УЛУТТУК БАНККА 25 ЖЫЛ! УЛУТТУК БАНК: КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 25 жылдыгына карата "Кыргыз Республикасындагы банк системасынын түзүлүшү жана өнүгүүсү: чакырыктар жана аларды чечүү жолу" аталыштагы конференция болуп өттү. Ага Улуттук банктын, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын басып өткөн жолу, анын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, андагы инновациялык жаңылыктар жана башка темаларда баяндамалар окулуп, кызуу талкуу жүргүзүлдү.

УЛУТТУК БАНКТЫН 25 ЖЫЛДЫК ИЙГИЛИКТҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

СССР тарап, Кыргызстан эгемендүүлүк алышы менен жаңы чакырыктарга туш болду. 1992-жылы жылдык инфляция 2 миң пайызга жетип калган. Ошондо улуттук валютаны киргизүү чечими кабыл алынган. Буга чейин ошол эле жылдын июнь айында мурдагы постсоветтик республикалардан Эстония өз валютасын ийгиликтүү киргизген болчу. Бирок Кыргызстанга Эстониянын жолу менен кетүү мүмкүн эмес эле. Себеби экономикасын Европага багыттаган Эстонияга салыштырмалуу Кыргызстанда мындай мүмкүндүк жокко эсе эле.
"Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн ар кандай этаптарында акча-кредиттик, банк секторундагы структурасынын өзгөчөлүктөрү" аталыштагы баяндама жасаган Улуттук банктын 1994-1998-жылдардагы төрагасы Марат Султановдун айтымында, ошол учурда көз карандысыз акча-кредиттик саясат жүргүзүү үчүн Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу менен борбордук банк түзүү механизмин тандап алган. Ал учурда негизги максат инфляцияны төмөндөтүү жана төлөм системасын мезгил талаптарына тууралоо болгон. Себеби төлөм системасынын баш аламан болгонун ошол учурда иштегендер билет. Мына ушундай аракеттердин натыйжасында 1994-жылдын аягына карата өлкөдө инфляция өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөндөп, төлөм системасын аздыр-көптүр жөнгө салууга мүмкүн болгон.

Экономикалык ар түрдүү чакырыктарга карабастан бүгүнкү күндө Улуттук банк өзүн мамлекеттик институт катары көргөзө алды. Акыркы учурда Улуттук банк дүйнөлүк экономикадагы, коомдогу өзгөрүүлөргө жараша иш алып барууну колго алууда.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банкта автоматташтыруу боюнча чоң долбоор иштелип жатат. Ага ылайык, отчёттор электрондук түргө өткөрүлүп, аларды тапшыруу жеңилдейт.

Ошондой эле акыркы учурда жыл сайын көптөгөн кишилер финансылоонун исламдык принциптерине кайрылып жатышат. Алардын кызыкчылыгын четке кагууга болбойт. Аларга да финансылык ресурстар жеткиликтүү болушу үчүн ислам банкингин өнүктүрүү керек. Учурда Кыргызстанда финансылоонун ислам принциптери менен 4 микрокредиттик компания иш алып барууда. Андан тышкары "ЭкоИсламик банктын" ичинде исламдык терезе бар. Бул процесс Кыргызстанда жүрүп жатат. Буюрса, "Ислам өнүктүрүү банкы" менен биргеликте келечекте жаңы ислам принциптерин ишке ашырган банк ачылмакчы.
Конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов "Улуттук банк: кечээ, бүгүн жана эртең" деген темада баяндама жасап жатып, учурда геосаясий тирештердин күчөшү, экономикалык туруксуздуктун сакталышы жана интеграциялык процесстерде Кыргызстандын катышып жатканына байланыштуу бүгүнкү күн өлкө жана Улуттук банк үчүн маанилүү учур экенине токтолду.
Анын пикири боюнча, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери алдыга кадам жасап, кыска убакыттын ичинде кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарынан чыга алды. Экономиканын жылдык өсүшү 4,6 пайызга жетти. Инфляция төмөн болуп, улуттук валютанын наркы постсоветтик өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын ичинен эң туруктуулугун кармап турат.
Албетте, баары жеңил болуп жаткан жок. Өлкө ар кандай экономикалык кырдаалдарга туш болууда. Бул жерден Улуттук банк оорчулукту басып өтүүдө жана туруктуулукту сактоодо маанилүү орунду ээлей бермекчи. Белгилүү болгондой, Улуттук банк макроэкономикалык чөйрөдө кеңири багытта иш алып барат. Алсак, баалардын туруктуулугу, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактап туруу, банктык төлөмдөрдүн ишмердигин жакшыртуу жана башка кадамдарды жасоодо.

Улуттук банктын ишмердигине токтолгон көз карандысыз эксперттер Улуттук банктын акча саясатынын негизинде улуттук сом эң туруктуу валюталардын катарында тургандыгын айтышты. Кредиттердин үстөк пайызы төмөндөп, экономикадагы долларлашуу деңгээли кескин азайып жаткандыгын баса белгилешти.

ИННОВАЦИЯЛЫК ИЙГИЛИКТЕР

Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштерден улам акыркы жылдары калктын финансылык сабаттуулугу да жогорулап, насыя алууда кардарлардын жоопкерчилиги да өскөн. Адамдар мурдагыдай кредиттерди баш аламан ала беришпестен, аларды төлөө мүмкүнчүлүктөрүн жана жолдорун алдын ала ойлонуштуруу менен гана кредиттик келишимдерди түзө башташты. Ал эми мурдагыдай бир насыяны жабуу үчүн экинчи насыя алган кардарлардын жана андай учурлардын саны кескин азайган.
"2012-жылы карызгерлер тарабынан башка жактагы карыздарды жабуу үчүн алган кредиттер жалпы кредиттердин 30 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 17 пайызга түштү. Кредиттик портфель боюнча жалпы отчётту алсак, жакшы жакка жылыш бар экени байкалат",- дейт Микрокредиттик компаниялар ассоциациясынын башчысы Алишер Акбаралиев.
Анткен менен мындай жагымдуу көрүнүштөр дайыма эле кезиге бербейт. Маселен, 2014-2015-жылдары валюталык рыноктогу абалды жөнгө салуу үчүн Улуттук банк бир нече иш-аракеттерди кабыл алган. Казак теңгесинин биринчи девальвациясынан кийин анын 23-24 пайызга түшүп кеткендигине токтолгон "Чанг Ан" инвестициялык банк ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Заир Чокоев: "Улуттук банктын тарыхында 2014-2015-жылдагыдай жагдай валюталык рынокто болгон эмес. Улуттук банктын ошол учурдагы ишин баса белгилеп коюшубуз керек. Абалды жөнгө сала алды. Натыйжада валюталык рынок стабилдүү, ал тургай улуттук валютанын бекемделиши байкалууда",- деп билдирди.
Мындай оор жолду басып өтүү Улуттук банк үчүн чоң тажрыйба болуп калды. Азыркы тапта заманбап технологиялардын өнүгүшү менен бирге заманбап төлөм системасын киргизүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Алсак, 2016-жылы Улуттук банк "Элкарт" улуттук төлөм системасынын чип менен төлөм карталарын ишке киргизди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 38 төлөм системасы бар. Алардын ичинен он жетиси эл аралык. Учурда өлкө боюнча 1,6 миллион банктык төлөм картасы жана 300дөн ашуун банкомат иш алып барууда. Бардык бюджеттик уюмдар маянаны төлөм карталары менен берүүгө өткөрүлгөн.
Ошондой эле 25 коммерциялык банк 18 интернет банкинг, 7 мобилдик банкинг кызматын көрсөтүп башташты. Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын операторлор жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Султаналиевдин маалыматы боюнча, электрондук акчалар да көп колдонула баштаган. Бул багытта 6 коммерциялык банк лицензия алып, "Элсом", "Мобильник" жана "Умай" электрондук капчыктары азыр активдүү иш алып барууда. Электрондук капчык дагы бир кыйла өнүгөрүнө ишеним күч. Ал тургай жакынкы келечекте жалаң электрондук акчалар гана иштетилип калат деген идеалисттер да жок эмес.

ЕАЭБ ЖАНА БИРДИКТҮҮ ВАЛЮТАГА ӨТҮҮ МАСЕЛЕСИ

Кыргызстан 2015-жылдын август айында ЕАЭБге кирген. Бул экономиканын бардык тармагына өз таасирин тийгизбей койгон жок. Өлкө аталган интеграциялык шериктештикке кирген мезгил ЕАЭБдин нефть өндүрүүчү өлкөлөрүндөгү кризис учуруна да туш келгенин эске алуубуз зарыл. Ошого карабастан Кыргызстан бул оорчулукка туруштук бере алды.
Ошондой эле акыркы кездерде актуалдуу болбосо дагы интеграциялык алкакта бирдиктүү валютага өтүү маселесин айрым эксперттер айтып жүрүшөт. Албетте, учурдун актуалдуу маселеси болбогону менен, эртели-кеч интеграциялык алкакта бул маселе көтөрүлүп калуусу толук ыктымал. Конференциянын жүрүшүндө да бул маселе күн тартибине кирбегенине карабастан көтөрүлүп, талкууга алынды. Мында ар түрдүү сунуштар, пикирлер айтылганы менен, негизинен Кыргызстан үчүн бирдиктүү валютага өтүү эртелик кылат жана кооптуу деген тыянакка келишти.
Алсак, көз карандысыз эксперт Марат Султанов: "Эгерде биз ЕАЭБди сактап калабыз десек, шашылыштын кажети жок. Биз экономикалык жактан дагы өсүшүбүз керек. ЕАЭБге кирген өлкөлөр бардык жактан баланска жетишкенде гана бирдиктүү валюта киргизүүнү ойлонсок болот. Азырынча кирешени теңдеп, фискалдык саясат, капитал рыногундагы маселелерди чечпей туруп бул жөнүндө ойлонбой деле койсок болот",- дейт.
Ал эми Кыргызстан банктар ассоциациясынын башчысы Анвар Абдраев: "Мен бирдиктүү валютанын киргизилишине каршымын. Керек болсо 15 жылдык аралык да оптималдуу эмес. Салыштырмалуу бир кыйла өнүккөн Европалык бирликтин өлкөлөрүнүн тажрыйбасы да көп нерсени айтып турат. Бул маселеге аябай этияттык менен кайрылышыбыз керек. Улуттук банктын позициясы бул багытта туруктуу болушу зарыл",- деп билдирди.
Конференциянын жыйынтыгында мамлекеттик уюмдар, банк жана банктык эмес сектор жана төлөм уюмдарынын өкүлдөрү ортосунда өз ара алгылыктуу негизде кызматташып, тыгыз иш алып барууну улантуу чечими кабыл алынды.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан