Бакчаңызда орун тартыш болуп, түрдүү мөмөлүү дарактарды отургуза албай жатсаңыз, анын жолу бар. Ал жол кыйыштыруу.
КЫЙЫШТЫРУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Кыйыштыруу – бул бир өсүмдүккө экинчи өсүмдүктү калемчеси, же бүчүрү аркылуу улоо. Өсүмдүктөрдү кыйыштыруунун жүздөгөн ыкмасы бар, бирок бизде 2 түрү кеңири тараган. Алар:
1. Кабык астына кыйыштыруу
Кесилген бутактын кабыгын каптал жагынан 2 сантиметр төмөн карай тилип, калемчени отургузуп, сыртын бекем байлоо.
2. Жарып кыйыштыруу
Дарактын диаметри 10 сантиметрден жоон болуусу керек. Бутактын ортосун жарып, ошол жаракага калемчени киргизүү кажет.
КАЙСЫ ДАРАК КАЧАН КЫЙЫШТЫРЫЛАТ?
Тойчубай Маматов, агроном-консультант:
– Кыргыз өлкөсүндө алма, алмурут, кокон гилас, алча, кара өрүк (кайналы) жана өрүктөрдү кыйыштырууну апрель айында жана май айынын алгачкы он күндүгүндө жүргүзүүгө болот. Андан кечиксе өсүмдүк талаптагыдай өнбөй, бүчүрлөрү ачылып, кыйыштырылган бутак морт болуп сынып калышы ыктымал.
Түштүк жергебизде кеч бышуучу алманы алуу үчүн алманы бий алмага (айва) кыйыштыруу керек. Себеби ал кыштан соң кеч ойгонуп, кечирээк бышкандыктан жаңы сортко ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бий алмага кыйыштырылган мөмөлүү дарактарга оорулар, зыянкечтер жолобойт жана суукка чыдамдуулугу артат.
Алмага алманын бардык сортун жана алмурутту кыйыштырса болот. Алма, алмурут багбанчылыкта майда уруктуулар деп аталат. Учурда алманын бойко, голден делишес жана ренет симиренко аттуу сорттору алмага, алмурутка да көп кыйыштырылууда. Андан тышкары ооруларга жана суукка чыдамдуу, түшүмү мол, жакшы сактала турган алманы алуу үчүн аталган сортторду жапайы алмаларга да кыйыштырышат.
Ал эми өрүк, шабдалы, алча, кокон гилас, кара өрүк сыяктуулар данектүү дарактар деп аталып, бири-бирине кыйыштырылат. Мындан түшүм жакшырып, мөмөнүн көлөмү бирдей болуп стандартташат.
Долоного кыйыштырылган мөмөлүү дарактар кургакчылыкка чыдамдуу келет.
КАЛЕМЧЕЛЕРДИ ДАЯРДОО
– Калемчелерди жакшы түшүм берген, ооруга, курт-кумурскаларга, суукка туруктуу бактан алуу керек. Аны дарактын күн тийген жеринен, баш жагынан, ылдый жагынан да эмес, ортосунан алуу зарыл. Калемчелерди эртең менен эрте, же болбосо күн батып бараткан мезгилде кесип алып, нымдуу материал менен ороп коюу сунушталат. Кыйыштыруу алдында калемчеде 3-4 гана бүчүр болушу керек. Уланган калемчелерге полиэтилен клеёнкасын кийгизип байлап койсо да болот, анткени ал жазгы сууктан сактайт. Андан сырткары баштыктын ичи тез тердеп, бат бүчүр ачканга жакшы шарт түзөт. Аны 30-40 күндөн кийин чечип коюу зарыл.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ШАЙМАНДАР:
КЫЙЫШТЫРУУДА ЖАСАЛЧУ КАДАМДАР:
Бектур Токтоноев
kenesh@super.kg