«Супер-Инфо» гезитинин "Издейм сени" рубрикасынын жардамы менен көп жылдар көрүшпөй калган канчалаган туугандар, классташтар, достор бири-бирин таап жатышат. Бүгүнкү каарманыбыз Денис Каримов дагы алардын катарын толуктайт.
– "Супер-Инфо" гезитине терең ыраазычылыгымды билдирем. Анын жардамы менен 28 жылдан кийин өз апама жолуктум. Мен ымыркай кезимден эле Оштогу чоң энемдин колунда өскөм. Көрсө, мен төрөлгөндө ата-энем "борборго барып иштейбиз" деп мени чоң энеме таштап кетишкен экен. Кийин атам менен апам ажырашып кетишиптир. Апам өзү "Ошко бир эле жолу баргам" дейт, кайрадан артымдан издеп келе албаптыр. Ошол бойдон "уулум Ошто калды, кантип издеп таап барам? Жаратканга аманат" деп ичинен сыздап жүрө бериптир.
Мен апамды издеп гезитке кат жазгам, көп өтпөй апам телефон чалды. Андан соң телефон аркылуу бир туугандарым менен сүйлөштүм, 1 иним, 1 карындашым бар экен. 2016-жылдын август айында мен Бишкекке барып, апам экөөбүз жолуктук. Ысык-Көл облусундагы Түп айылында жашайт экен. Алгачкы жолу апамды көргөндө аябай толкундандым, ыйладым, андан "ушунча жыл эмнеге издебедиң?" деп сурадым. Апам дагы ыйлады. "Тагдыр экен, мени кечирип кой" деп жатты. Азыр бир туугандарым менен байланышып турам, тилекке каршы, апам экөөбүз табышкандан 1 ай өтпөй ал дүйнө салып кете берди. Ага топурак салганга жетишип калдым. Табышпаганыбызда апама топурак салбай калат белем, ким билет...
Учурда Орусияда иштеп жатам. Апам менен Бишкекте жолукканда түшкөн сүрөтүм бар эле, бирок аны Оштогу эжемдикине таштап келгем. Апамдан 2 бир тууганым, анан ошол сүрөт эстеликке калды.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg