БИШКЕКТИН ТУРГУНУ КАЙНЕНЕСИН ӨЛТҮРҮП, АЯЛЫН БЫЧАКТАП САЛГАН. ЧУУЛГАНДУУ КЫЛМЫШТЫН СЕБЕПТЕРИН ИЛИКТЕЙБИЗ

"ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ"

Бишкек ШИИББинин тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сапарбек Аманкулов окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ушул жылдын 31-мартында Бишкек шаарындагы Коммунаров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам бир киши кайненеси менен аялын бычактап салганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя катталган жерге барган кызматкерлерибиз кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган С.К. аттуу жаранды кармашкан. Кылмышка шектүү 1970-жылы туулган жубайы Арзыгүл Кыдекованы жана 1927-жылы туулган кайненеси Турдубүбү Кыдекованы бычактаган. Кылмышка шектүүнүн кайненеси алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза тапса, аялы Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилген.
Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү, бул жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү СИЗОго киргизилди. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

"КОЛУНА БЫЧАК КАРМАП КӨЧӨДӨ ЖҮРҮПТҮР"

Кылмышка шектүүнү кармагандардын бири, Бишкек ШИИББинин патрулдук кызматынын ага тескөөчүсү Жыргалбек Абдыгул уулу буларды айтып берди:
– 31-март күнү эртең менен кызмат боюнча Коммунаров көчөсү жактан өтүп баратканбыз. Көчөдө чогулган элди көрүп токтоп, эмне болгонун сураштырдык. Чогулган эл бычак кармап көчөдө жүргөн кишини көрсөтүшүп, аны "2 адамды өлтүрүп койду" деп айтышты. Эмне болуп жатканын түшүнбөй ары-бери басып жүргөн жарандын жанына барсак, анын колунда ашкана бычагы бар экен. Ошол замат аны колунан кармап короого алып кирсем, дарбазанын жанында жашы 70тен өтүп калган эне жатыптыр. Ошол убакта ал тирүү болчу, жаткан жерде кан агып уюп калыптыр. Жанымдагы кесиптешим үйгө кирип, "40-45 жаштардагы аялдын ичине бычак сайылып жатат" деди. Ары жакта 10-15 жаштагы кыз ыйлап жаткан, андан "бул ким?" деп сурасам, "атам" деп жооп берди. Анын колуна кишен салып, тергөө тобун жана "Тез жардам" кызматын чакырдык. Ошол убакта 20-25 жаштардагы ал үй-бүлөнүн уулу келип, таенеси менен апасынын жатканын көрүп атасына атырыла баштады. Оперативдүү тергөө тобу келгиче окуя болгон жерди карап, кылмышка шектүүнүн колундагы бычактан сырткары дагы бир кан болгон бычакты дүкөндүн жанындагы зым карагайдын түбүнө сайып койгон жеринен таптык.

"КАЙНЕНЕМДИ ТАШ МЕНЕН ЧААП, АЯЛЫМА БЫЧАК САЙДЫМ" ДЕДИ"

Патрулдук кызматтын дагы бир кызматкери Айбек Жамангулов төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Мен үйдүн ичине киргенде бир аял жатыптыр. Бычак курсагына сайылгандыктан жердин баары кан болуп жаткан экен. "Эже, эмне болду?" деп сурасам, ал "тезирээк "Тез жардам" чакыр. Мен жакшы элемин, энем эмне болду?" деп сурады. "Апаңыз жакшы эле" деп анын канын тазалап жатканымда "Тез жардам" келип калды.
Документтерин көрдүк, кылмышка шектүү психикалык жактан оорулуу, көп жылдардан бери каттоодо турчу экен. Андан "эмнеге минттиң?" деп сурасам, ал "бул ишке үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болду. Кайненем бизди жашатпайт, аялым экөөбүз эртең менен дагы уруша кеттик. Ортого түшкөн кайненемди таш менен чаптым, аялым үйгө качып киргенде артынан кууп барып бычак алып сайып жибердим. Башка эч нерсе билбейм, андан көрө мени өлтүрүп салгылачы" деди.

"ООРУЛУУ БАСЫП КАЛДЫ"

Күйөөсү бычактап, дарыланып жаткан Арзыгүл Кыдекова менен ооруканада сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шүкүрбаев жабырлануучунун абалы тууралуу айтып берди:
– Арзыгүл Кыдекова 31-март күнү саат 10дор чамасында ооруканага оор абалда келип түшкөн. Биз ошол замат ага операция жасадык. Бычак майлуу ичегилерге кирип, аны 2 жеринен тешип кеткен. Операция ийгиликтүү өттү. Ошондой эле баш мээси чайкалган, тийиштүү дарыларды ичип жатат. Учурда оорулуунун абалы канааттандырарлык, аз-аздан басып калды.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бишкек шаарынын тургуну кайненесин өлтүрүп, аялын бычактап салды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Nevestkaa
2017-04-10 10:49:47
Кармагандан кийин дароо эле скорый чакырышса болбойт беле?Эже эмне болду десе скорый чакыргыла десе анан кыймылдашкан турбайбы.
-8
Lili
2017-04-10 11:34:10
Nevestkaa, ошончо турган адамдын акылы жетпеген нерсеге сиздики жетип кеткен турбайбы... чакырылган скорый момент эле..
+29
Aruwka.89
2017-04-10 21:32:10
Nevestkaa, скорый чакырылып алар келгиче сурашыптыр
+6
anar8672
2017-04-10 10:59:21
Аа шорун каткыр
+2
Shaa-82
2017-04-10 11:14:00
Акыркы кундору кылмышка себепчилердин кобуле психикалык жактан оорулуу болуп ататго.
+6
Iman.301016
2017-04-10 11:16:35
Кудай сактасын ушундай адамдарды кантип жер которуп журот болду экен, байкуш эне 90 чыкканда кыйнап олтурбой эле койсо болмок да, жаткан жери жайлуу болсун, кызы эртерак сакайып чыксын,,,
+8
ziash85
2017-04-10 13:33:47
Байкуш эне өзү төрүнөн гөрү жакын болуп турганда жаман эле болуптур
+4
ozgeldi
2017-04-10 18:28:34
Бизде дени гарды соо адам барбы озу
+5
baltabai
2017-04-10 19:09:10
Өз энесиге кантипп кол көтөрдү дем да
-2
Kroxa
2017-04-12 00:35:04
baltabai,оз энеси эмес кайын энесине десен 90 жаштагы эне оз ажалынан олбой куйоо баласы колдуу болуп ажал тапты..
+1
aidar.5115
2017-04-11 12:20:09
ойду тоону суйлогуло дагы
-1
Cherik.777
2017-04-11 15:30:08
Кайран эне оз жанындан чыккан чурподон ажал таап..жайы жаннатан болсун
-3
nurai8894
2017-04-11 23:22:56
Жаз айында козголот да мындай ооруулар
+1
Mirasi98
2017-04-12 20:44:01
Ой эч бир жакшы кабар окубай калдык го)
0
Mira8586
2017-04-13 16:34:55
Азыр адам олтуруу адатка айланып калган сыяктуу,илгери супер инфодон бир айда бир жолу окучум олтурду деген макаланы азыр болсо жумасына чыгып баштады!Адамдар ушунча кылмышкер болуп баратышабы Кудай сакта ар инсанга сабр,ыйман берекор.
+2
Balka76
2017-04-15 19:44:38
Кудай сактасын.
0
DNurgiza
2017-04-17 09:04:22
Кудай сактай көр.
0
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан