Дыйкандардагы негизги баш оору – бул жылда бир эле жерди колдонуп, кантип мыкты түшүм алуу? Бул жаатта пайдалуу кеңешти Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономия факультетинин деканы Нурудин Карабаев бермекчи.
ТРИТИКАЛЕНИ АЙДАП ЖЕРДИ СЕМИРТҮҮГӨ БОЛОТ
– Кийинки кезде жер шартына байланыштуу Көл аймагында көбүнчө картошка, Таласта төө буурчак, Чүйдө жана түштүк жергебизде жашылча (мурункудан да көп) айдалууда. Ушундан улам бир эле жерге жылда бир өсүмдүктү айдай берүүдөн жер арыктап, ошол өсүмдүктүн зыянкечтери көбөйүп, түшүм жылдан жылга азайып жатат. Которуштуруп айдоо мына ушул маселелерди чечет. Башкача айтканда, башка ылайыктуу өсүмдүктү эгүү менен жерди семиртүүгө, мол түшүм алууга, өсүмдүктүн зыянкечтерин жана ооруларын азайтууга болот. Бул жаатта 2 ыкма бар.
1. Тритикале өсүмдүгүн эгүү.
Тритикале – бул күздүк буудай менен кара буудайдын ортосунан чыгарылган буудай сорту. Муну картошка жана төө буурчактын түшүмү жыйналып алынгандан кийин октябрдын 15теринде жерди айдабай эле, малалап туруп эгүү керектелет. Ал эми жашылча, күн карама, пахта, жүгөрү айдалган жерди айдап, анан себүү кажет. Тритикале негизи түшүм аралык өсүмдүк деп да аталат. Аны күздө эгип койсо, жазында жер айдаарга жакын бою бир топ өсүп калат. Муну тоютка чаап алып, ордуна картошка, төө буурчак (же башка) айдай берсе, анын тамыры жерди семиртип (кыктын ордуна), түшүм 15-20 пайызга көбөйөт. Анын 1 килограммы 15 сомдун тегерегинде, 1 гектарга 150 килограмм урук кетет. Ушинтип бир эле жерге бир өсүмдүктү 10 жылдап айдап, жакшы түшүм ала берүүгө болот.
Эскерте кетчү нерсе, тритикалени эккенден кийин жыйнап албай, түшүмү бышкыча күтсө да болот. Буудайды жыйнап өткөрүүгө, уруктукка сатууга, жемге колдонууга мүмкүн.
Ал эми төө буурчак жыйналып алынгандан кийин дыйкандар анын саман-топонун жыйнап кетпей калтырып койсо, жер семирип, түшүм кийинки жылы жакшы болот.
2. Мурунку жерге башка нерсени айдоо.
БУЛ ТАБЛИЦАДА БЕРИЛГЕН.
БЕДЕ ТУУРАЛУУ 5 ООЗ СӨЗ
Беденин ордуна эмне айдап көп түшүм алууга болот дегенге жооп:
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg