751-САНДА ОЙНОТУЛГАН ОЮН-УТУШТУН ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Айткүл Токтобек кызы: «АЯНЫЧТУУ ТАГДЫРЛАРДЫ ОКУГАНДА ЫЙЛАЙМ»

– Куттуктайбыз! Сиз гезитибиз өткөрүп жаткан утуштун жеңүүчүсү болдуңуз! Канча жылдан бери "Супер-Инфо" гезитин окуп келесиз?
– Рахмат! Ата-энем мен кичинемде эле "Супер-Инфону" калтырбай сатып келишчү. Алар менен талашып гезитти окучумун. 23 жашка чыктым, турмушка чыккам, азыр деле үй-бүлөбүз менен калтырбай окуйбуз. Гезит да бизге өз убагында келет.

– Сизге кандай макалалар жагат?
– Мага тагдыр, криминал тууралуу макалалар жана сериалдар жагат. Аянычтуу тагдырларды, криминалдарды окуганда боорум ооруп ыйлап да алам. Анан пайдалуу кеңештерди окуйм, сканворд толтурам. Жакпаган макалалар деле жок деп ойлойм.

Сардар Бейшенбаев: "ЖООП ТУУРА ЭКЕНДИГИНЕ ИШЕНГЕМ"

– Сардар, байгеңиз кут болсун! Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Рахмат! Мен Тоң районунун Большевик айылынан болом. Жашым 29да. "Супер-Инфо" гезити чыгып баштагандан бери эле окуйм. Гезитке жазылып коём, жума күнү айылыбызга келип калат да, почтадан алып алам. Ар тараптуу болгондуктан бардык темадагы макалалар чыгат, негизинен, мен шоу темасындагы макалаларга кызыгып окуйм.

– 15 жылдыкка карата утушка эмне себептен катышкыңыз келди? Утарыңызга ишендиңиз беле?
– Үйдө көптөгөн жылдан берки гезиттер сакталуу бойдон турат. Ошолорду кайра барактап чыгып, суроолорго жооп таап жөнөткөм. Ошондуктан суроолордун жооптору туура экендигине ишенгем.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан