерин билбейсиң да.

– Жарандык никенин пайдасы барбы? Балким, зыяндуу жактары көптүр...
Алина: – Пайдасы – жарандык никеде жашап жүргөндө сен ал адамды жакындан билип, анан чоң турмушка жол аласың. Зыяны – кыздар өзүн жарандык жолдошунун аялы катары сезсе, күйөөсү 85 пайызга өзүн бойдок сезиши мүмкүн. Бул учурда кыздар гана психикалык жактан жабыркап калат.

Мыктыбек: – Ооба, мындайда көбүнчө эркекке гана ыңгайлуу болот. Анын кийими жуулган, ысык тамагы бар. Бирок ал кызды таштап башка бирөөнү таап алышы да мүмкүн. Ал эми кыз аруулугун жоготкон соң башка эркек менен турмуш куруп кетүүсү татаал маселе. Биздин каарманыбыз бул никеде жолдуу болгон экен. Сен ага турмушка чыгып, жашап жатасың. Ал эми учурда канча кыз колдонулуп, талаада калып жатат?

Талант: – Жарандык никени жашоонун жеңил жолу деп таап алдык. Адам баласы, негизинен, жеңил нерсеге көбүрөөк тартылат эмеспи. Бул никенин негизин аял менен эркектин бири-бирин утурумдук пайдалануу кызыкчылыгы гана түзөт деп ойлойм.

Эшенкул: – Жарандык никени мен “репитиция” деп түшүнүп жатам. “Кел, бир аз жашап көрөлү, болбой калса ажырашып кетебиз” дешет. Эмне, жашоо оюнчукпу?! Азыр бул оюнчук менен ойнойм, ал тажатканда башка оюнчукту алып алам деген кеп. Нике – ыйык нерсе. Ошондуктан жарандык никенин пайдасынан зыяны көп.

– Пайдасынан зыяны көп болуп жатса да, бүгүнкү күндө жарандык никенин саны көбөйүүдө. Эмнеге?
Анара: – Менимче, тарбиядан го. Тарбия башаты – ата-эне. Учурда ата-эне баласынын курсагын тойгузуп койгону эле болбосо, сүйлөшүп, насаатын айтканы деги сезилбейт. Мен көбүнчө жаш балдар менен иштешем. Алардын ата-энеси жумуштан колу бошобойт: бири базарда, дагы бири Орусияда. Тарбия, акыл-насаат жетишпей жатканы балдар менен сүйлөшө келгенде билинет.

Мыктыбек: – Ата-эне баланы турмушка тарбиялашы керек. Ата баласын далысынан таптап, "балам, сен мен айткан кызга үйлөнөсүң. Башка кыздардын кулагына “лапша” илип, аракет кылбай эле кой" деген сыяктуу сөздөрдү айта берсе, мээсине сиңип калат. Анан эч кандай жарандык нике деген маселе келип чыкпайт. Ошондуктан ата-энелер баары бул жоопкерчиликти моюнуна алып, баласына жар, кызына күйөө таап берүү милдетин унутпаса.

Алина: – Ата-эне таап берген бала менен бактылуу жашап кетүүгө да кепилдик жок. Андыктан ар кимдин тандоосу өзүндө калышы керек. Себеби тандаган адамы менен ал өзү гана жашайт.

Гүлназ: – Жакында менин ата-энем “сага жакшы жигит таптык, аны менен турмуш курсаң жаңылбайсың” деп чыгышты. Макул деп сүйлөшө келсем, экөөбүз такыр башка экенбиз. Менин жүрөгүм чыгармачылыкты дегдеп турат. Ал муну түшүнчүдөй эмес. Тескерисинче, ал жигитке турмушка чыксам, үйдө отурушум керек экен. Мен макул болгон жокмун. Мына ушул сыяктуу эле ата-эне да жаңылышы мүмкүн. Биз бардык нерсени таразалап, анан ортодо жаңылбай турган чечимди чыгарышыбыз керек.

– Бүгүнкү күндө ата-энеге айтпай эле мечитке барып, нике кыйдырып жашап жаткандар бар. Бул көрүнүш туурабы?
Мыктыбек: – Мечитке барып нике кыйдырып, анан жашап жаткан түгөй Кудай алдында күнөөлүү деп эсептелбейт. Себеби алардын никеси ак.

Алина: – Никенин касиетин мен бизге молдо нике кыйдырганда билдим. Жумушубуз оңолуп, тапканыбыз эмнегедир жугумдуу болуп калды. Мамилебиз мурункудан да бекемдей түштү.

Асел: – Бул жөн гана өзүн-өзү ошол нерсеге ишендирүү болсо керек. Сиздер айтып жаткан жыргал жашоону жарандык никеде деле жашаса болчудай.

– Көптөгөн пикирлерден соң кимде кандай ой пайда болду, балким, өзгөрүүлөр болгондур?
Эшенкул: – Ортодо ишеним жок, күмөн санап жашоо туура эмес. Каарманыбыз бактылуу экен. Жолдошу менен жашап кетти. Тилекке каршы, ажырашкандар канча. Келечегибиз жаштар болуп жаткан соң үй-бүлө курууга олуттуу кароо керек.

Анара: – Бүгүнкү күндө бул кө­рүнүшкө күнөөлүү адамды издейбиз, ата-энеси же коом, заман деп. Ар бир адамдын тагдыры өз колунда. Жарандык никеге каршымын же колдоймун деп да айтпайм, бул ар бир адамдын өз тандоосу. Ал тандоосу үчүн өзү гана жооп берет.

Азаля: – Жарандык нике биздин менталитетке туура келбейт. Андыктан салт-санааны бузбай жашасак туура болот.

Асел: – Менин пикирим өз­гөргөн жок. Жарандык никеде деле жашап бактыңды табууга болот.

Гүлназ: – Жарандык никени мен колдобойм.

Алина: – Бүгүнкү талкуудан кийин менин оюм өзгөргөн жок. Түгөй тандоо жаатына кайра кайрылсам, үй-бүлөлүк турмушту жарандык никеде жашоо менен баштамакмын. Жакшы болсо да, жаман болсо да бул менин тандоом. Бирок ошол эле учурда мен жарандык никеде жашап жаткандардын баары үчүн жооп бере албайм. Ар кимдин жолу ар башка. Жарандык нике бир гана төшөк кумары үчүн эмес. Бул кадимки үй-бүлөлүк мамиле. Жөн гана паспортто тиешелүү мөөр жок.

Талант: – Болочок жубайымды ата-энем алып берсе да, өзүм тандасам да, салт-санааны бузбай үйлөнөм. Башкаларга да ошону каалайт элем.

Мыктыбек: – “Бейиш эненин таман алдында” дейт. Ар бир аялзатын биз болочок эне деп карашыбыз керек. Биз аялзатын кордоп алдык. Жарандык никеде деле аялзаты колдонулуп, анан ташталып жатат. Бул кордук эмей эмне?! Ошондуктан биз аялзатын эне катары туюп, аны баалап, сыйлап, кадырын билели.

Бул тема азыр гана козголуп, талкуу жаралган жок. Жарандык нике жөнүндө айта берсек сөз түгөнбөчүдөй. Андыктан анын бизге кереги барбы же жокпу, муну ар бир окурман бүгүнкү талкуудан кийин өзү чечип, бир жыйынтыкка келет деген ойдобуз.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Taллаc
2010-04-12 12:34:34
Анара Чилетилова - Аechka бы?
0
jamka
2010-04-14 08:54:02
Мен ойлойм - кудайга ишенген адам гана жарандык никеде жашоодон коркот болуш керек! Жогоруда айтып жатпайбы, молдонун касиети десе, ал жон гана озун ишендируу деп. Адам бул дуйнодо бир нерсеге ишенип,андан коркуп, ниет кылбаса, анда эмнеге умтулат!
0
jamka
2010-04-14 08:56:02
Жарандык нике - биздин менталитетке туура келбейт, айрыкча кыздарыбызга. Ал азыр эле кыздар оздорун ото эле современный сезип кетишти!
0
Латыш
2010-04-15 17:55:36
Ким эмне кылса озу учун кылат!
0
Debi
2010-04-16 22:17:31
Жарандык нике деген куноонун аша чаап кеткени да. Башкача айтканда аны "маданиятташтырып" алышкандагылары. алданбагыла, ал эч качан маданият болбойт. Нике деген ыйык нерсе бар. Кудай Озу койгон.
0
Tokmok
2010-04-17 04:43:15
Ar kim ozu chechish kerek,jashoosunda emne jaman emne jakshy ekenin. Al emi aityp oturak butboit albette,nikede jashagan,ata-enesinin aldynan otkon,elge jaryyalanyp,4-5balaluular dele ajyrashyp jatyshat,oshon uchun ar kim ozu chechip,ozu tandap,andan kiyin oshogo chydap jashasa.Ortodo baldar ele kyinalat.
0
Happiness
2010-04-17 17:13:29
Emnesi bolsoda baarybyzga insap bersin jaratkan egem.
0
salamalik
2010-04-17 18:17:38
Гражданский брак биздин менталитетке туура келбейт, улуу муундагы адамбдарыбыз аны колдобойт дагы. Азаля туура айткан.
0
italia
2010-04-17 20:48:12
Мен жарандык никеге каршы емесмин.
0
nursamat
2013-05-21 12:20:23
Азыркы копчулук кыздарга ишениш кыйын, себеби шаарга окууга кеттим деп жарандык нике эмес кундо ар кандай жарандык никелерди жасап жатышат.
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан