Нурмат Садыров, ырчы: «ЖОЛГО ЧЫГАРДА АРТКА КАЙРЫЛБАЙМ»
– Негизи ырымдарды күнөө дешет. Бирок анча-мынча ырымдарды баамдай жүрүш керек. Мисалы, мен машинамды от алдырып жылытарда сөзсүз алдыга бир аз жылдырып, токтотуп коём. Артка айдай турган болсом да биринчи алдыга, анан артка айдайм. Себеби унаам алдыга жүрүп турсун деп ырым кылам. Сахнага чыгарда дайыма «жүзүм элге жарык болсун» деп бата кылам. Акчалуу болгондо, алыс жакка барганда сөзсүз үйдөгүлөргө бир нерсе алып, үйгө ырыскы кирсин деп биринчи аларга ооз тийгизем. Анан алыскы жолго чыгарда буюмдарымды үйгө унутуп калсам, өтө керек эмес болсо эшиктин алдында турсам да үйгө кирбейм. Анткени «жолго чыкканда артка кайтсаң жолуң шыдыр болбой калат» деп коюшат эмеспи.
Элиза Орозова, ырчы: «КАПЧЫГЫМ БИР АЗ ЭЛЕ ЭСКИРСЕ ЫРГЫТЫП ЖИБЕРЕМ»
– Чоң энемдин «ак нерселерди жылдыздар көрбөшү керек» деп айтканы эсимде калыптыр. Ошондон улам ун, сүт, айран сыяктуу ак нерселерди караңгыда алып бара жатканда дайыма үстүн жаап алам. Үйдү шайтан аралабасын деп шыпыргыны тургузуп эмес, жаткырып коём. Алыс жолго чыкканда, же жооптуу ишке бара жатканда ийне колдонбойм, «жолуң болбой калат» дешет. Жаман түш көрсөм түшүмдү сууга айтып, башымдан 3 жолу айлантып артыма чачып жиберем. Анан 7 токоч бышырып, кошуналарга таратып берем. Бул жамандык келбесин деген ишеним. Капчыгым бир аз эле эскирип баратса, колдонууга жарамдуу болсо дагы ыргытып жиберип, кызыл же алтынга окшош сары түсүн сатып алам. Дасторкондун үстүнө күкүм түшүп калса да кол менен эмес, дайыма майлык менен сүртөм. Булар байлык, акча жуксун деген ырымдар.
Адилет Усубалиев, актёр: «ЭРТЕ ТУРСАҢ ЫРЫСКЫ КЕЛЕТ»
– Кичинекейимде ырым-жырымдарга көп ишенчүмүн. Мисалы, «боюм өспөй калат» деп ачакей карагайдын алдынан такыр өтчү эмесмин. Бара-бара ырымдарга мурункудай көп ишенбей, реалист болуп баратам. Ошентсе да кээ бир нерселерге маани берем. Алсак, үйдөгү эски кийимдерди алмаштырбасаң жашооң өзгөрбөй, бир калыпта өтө берет дегенге ишенем. Эртең менен эрте турсаң ырыскы келет дегенге да ишенем. Эрте турган киши сергек, шайыр жүрөт, жалкоолонуп жата бербей, көп иш бүтүрүп ийгиликке жетет. Анан кино тартылып баштаганда «тасмабыз ийгиликтүү болсун» деп тарелкага тартуучу топтун мүчөлөрүнүн кол тамгасын койдуруп, аны сындырган ырым бар. Ошону да колдонуп калабыз.
Айнура Салахидинова, ырчы: «ЖӨРГӨМҮШ КӨРСӨМ ТИЙИШПЕЙМ»
– Мен жума күнү жолго чыкпаганга аракет кылам. Кийимдин бир жери сөгүлүп кетсе кийип турган абалда тикпейм, сөзсүз чечип анан тигем. Жолум болбой калат деп ырымдайм. Балдарым жаңы төрөлгөндө конокко барарда көз тийбесин деп дайыма маңдайына көө сүйкөп алчумун. Алардын уйкусу күн-түнү болуп алмашып калса кийимдерин тескери кийгизип коём. Улуу баламдын чачына жол (кыйма, быжы) түшкөндө, анан көзү кылый болбосун деп баш кийимине жем салып эшекке жедирип, кайра ошол баш кийимди кийгизгенбиз. Эмнеге экенин билбейм, акчаны караңгыда бирөөдөн алсам колума албайм, бергенде да ошондой кылам. «Сумкама же чөнтөгүмө салып коюңуз» дейм. Анан үйдөн жөргөмүш көрсөм «конок келсин» деп тийишпейм.
Самат Эркинбек уулу, актёр, алпаруучу, тамашоучу: «УНААМДЫ СОЛГО БУРЧУ ЖЕРДЕН ОҢГО БУРУП КЕТЕМ»
– Негизи ырым-жырымды өтө деле колдонбойт экем, болгону өзүм адатка айлантып алган нерселер бар. Мисалы, үйгө киргенде же чыкканда босогону оң бутум менен аттайм. Кээде байкабай сол бутум менен аттап кетсем үйгө кайра кирип, оң бут менен аттап чыгам. Уктаганда да оң капталым менен уктайм. Кээде унаа айдап бара жатканда көчөнүн сол тарабына бурулуш керек болсо, оң тарабына бурулуп кетип, айланып убара болуп жүрөм. Сахнага чыкканда да микрофонду оң колума кармайм, унаам да оң рулдуу. Учакка отуруп жатканда да оң жагынан орун сурайм. Негизи эле оң жактан баштасаң иш оңунан чыгабы деп ойлой берем. А келинчегим болсо үйдү ысырыктаганды жакшы көрөт, мага да анын жыты жагат.
Асхат Субанбеков
star@super.kg